«АРТЕК-2017» КОНКУРСУНДА ЖЕҢГЕН АВТАНДИЛ НАЗАРКУЛОВ

  • 13.12.2017
  • 0

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылындагы А. Арыстанов орто мектебинин орус тили жана адабият мугалими Назаркулов Автандил 2017-жылдын апрель  айында орус тили боюнча өлкө арасында «Артек- 2017» тандоо туруна катышты. Бул конкурста  64 өлкө катышып, финалга  19 өлкө жолдомо алып, анын ичинде Кыргызстандан барган Назаркулов Автандил катышты. 

"АРТЕК-2017" КОНКУРСУНДА ЖЕҢГЕН АВТАНДИЛ НАЗАРКУЛОВ

Бул конкурска төмөндөгү өлкөлөрдөн да мугалимдер барган: Египет, Палестина,  Австралия, Казакстан, Австрия,Украина,Сербия, Италия,, Франция, Румыния, Чехия, Өзбекстан, Кытай, Кыргызстан, Вьетнам, Монголия, Индия, Грузия, Беларусь.

2017-жылдын август айында финалга чыккан катышуучуларды өлкө арасындагы «Артек» балдар борборуна финалга чакырышкан. 25-августта конкурстун жеңүүчүлөрүн аныкташты. Жыйынтыгында Кыргызстандан барган Назаркулов Автандил агайыбыз байгелүү орунга ээ болуп, мугалимдердин арасында конкурстун лауреаты деген диплом менен сыйланды. Жеңүүчү катары квалификациясын жогорулатуу үчүн Пушкин Институтунан сертификат берилди.

Мындан сырткары агайыбыз 2014-жылдан бери Талас областы боюнча орус тили жана адабият мугалимдер уюмунун жетекчиси болуп келатат. Ушул эле 2014-жылы Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында КМШ мамлекеттеринин ортосунда V фестивалда «Пушкинское лето» фестивалына Талас областынын командасынын жетекчиси болуп барып, 3-байгелүү орунга ээ болгон.

"АРТЕК-2017" КОНКУРСУНДА ЖЕҢГЕН АВТАНДИЛ НАЗАРКУЛОВ

Агайдын чечкиндүү кадамдарынан, талыкпас эмгенинин натыйжасында ийгиликтин сырлары ачылды деп ойлойм. Анткени, адамды жакшы кылган эмгек. Тубаса гений төрөлбөйт, генийди эмгек жаратат. Туура эмгектенүү үчүн, убакытты туура пайдалана билүү кажет. Агайда мына ушул тактыгы, кесибине болгон урматы, салмактуу сүйлөгөнү, оор басырыктуу мүнөзү ишине болгон жоопкерчилиги анын чыныгы мугалим экендигинен кабар берип турат.

Ооба, «Мугалим чоңдор үчүн да, кичинелер үчүн да мугалим болуп кала бериш керек» -деп убагында залкар жазуучубуз Ч.Айтматов туура айтып кеткен. Сөз кылып жаткан агайыбыз, Назаркулов Автандил, асыл кесипти аркалаган, бала окуткан айылдык жөнөкөй мугалим. Кең-Арал орто мектебинде орус тили жана орус адабиятынын мугалими болуп эмгектенип келет. Талыкпаган,түйшүктүү эмгек жолунда агай сабакты окутуунун жана балдарды тарбиялоонун ийгилик-кемчиликтерин, алардан чыгуу жолдорун, башкача айтканда, педагогикалык маселелерин коллективге ар дайым сунуштап, ою менен бөлүшүп келет.

Бир эле коллективге эмес, жалпы районубузга, облусубузга үлгү болуп, жол көрсөтүп, мугалимдик кесиптин күнгөй-тескейин жыргал- кууралын туюнтуп келет. Белгилүү адабиятчы Бектурсун Алымов айткандай, «…Атаганат, скульптор болсом, анда насили каухар да, мрамор да, алтын да эмес, башка бир белгисиз асыл заттан тээ алда кайдан көрүнө тургандай кылып, мугалимдин эстелигин орнотоор элем…»

Конкурстун жыйынтыгында Пушкин Институтунун деканы Елена Павличева жана методикалык комиссиянын жетекчилери конкурска келген ар бир мугалимдин иш жөндөмдүүлүгүн жогорку деңгээлде экендигин баса белгилешти. Вебинарды жыйынтыктоо күнү уюштуруу комитети жана калыстар тобу бардык катышуучуларга орус тилин чын ниеттен окуткандарына, ага болгон кызыгууларын арттырууда сиздердин салымыңыздар зор деп баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

«Пушкин Институтунда орус тилине, маданиятына байланышкан көптөгөн иш-чаралардын болуусу бизди кубандырат. Алдыда бизди дагы бир топ конкурстар күтүп турат. Баарыныздарга келечекте мындан аркы орус тилин окуп үйрөнүүдө көптөгөн ийгиликтердин жана жеңиштин үстүндө жүрүшүңүздөргө тилектешмин»- деп сөзүн жыйынтыктады.

Чындыгында устат деген наамга ар ким эле татыктуу боло бербейт. А мен агайды устат деп коркпой айтаар элем. Бар болуңуз, Автандил агай, өзүңүздөй шакирттериңиз көп болсун!

Керимбаева 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер