ЖАТАКАНАДАГЫ «ПСИХОЛОГИЯ ЖУМАСЫ»

  • 27.11.2023
  • 0

2023-жылдын 20-ноябрынан 25-ноябрына чейин профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин жатаканасында «Психология жумасы» болуп өттү. 

ЖАТАКАНАДАГЫ "ПСИХОЛОГИЯ ЖУМАСЫ"

Бул жумада окуучуларга жагымдуу маанай тартууланып, окуучуларды ынтымакка, биримдикке чакыруу  ниетинде, бири-бири менен бир максаттын үстүндө биргелешип иштөө ыкмалары үйрөтүлдү.
Жумалыктын ар бир күнү окуучулар үчүн эсте каларлык болду. Мисалы, Дүйшѳмбү “Комплимент күнү”, Шейшемби «Кечиримдүүлүк күнү», Шаршемби «Сезим күнү», Бейшемби «Жагымдуу энергия жана кучакташуу күнү», Жума «Сүйүү күнү»  деп аталып, анда тарбиячы Н.Борсокбаеванын 5-7-класстардын кыздары  “Жылмаюу – ийгиликтин кадамы”,  тарбиячы Г.Сулейманованын 8-9-класстагы окуучулары “Жатакана – окуучулардын кѳзү менен”,  тарбиячы З.Калилованын 5-7-класстагы тарбиялануучулары «Жагымдуу ой-жан дүйнѳнүн азыгы”, тарбиячы  Г.Шейшеналиеванын 8-11-класстардагы балдары “Толеранттуулук жан дүйнѳбүздѳ жана жүрѳгүбүздѳ”,  тарбиячы А.Жунушалиева жооптуу болгон 10-11-класстар “Баарыбыз ар башкабыз, бирок баарыбыз биргебиз” деген темадагы дубал гезиттерди даярдашып, көрүүчүлөрдүн назарына коюшту.

ЖАТАКАНАДАГЫ "ПСИХОЛОГИЯ ЖУМАСЫ"

Г.АСАНКАДЫРОВА, Бишкек шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер