ЖАЗЫКСЫЗ АТЫЛГАН АЛГАЧКЫ АГАРТУУ ЭЛ КОМИССАРЫ, ТУҢГУЧ РЕДАКТОР
- 21.10.2024
- 0
Кыргыздын төл гезити “Эркин Тоо” (азыркы “Кыргыз Туусу”) бир кылымдык мааракесин белгилөөнүн алдында турат. Айрым тарыхчылар өзүнүн аталышы менен “Эркин Тоо” адеп жарык көргөндө кылымдар бою эркиндикти эңсеген элдин мүдөөсү, үнү, үмүтү катары кабыл алынганын жазышат. Кеп кезеги 1930-жылдары сталинчил режимдин жазалоолорунун айынан жазыксыз мерт кеткен Кыргыз АССРинин агартуу эл комиссары, кыргыздын туңгуч гезитти “Эркин Тоонун” алгачкы редактору, журналист Осмонкул Алиев тууралуу болмокчу.
Кыргыздын туңгуч гезити “Эркин Тоонун” алгачкы саны 1924-жылы 7-ноябрда Ташкент шаарынан чыккан. Улут тилиндеги алгачкы басма сөз ал жердеги азганакай чыгармачыл топтун аракети менен жарык көрүп, алты номуру чыккан соң, редакция ошолу учурдагы Пишпек, азыркы Бишкек шаарына көчүп келген экен.
Тун гезит “Эркин Тоонун” аты да бир нече ирет өзгөрүлүп, большевиктик кысым күчөй баштаган чакта “Кызыл Кыргызстанга”, кийин “Советтик Кыргызстанга”, эгемендик заманда “Кыргыз туусуна” айланды.
«Эркин-Тоо» – кыргыздын мектеби, университети, академиясы десек жарашат. Бул жерден академиктер, жазуучулар, тарыхчылар, профессорлор өсүп чыккан.
Тун гезитти туурга кондурган Осмонкул Алиев
Кыргыз журналистикасынын тарыхында Осмонкул Алиев “Эркин Тоонун” биринчи редактору болгон. Анын тагдыры да башка курбалдаштарындай кандуу жазалоого туш келип, 35 жашында репрессияга кабылып, коммунисттик бийлик тарабынан атып жок кылынган.
Осмонкул Алиев 1903-жылы Сары Өзөн Чүйдүн батыш тарабындагы азыркы Жайыл районундагы Чолок-Арык айылында төрөлгөн. 1938-жылы Бишкекте атууга кесилип, сөөгү Чоң-Ташка жашырылганы кийин гана анык болуп, 1991-жылы июлда табылган 137 кыраандардын катарында ошол жылы 30-августта “Ата-Бейитке” сөөгү арууланып коюлуп, дайыны такталган.
Балтыр эти толо элек өспүрүм кезинен билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, ал орус-тузем мектебинде окуган. Кийинчерээк билимге дилгир улан окуусун ал кездеги Олуя-Ата азыркы Тараз шаарында улантып, 1919-1922-жылдары Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтун бүтүргөн алгачкы кыргызстандыктардын бири болгон. Аны аяктагандан кийин партиялык-комсомолдук иштерге аралашып, билимдүүлүгү, уюштуруучулук жөндөмү бааланып,1924-жылы Орусия коммунисттик жаштар союзунун Кыргыз облустук комитетинин биринчи катчысы кызматына көтөрүлгөн.
Ушуга улай ал кездеги облустук партиялык жетекчилердин сунушу менен жаңыдан чыкчу “Эркин Тоо” гезитине редакторлукка дайындалып, бул иште эки жыл, андан соң дагы бир жаңы чыкчу “Коммунист” журналына редакторлукка дайындалган.
1927-жылы Москвадагы коммунисттик университетте окуп, аны бүтүрүп келгенден кийин аткаруу бийлигинин жооптуу кызматтарында, партиялык жетекчиликке көтөрүлүп, жигердүү иштеп жатканда 1937-жылы Кыргызстандын Эл агартуу комиссары болуп иштеп жаткан кезинде камакка алынып, бир жылга жакын созулган адам чыдагыс кыйноолорду баштан кечирип, 1938-жылы 5-ноябрда атылган.
Миллиондогон бейкүнөө адамдардын катарында Осмонкул Алиевдин атылып кетишинин себептерин белгилүү окмуштуу, Билим берүү экс-министри Ишенгүл Болжурова мындайча боолголойт.
— Биринчиден, бул коммунисттик партияга баарын баш ийдирүү. Экинчи жагынан, булар Тоо облусу деп да чыккандыгы кооптондурган. Бул Москваны бираз чочулатып койгон. Буларга кичине эркиндик берип койсок башаламандык болуп кетет деген, улутчулдук деген дооматтар коюлуп, жалган жалаалар жабылган. Ошон үчүн ошол учурдагы өкүмзор бийлик 1930-жылдары кыргыз интеллигенциясынын маданий, чарбалык-партиялык ишмерлердин эң мыктыларынын көзүн тазалап, жалаң Москванын гана көзүн карап, ошонун айткан-дегенин илгиртпей аткарууга көнгөн кошоматчыларды гана калтырган, -дейт Ишенгүл Болжурова.
Кыргыздын жалпы улуттук тун гезитинин редактору Осмонкул Алиев басылмага жалаң партиялык же чарбалык темадагы гана материалдарды жарыялабастан, маданий, агартуучулук багытты көздөгөн макалаларга арбын орун берген. Гезит алгачкы жылдары нукура элдик басылма катары чыккан. Анда жаңыдан бутуна туруп келаткан кыргыз мамлекетинин коомдук-саясий, маданий турмушундагы күндөлүк окуялары, жаңылыктар, көпчүлүктүн көйгөйүндө турган маанилүү маселелер козголгон. Эң башкысы, ошол учурда китеп дээрлик жок болуп, бул гезит китептин да ролун, милдетин аткарган. «Эркин-Тоонун» беттеринде азыр дагы актуалдуу болуп турган темаларды жазышкан экен. 1925-жылы 16-февралдагы 6-санында «Кыргыз өлкөсүндө кыргыз тили болсун» деп жазышкан. Мындайча айтканда, мамлекеттик тил өнүксүн дегени да. Гезиттин алты саны Ташкентте араб тамгасында жарык көрсө, жетинчисинен тарта Пишпектен чыга баштаган. Гезиттин ролу чоң болгон – элдин аң-сезимин калыптандырган.
Алгачкы гезит 24 тамгадан, ага кошулуп үч тамганын ордуна кыбачы белгиси коюлган араб алфавитин кыргыз эли 1929-жылга чейин колдонуп, андан 1940-жылга чейин латын тамгасын урунган.
1930-жылдары өзгөчө күчөгөн сталиндик репрессиялардан кийин улуттук автономиялардын текши баары бир борборго бириктирилип, Москвадан башкарылып, маданий өз алдынчалыктын бир белгиси катары чыккан алфавит маселеси да мурдагыдай ачык-айкын талкууга салынбай, 2-дүйнөлүк согуштун экинчи жылы кыргыз эли кирил жазуусуна өткөн.
Ага чейин атына заты жарашкан эркиндик маанайын баарынан жогору койгон гезиттин аты өзгөрүлүп, “Кызыл Кыргызстан” атына көчүп, басылма “эл душмандары” менен троцкийчилерге, бухаринчилерге, улутчул-буржуазиялык “элементтерге” элдешкис сокку урган кандуу бийликтин каардуу идеологиялык куралына айланына тарых күбө.
Айтылуу илимпоз, сталиндик репрессиянын азабын эки ирет тартып, опсуз азап-тозоктордон аман калган ири окумуштуу Зыяш Бектеновдун мурдакы эскерүүлөрүндө, “Эркин Тоо” деген ат гезитке 1924-жылы Ташкендеги кара кыргыз илим комиссиясынын мүчөлөрү Ишеналы Арабаев, Базаркул Данияров, Касым Тыныстановдордун демилгеси менен берилген.
“Ошол илимий комиссия өз ара акылдашып отуруп, газетага «Эркин Тоо» деген атты ыйгарышып, ал кат ЦК ВКП(б)нын Орто Азия бюросу тарабынан бекилет,— деп жазган маркум окумуштуу Зияш Бектенов.
— «Эркин Тоо» газетасынын биринчи номуруна Ишеналы Арабаевдин «Эркин Тоо» аттуу көлөмдүү макаласы жарыяланган. Ишеналы ал макаласында газетанын атын эмне үчүн «Эркин Тоо» деп койдук деген суроого жооп берген.
