ЖАШ ОКУМУШТУУЛАР СЫЙЛАНДЫ

  • 23.12.2024
  • 0

20-декабрда  жаш окумуштуулардын арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды. Сыйлыкты Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу тапшырды.

ЖАШ ОКУМУШТУУЛАР СЫЙЛАНДЫ

Сынак окумуштуулук даражасы бар же жок экендигине карабастан 35 жашка чейинки жаш изилдөөчүлөрдүн жана окумуштуулардын арасында үч номинация менен өткөрүлдү: «Жылдын эң мыкты илимий макаласы», «Жылдын эң мыкты инновациялык социалдык долбоору», «Жылдын мыкты жаш окумуштуусу».

Министрликке жалпасынан 36 өтүнмө келип, алардын ичинен сынак коммиссиясынын сунушу менен 8 киши жеңүүчү болду.

«Жылдын эң мыкты илимий макаласы» номинациясы боюнча:

1-орун — Асилбеков Кыязбек Асилбекович, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун илимий кызматкери;

2-орун — Жапаралиев Шербол Жапаралиевич, Ош мамлекеттик университетинин ага окутуучусу;

3-орун — Окенов Арстанбек Окенович, Гент университети (Бельгия) PhD программасынын студенти.

ЖАШ ОКУМУШТУУЛАР СЫЙЛАНДЫ

«Жылдын эң мыкты инновациялар социалдык долбоору» номинациясы боюнча:

1-орун — Шайымбетова Алтынай Рысбековна, Кыргыз-Россия Славян университетинин ага окутуучусу;

«Жылдын мыкты жаш окумуштуусу» номинациясы боюнча:

1-орун — Дуулатов Элдияр Сапарбекович, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун улук илимий кызматкери, геология илимдеринин кандидаты;

2-орун — Абдирасулова Жайнагуль Абдирасуловна, Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медициналык факультетинин окутуучусу;

3- орун — Алишер кызы Салтанат, Ош мамлекеттик университети жана Эрнисова Айгерим Эрнисовна, Кыргыз-Россия Славян университетинин ага окутуучусу.

ЖАШ ОКУМУШТУУЛАР СЫЙЛАНДЫ

1-орунга ноутбук (MacBook), 2-орунга уюлдук телефон (iOS), 3-орунга планшет (iOS) тапшырылды.

Белгилей кетсек, сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Маалымат кызматынын сунушу менен илимге жаштарды тартуу, жаш изилдөөчүлөрдү колдоо, таануу максатында биринчи жолу өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер