ЖАШЫЛ КӨНДҮМ – УЧУРДУН ТАЛАБЫ
- 17.12.2024
- 0
Ысык-Көл облустук билим берүү институтунда 2024-жылдын 2-13-декабрга чейин ”Жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу” боюнча класс жетекчилер үчүн 72 сааттык курс болуп өттү.
Маалыматка ылайык, бул курста угуучулар жашыл көндүм ар бир инсан үчүн учурдун талабы жана Президент С.Жапаровдун “Климаттын өзгөрүшү”, “Жашыл мурас” программасы ар бир кыргызстандыкка жасаган чакырыгы экендигин билип, окуп үйрөнүштү.
Жыйынтыгында Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинетинин усулчусу Дамира Арунова “Жашыл көндүмдөр — учурдун талабы, чакырыктар, трансформация жана жаңы горизонттор” деген темада семинар-тренинг өткөрүп, мугалимдердин билим куржунун жаңы маалыматтар менен толуктап берди.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер