Жаш жаратмандар

  • 23.08.2024
  • 0

И. Арабаев атындагы КМУнун бүтүрүүчүлөрү Сопубекова Роза менен Асыранкулова Бегайым “Заманбап мугалим” долбоорунун жеңүүчүлөрү. Алар эки жыл Аламүдүн районундагы мектептерде иштешет. 

Жаш жаратмандар

«Заманбап мугалим» — бул өлкөбүздүн келечегине салым кошууга ынтызар адистерди, келечектеги жаратмандарды өзүнө тарткан билим берүү программасы.

Ормонбек Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинин директору Гүлнара Мамбетиманова өзүнүн мектебиндеги мугалим жетишсиздигин ушул долбоор менен чечкен. Облус боюнча долбоорго катышкан кырктан ашык мектептин арасынан тандалып алынган.

Жаш жаратмандар“Биздин мектепке беш жаш адис келип иштейт. Алар математика, физика, информатика, кыргыз жана орус тилчи мугалимдер. Азыркы учурда аймактын мектептери заманбап, таланттуу жана шык бере алган мугалимдерге абдан муктаж, биз бул мугалимдерден чоң өзгөрүүлөрдү, жаңылыктарды күтүп жатабыз. Бардык жактан колдоо көрсөтүп, жатаканасынан бери даярдадык. Келечекте биздин мектеп жагып калса, калабыз деген ойлору бар”, – деди директор.

Мектеп бул жаш адистерге шарт гана түзбөстөн, насаатчы бөлүп берип, эки жыл ичинде мугалимдик кесиптин бардык сырларын үйрөтөт.

“Заманбап мугалим дайыма өнүгүүдө болот”, – деген кыргыз тилчи мугалим, долбоордун катышуучусу Роза Сопубекова программа менен жай мезгилинде бир ай окуп, билимин тереңдеткен. Буга чейин Сокулуктагы Орок мектебинде башталгыч класстарынын мугалими болуп бир жыл эмгектенген. Эми Ормонбек Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинде эки жыл иштеп берет.

“Ар дайым изденүүнү каалагандыктан бул программаны тандап, ушул мектепке туш болдум. Мага жакканы, тажрыйба гана топтобостон, эки жыл аралыгында магистратураны да аяктаганга мүмкүндүк бергени”, – дейт жаш адис.

Жаш жаратмандар

Жаш жаратмандар

Ал эми “Аманат” Октябрь мектебине бөлүнгөн Бегайым Асыранкулова бул долбоорду өзүн башка жактан көргүсү келген, педагогикалык көндүмдөрүн ар тараптан жогорулаткысы келген мугалим үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк дейт.

Айтымында, заманбап мугалим – окутуу менен бирге, окуучунун дараметин, талантын, шыгын өрчүтүп, жаратманды даярдоосу керек. Бала менен дос болуп, тил табыша билген гана мугалим алга сүрөп, багыт бере алат. “Биздин миссия — ар бир окуучунун дараметин өнүктүрүүгө жардам берүү”, – дейт.

Бул жаш адистерди Аламүдүн районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы педагогдордун август конференциясында куттуктап, белектерин берип, мектептен кетпей шыктанып иштөөгө чакырды.

Аламүдүн райондук педагогдордун август конференциясы үч күнгө созулат жана ал тажрыйба алмашуу аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, билим берүүнү системалуу трансформациялоону ишке ашыруу, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана инклюзивдүүлүгүн, ошондой эле формалдуу билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги мугалимдердин кесиптик квалификациясын, компетенттүүлүгүн камсыз кылуу максатында өтүп жатат.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер