ЖЕРДИ ӨЛҮК ТОПУРАККА АЙЛАНТЫП АЛБАЙЛЫК
- 31.03.2023
- 0
Акыркы жылдарда топурактын түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү кескин байкалууда. Айрыкча жердин табигый жаратылышынан айдоо жерлерине айландырган мезгилден бери жерди эс алдырбай, бир эле культуранын түрүн себе берген жана которуштуруп айдабай жаткан жерлерде абал курч. Жер арыктады, чарчады.
1992-жылдын 27-октябрында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган. 2009-жылы аталган айыл аймагындагы Кадыркул Чекиров атындагы орто мектебин артыкчылык аттестаты менен аяктап, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун география, экология жана туризм факультетин 2014-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, ошол эле жылы Бишкек шаарындагы Б.Алымов атындагы №39 мектеп-гимназиясында алгачкы педагогикалык ишмердүүлүгүн баштаган. 2015-жылы Бишкек шаарындагы №39 орто мектебинде география мугалими болуп эмгектенген. 2019-жылдан баштап Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Миң-Булак айыл аймагындагы Досманбет Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясында география мугалими болуп үзүрлүү эмгектенүүдө.
Баба дыйкан жаз келээри менен аймактарда айдап-себүү иштерин жүргүзөт. Айыл чарба иштери башталгандан кийин топурак адатынча болгон күчү менен өзүндөгү азык затты өсүмдүккө бергенге аракет кылат. Мындай процесс жылдан-жылга жүрүп олтуруп жер асылдуулугун жоготот. Бул көйгөй бүтүндөй айыл чарбасына маселе жаратат. Топурактын асылдуулугунун төмөндөшү, айыл чарба продуктыларынын санынын аз өндүрүлүп башташына да алып келет.
Изилдөөчүлөрдүн айтымына караганда, 2045-жылы азык-түлүк дүйнөлүк масштабта 40%га аз өндүрүлө баштайт. Ал эми калктын саны 9,2 млрд адамга жетет. Бул көрүнүштүн таасири эбегейсиз чоң, анын жанында дүйнөлүк согуш түккө да татыбай калары бышык. Бул деген 40% тамактын жетишсиздиги алты айда 1,7 млрд кишинин өлүмүнө алып келет дегенди түшүндүрөт.
Топурак бул – тоо тектеринин талкаланып, үбөлөнгөн майда бөлүкчөлөрү менен майда жаныбарлар жана микроорганизмдердин өз ара аракеттеги аралашмасынан турган жаратылыштын өзгөчө компоненти. Анын арасындагы боштуктарда минералдык бөлүкчөлөрдүн беттеринде суу (ным) жана тиричилиги аяктаган организмдердин калдыктары аралашып жүрөт.
Топурак адам баласынын ден соолугунун, тынчтыгынын, жыргалчылыгынын негизги фундаменти болуп эсептелет. Ал жер планетабыздагы тирүү жан көз каранды болгон негизги элемент. Адам баласы колдонгон азыктын, антибиотиктердин 95 пайызы топурактан алынат. Жаратылыштын элементи менен жашоо эриш-аркак ширелишип келген. Жашоосуз топурак жок, топураксыз жашоо жок.
Бир ууч топуракта 5-7 млрд микроорганизмдер жашайт. Биз ашказаныбыздагы тамакты микроорганизмдерсиз аш кыла албагандай эле, өсүмдүктөр, бак-дарактар топурактан микроорганизмдерсиз өздөрүнө керектүү заттарды сиңире алышпайт.
Топурактын минералдуулугу жоголсо анда өсүп жаткан өсүмдүктүн сапаты да төмөндөйт. Мисалга алсак, бул байлыгыбыздын асылдуулугунун төмөндөшүнөн улам АКШда жер-жемиш, мөмө-жемиштериндеги А витаминин 21 пайызга, С витаминин 30 пайызга, темирдин 37 пайызга, кальцийдин 27 пайызга төмөндөшүнө алып келген.
Топурактын жогорку 30-38 сантиметри планетадагы жашоонун 87 пайызына жооп берет. Учурда дыйкандар жерди 30-37 см тереңдикте айдоочу техниканы колдонуп, активдүү микробдорду күнгө ачык бойдон таштап коюп жатышат. Бул топуракка биз денебиздеги терибизди сыйрып күнгө чыккандай эле таасир калтырат. Ал ооруганынан кыйкырып жатат. Бирок аны уккан бир да жан жок.
Жер энебизди көлөкөдө кармоо максатка ылайыктуу. Биз күндөн калкалангандай эле топурактагы бактериялар жандыктар күндү жакшы көргөнү менен өтө ысып кетпеши керек. Ошон үчүн мүмкүн болушунча мөмө-жемиш талдарын же бадалдарды өстүрүү керек. Же болбосо айдоо жерлерге беде өсүмдүктөрүн себүү жакшыраак.
Нормалдуу айдоо жерде органикалык заттардын үлүшү 3-6 пайызды түзүшү керек. Бул минималдык эң төмөнкү чеги, бул чектен өткөндө топурактын асылдуулугу жок болуп, өлүк топуракка айланат. Мисалы, жөнөкөй эле кумду алалы. Кумга органикалык минералдык заттарды кошуп койсок кадимкидей күрдүү топуракка айланат. Ушул эле учур тескерисинче болуп жатпайбы. Андан керектүү азык заттарды алып салсак кум эле калып, айыл чарба айдоо жерлери толугу менен кумга айланып, жок болуп кетиши ыктымал маселе. Таш-кумда тамак-аш өспөйт. Бул асыл кенибизди укум-тукумга сапаттуу түрдө өткөрүп беришибиз абзел.
БУУнун статистикасына караганда, айыл чарба топурактары бизге 80-100% түшүм алууга жетет. Бул 40-50 жылдан кийин азык-түлүктүн жетишсиздиги деген маселе келип чыгышы мүмкүн дегенди түшүндүрөт. Түшүмдүү жерлерди талашуу согушу келип чыгат. Башаламандык башталып, ачкачылыкта адамзаты адамгерчилигин жоготуп, тамак-аш талашып айбанга айланышат. Согуштун мындай кырдаалында тилекке каршы, куралы күчтүү болгондор үстөмдүк кылып, башкарып алышы турган иш. Ансыз деле ачарчылыктан дүйнөдө минутасына 16-17 киши өлүп жатат. Бул илимий тастыкталган маалымат.
Топурак тирүү жан, ал өлсө жаратылыштын башка да компоненттери, анын ичинде биз, адам баласы өзгөрүүгө дуушар болобуз. Эгерде бул кырдаалды азыр жөнгө салып алсак, 15-30 жылдан кийин жакшы жыйынтыкка жетсек болот. Бул кыймылды 20-30 жылга кечиктирсек анда топуракты калыбына келтирүүгө 150-200 жыл убакыт кетет.
Топурактын асылдуулугунун жоголушунун бирден бир себеби биз андан алган органикалык заттарды кайра кайтарбаганыбызда. Түшүмүбүздү жыйнаганда дүмүрүн да калтырбай шыпырып жыйнап кетебиз. Бул мезгилде топурак керектүү элементтеринен арылат. Мисалы, Талас жергесинде төө буурчакты түп-тамырынан бери жулуп алып малга тоют кылышат. Тамырдагы азот топтоочу түймөк бактериялар абадагы бош азотту өзүнө сиңирип алып, топуракты азот менен байытмак.
Бардык нерсенин табигый болгону жакшы. Жер энебизди химиялык заттар менен уулантып алсак, анда бизге берген азык-түлүгү да уу болот. Жер топурактын ден соолугу биздин ден соолугубуз менен түздөн-түз байланыштуу. Топуракка уу чачып биз аман болобуз деген ой жүгүртүү – бул караңгылык. Химиялык жер семирткичтер чынында жер арыктаткычтар. Бир- эки жолу түшүм бергенсийт, бирок көп узабай эле жер арыктап калат.
Үй жаныбарлары жана куштары багылган жерде алардын заңы топурак үчүн табигый жана пайдалуу жер семирткич болуп саналат. Ошондой эле Чалбада чогулган чөп сабактарды же жалбырактарды шыпырып өрттөбөй жерге бериш керек. Жалбырактар менен чөп сабактар жерде чирисе – бул топурактагы бактериялык жандыктар үчүн эң сонун.
Мындан сырткары майда жаныбарлардын болгону дагы жакшы. Алар топуракты аралаштырып, көңдөйчөлөрдү, боштуктарды түзүп алардын арасына абанын, суунун киришине шарт түзөт. Мисалы, сөөлжандар үзгүлтүксүз топуракты аралаштырып, өзүнүн денеси аркылуу өткөзүп, анын сапатын жакшыртат.
Топурак өсүмдүктөрдүн өсүү шарты, көп жаныбарлардын жана микроорганизмдердин жашоо чөйрөсү, дээрлик бүткүл айыл чарбасынын өсүп-өнүгүү базасы ж.б. Акырында ал элдин теңдеши жок байлыгы, ошого жараша коргоого, сарамжалдуу мамиле кылууга татыктуу.
Асанбек кызы Айтурган, Талас облусу, Бакай-Ата району, Миң-Булак айылы, Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясынын география мугалими
P.S.: Жакында Талас облусунда болуп өткөн «Жылдын мыкты мугалими – 2023» сынагынын райондук этабында 2-орунду ээледи.
Комментарийлер