Макаланын кыскача мазмуну төмөнкүдөй: Эзелтен бери кыргыз элинин Мекени – Ала-Тоо, Тянь-Шань болгон. Саргарып, зарыгып алдыдан күткөн үмүтү – эркиндик, теңдик болгон. Мына эми, кыргыз элинин көптөн күткөн эркиндиги өз колуна тийип, эрктүү автономиялуу облус, өзүнчө мамлекет болуп, түтүн булатып отурат. Ошондуктан, газетанын атын «Эркин Тоо» койдук. Эми «Эркин Тоону» колуңардан чыгарбай, мунун бетине арыз-муңуңарды жазып тургула.
«Эркин Тоонун» жооптуу редакторлугуна Ташкендеги казак, кыргыз эл агартуу институтун 1923-жылы бүтүргөн Осмонкул Алиев, жооптуу катчылыгына Сыдык Карачев дайындалат. Сыдык ошого чейин Алма-Ата, Ташкент шаарларында татар жана казак тилдеринде чыгып турган «Көмөк», «Тилчи» аттуу газеталарга ыр, аңгемелерди үзбөй жазып келген белгилүү акын-жазуучу жана басма иши менен жакшы тааныш болгон. Алгач газетада төрт гана киши иштеген: адабият кызматчылары – Кусейин Карасаев, Мустафа Акматов (акыркы экөө – Ташкенттеги казак, кыргыз эл агартуу институтунун негизги класстарынын окуучулары) болгон. «Эркин Тоо» газетасынын биринчи саны 1924-жылдын 7-ноябрында жарык көрүп, ал санга Аалы Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» аттуу ыры басылган”.
Ошентип өз эне тилинде басма сөздүн болушуна дилгир кыргыз жаштардын аракети менен Ташкентте араб арибиндеги кыргызча гезит чыгып, анын кабарчылары ал жерде окуган студенттер менен туңгуч кыргыз акын-жазуучулары болушкан. Бул иштин башында Осмонкул Алиев (1903-1938) турганы анык.
Анын кыргыз басма сөзүнүн жаралышы, телчигип өнүгүшүнө кошкон салым кошконун белгилүү журналист, “Советтик Кыргызстан” гезитинин башкы редактору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тилектеш Ишемкулов мындайча белгилейт.
— Ошол учуруда 1924-жылы Түркстан автономиясы өз алдынча республикаларга бөлүнө баштаган чакта Кара Кыргыз автономдүү облусу түзүлүп атпайбы. Ал кезде кыргыздын гезити тургай китеби, алфавити жок кез болгон учур эле да. Бирок ошондо эле татарча, казакча гезиттер чыгып турган экен, мына ошонун үлгүсүнө салып, кыргыздын басма сөзүнүн башаты болгон “Эркин Тоону” чыгарышкан. “Эркин Тоо” деген атты Ишеналы Арабаев койгон экен.Ошол Ишеналы Арабаев, Осмонкул Алиев, Сыдык Карачев, Кусейин Карасаев, Мустафа Акматов деген кыргыз үчүн күйүп жанган, мекенчил инсандарбызы ошенитип алгачкы гезитти чыгарышкан.
Осмонкул Алиев абдан уюштургуч киши болгон экен. Журналист кадрларды, жазганга тажрыйбалуу жазгычтар жок деп Сыдык Карачевди атайын Караколдон алдырган дешет. Корректор болуп берсин деп Ташкентте окуп жүргөн Мустафа Акматовду алдырат. Ошол жерде агартуу окуу жайында окуп жүргөн Кусейин Карасаевди бул ишке тартат. Ташкентте окуп жүргөн кыргыздын алгачкы интеллигент жаштарына атайын тапшырма берип жаздырган. Ал кезде редакторлор бат-бат эле алмашылып турган. Алардын негизги иштери башка жерде болгон. Алардын дээрлик көпчүлүгү партиялык, комсомолдук, советтик кызматкерлер болушкан. Ошол эле кезде редакторлук милдетти да аткарышкан.
Осмонкул Алиев “Эркин Тоого” 1924-жылдан 1926-жылга чейин алты жолу редактор болгон киши. Кийин Москвага барып, Борбордук комитетке караштуу коммунисттик партиянын университеттен билим алган. 1930 – 31-жылы Кыргызстандын эл агартуу комиссары болгон, Борбордук комитетте жооптуу кызматтарда иштеген. Бул кишинин болгон күнөөсү – Жусуп Абдыракмановдун шакирттеринин бири болгон, жанында жүргөн. 1923-жылдан тартып «Социал-туран партиясына мүчө болгон» деген айып менен 1938-жылы атылып кеткен. Баштооч гезит университеттин, академиянын милдетин аткарган. Осмонкул Алиевдун бул иште эмгеги зор,-дейт Тилектеш Ишемкулов.
Агартуу эл комиссарынын агасын да жок кылышкан
Осмонкул Алиев Москва шаарына барып, Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу Комитетинде (ВЦИК) Кыргыз өкмөтүнүн туруктуу өкүлү болуп иштейт, андан кийин Коммунисттик университетке кирип, билим алган.
Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Кыргыз АССРинин агартуу эл комиссары болуп иштейт. Бул кызматта үч жыл иштегенден кийин ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун катчысы болуп дайындалып, андан соң ВКП(б)нын Борбордук бюросуна бөлүм башчынын орун басары болуп иштөөгө жөнөтүлгөн. 1935-1936-жылдары партиянын Ош райондук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.
1937-жылдын январында ал кайрадан республиканын агартуу эл комиссары болуп дайындалган. Осмонкул Алиев В.И.Лениндин алты томдугун кыргыз тилине которуу боюнча редакциялык комиссиянын мүчөсү болгон.
Ошентип, 1930-жылдары Осмонкул Алиевге да улутчул, Социал-туран партиясына мүчө болгон деген айып коюлган. Социал-туран партиясынын контрреволюциялык ишине баа берип, анын жетекчилерин эркинен ажыратуу 1934-жылы башталган. А. Сыдыков, Б.Солтоноев, С. Курманов, Т. Сопиев жана башкалар ошол кезде эле алды он жылга, арты беш жылга эркинен ажыратылып, алыскы Сибирге сүргүнгө жиберилген, бир өкүлү атууга өкүм кылынган. Социал-туран партиясынын үстүнөн болгон биринчи саясий репрессия ошону менен эле токтолуп калбастан, 1937–38-жылдары камакка алынган жетекчилердин баарына эң оор жаза — атууга өкүм кылынган. Осмонкул Алиевге Социал-туран партиясына мүчө болгон, аскердик төңкөрүш жасоого аракеттенген деп айып коюлган.
-Осмонкул Алиев жана анын бир тууган агасы, менин чоң атам Асан Алиев да мына ошол массалык курмандыктардын бири болуп атылып, сөөгү кайсы жерге жашырылганы арадан жарым кылым өткөндөн кийин ачыкка чыгып, Кыргызстан эгемендик алган жылдары толук акталган. Менин чоң атамдын иниси Осмонкулдун сөөгү Чоң-Ташка жашырылганы кийин гана анык болуп, 1991-жылы 30-августта “Ата-Бейитке” сөөгү арууланып коюлган. Анын эмгеги учурунда бааланбай, артында тукум калбай калганы өкүнүчтүү. Ошондой эле ал тууралуу тартылган “Первый” деген даректүү тасманы да архивден, кино студиялардан таба албай убара болуп жүрөм. Ал эми Осмонкулдун агасы, менин чоң атам Асан Алиев кыргыздын алгачкы кесипкөй аскер ишмери болгон. Ал Кыргызстандын улуттук атчандар кавалериялык дивизиондунун комиссары болуп, өлкөбүздө аскер адистерин даярдап, совет бийлигин орнотууга, Мекенди коргоого зор салым кошкон. Кийин аскердик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган, эл душманы деген жалаа жабылып, иниси Осмонкулдан мурда атылып кетип, чоң энебиз беш баласы менен жесир калган экен. Чоң энем дагы Чоң Чүй каналын казуу учурунда келте оорусу менен каза болуп, беш баласы жетим калат. Балдардын улуусу менин атам Аскар эл душмандын уулу делип, куугунтукка алынган. Атам доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен бирге Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунда окуган жогорку билимдүү болсо дагы Нарын облусунда мал догдур болуп иштеп, кийин гана Чүйгө көчүп келген. Учурда атамдын бир туугандарынан Искара деген эжем гана тирүү , -дейт Осмонкул Алиевдин бир тууган агасы Асандын небереси, футбол боюнча Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген машыктыруучу Ниязбек Алиев.
Учурда Осмонкул Алиев туулуп, өскөн Жайыл районундагы Чолок-Арык айылындагы мектепке ысымы ыйгарылып, Бишкек шаарындагы бир көчөгө аты берилген.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Кут Билим»
Комментарийлер