ЖАШ МУГАЛИМДЕРДИ МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КАНТИП КОЛДОЙТ?

  • 22.08.2023
  • 0

Мектеп директорлорунун маянасы көтөрүлөт деген абдан жакшы жаңылыкты угуп сүйүндүм. Эми алар өз жумушун мурдагыдан жакшы аткарат деп үмүттөнөм. Алардын негизги милдеттеринин бири — жаш мугалимдерди колдоо. Бул тема боюнча Гүлмайрам Жанболотова экөөбүз жазган макаланы окуп, оюңуздарды айтыӊыздар.
Дүйшөн Шаматов, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору

ЖАШ МУГАЛИМДЕРДИ МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КАНТИП КОЛДОЙТ?

Сүрөттө: 2021-жылы мыкты мугалим деп таанылган Оштогу №52 “Кыргыз-Түрк достугу” мектеп-лицейинин 27 жаштагы мугалими Илгиз Шамырзаев  https://turkic.world/kg/articles/other/7394

Жаш мугалимдер мектептеги алгачкы мезгилдерде көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат. Алардын алгачкы тажрыйбасы кесиптик өсүү жолундагы эң кыйын учур катары сүрөттөлөт (Буллоуг, 1997). Ушул мезгилде алар көбүрөөк колдоого муктаж (Уоткинс, 2005). Эгерде жаш мугалимдерге тийиштүү колдоо көрсөтүлсө, алгачкы татаал мезгилден ийгиликтүү өтүп, ыӊгайлашуусу оӊой болот. Тескерисинче, жеткиликтүү колдоо болбосо, көптөгөн жаш мугалимдер абдан кыйналып, кээ бирлери өз кесибин такыр таштап коюшу мүмкүн. Бул маселе мугалимдердин жетишсиздигинин көбөйүшүнө жана билим берүүнүн сапатынын начарлашына кошумча себеп болот (Дэвис жана Хигдон, 2008).

Ошентип, иш билги мектеп жетекчилери бул маселеге олуттуу мамиле кылышат. Адатта жаш мугалимдерге күчтүү колдоо көрсөтүү алардын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Жетекчилик жаш мугалимдерди жумушка кабыл алгандан баштап, аларды жакшы тосуп алып, колдоочу, көзөмөлдөөчү ролду ойношот (Дакворт жана Карнин, 1987). Алар жаш мугалимдерди категориясын көтөрүү же, иштей албай койсо, жумуштан кетирүү боюнча чечим кабыл алышат. Ошондой эле мугалимдерге ресурстарды бөлүштүрүп, жадыбал даярдашат жана тапшырма берип, иштетишет.

Чындыгында, жетекчилер жаш мугалимдерге жумуш жүгүн азыраак берип, каражаттарды көбүрөөк бөлүштүрүү менен колдоо көрсөтүшү керек. Себеби жаштар мугалим болууну үйрөнүп жаткандыктан колдоого муктаж (Тиссен жана Килчер, 1993). Үзгүлтүксүз кесиптик колдоо жаш мугалимдердин мектепке ийгиликтүү көнүгүшүүсүнө салым кошуп, катачылыктарды азыраак кетиришине, ийгиликтүү иштешине мүмкүндүк берет (Киборн жана Робертс, 1996).

Жаш мугалимдердин мектепте иштеп кетишине мектеп жетекчилеринин арасында эң маанилүү ролду директорлор ойнойт. Мектеп директорлору өз мектептеринде жагымдуу жагдайды түзүү менен мектеп маданиятын жаратышат. «Директорлор өз мектептеринин академиялык тондорун белгилешет, колдошот, бул мугалимдердин моралдык маанайы үчүн өтө маанилүү» (Гудлад, 1984, 12-бет). Мектеп директорлору жаш мугалимдердин сабактарына да катышат. Алар көп учурда жаш мугалимдер сабактарды канчалык жакшы өткөрө аларын, тартипти сактап, окуучуларына жасаган мамилесин көзөмөлдөйт (Браун & Винн, 2009). Себеби директорлор мугалимдердин ишин байкап, чечим чыгарышат. Ошентип, жаш мугалимдер директорлорунун үмүтүн актоого аракет кылышат (Брок жана Грейди 2001).

Жаш мугалимдер адатта мектеп жетекчилери менен мамиле түзүүдө этият болушат (Браун жана Винн, 2009), мектеп жамааты кандай кабыл алат деп тынчсызданышат. Жаш мугалимдер өз ордун таап, жетекчилер жүктөгөн милдеттерди аткара аларын, өздөрүнүн мыкты тажрыйбаларын көрсөтүүгө аракет кылышат. Көптөгөн жаш мугалимдер практикалык иштеринде, өзгөчө окуучуларды тартипке салуу жагынан директорлордун колдоо көрсөтүүсүн, окуучулардын ата-энелери, билим берүү органдары жана коомчулуктун башка мүчөлөрүнүн кысымынан коргоп, колдоп турушун каалашат.

Мектеп директорлору да ар кандай болот. Ошого жараша мугалимдерге колдоо көрсөтүлөт. Директордун кандай болгонуна жараша мектеп чөйрөсү жаш мугалимдер үчүн жагымдуу же жагымсыз, атүгүл коркунучтуу болушу мүмкүн (Брок жана Грейди, 2001). Брок жана Грейди (2001) колдоо көрсөтүүчү мыкты директорлор «жаш мугалимдерге таанытуу иш-чараларын уюштуруп, жаңы келгендерге өздөрүнүн билим берүү философиясын тааныштырып, кеңеш берип, колдоо көрсөтөт» деп белгилешет (45-бет). Директор тарабынан колдоого алынган жаш мугалимдер жаңы жумуш орду менен жакшы таанышып, тезирээк ыңгайлашат (Блейз, 1997; Хонг, 2012).

Фейман жана Ремиллард (1996) өз изилдөөсүндө жаш мугалимдердин кесипке киришүү учурунда кесипкөй колдоонун аркасында өздөрүнүн практикасын бир топ жакшыртканын байкашкан. Бул мугалимдер сабак убактысын, классты башкаруу ыкмаларын, класс ресурстарын туура колдонуп, окутуу жана баалоо усулдарын, стратегияларын жакшырткан. Алар окууга кызыккан окуучуларга эле эмес, ар бир окуучуга жекече жигердүү көңүл бура башташкан. Ошондой эле окуучулардын фактыларды жаттап алуунун ордуна татаал түшүнүктөрдү өздөштүрүүсүнө көмөк кылышкан.

Брок жана Грейди (2001) эгер директорлор жаш мугалимдерге компетенттүү адистер катары мамиле жасап, жаңы идеяларды колдосо, алар өздөрүн жайлуу жана эркин сезиши мүмкүн деп кошумчалайт. Бирок ашыкча сындаган жана жазалоого ыктап турган директорлор жаш мугалимдердин кысынып, эксперимент жасоодон тартынып калышына себеп болуп, көңүл чөктүрүүчү жана ден-соолукка зыяндуу атмосфераны түзүшөт.

Блейз жана Андерсон (1995) мугалимдердин жумушу жана мамилеси мектеп директорунун кандай болушу менен аныкталат деп белгилешет. Алар директорлорду “ачык” жана “жабык” деп классификациялап, директорлордун жана мугалимдердин бул түрлөрү бири-бирине кандай таасир тийгизерин түшүндүрүшөт (1-таблица).

1-таблица: Директорлордун мүнөздөмөлөрү жана мугалимдердин жооптору (Блэйз жана Андерсон, 1995)

Директорлордун мүнөздөмөлөрүМугалимдердин жооптору

 

«Ачык» директорлор

Чынчыл, манипуляция кылбоочу, колдоочу, баарлашуучу

Дипломатия, кошумча иш аткарууга ынтызарлык,

активдүү, эки тараптуу байланыш

«Жабык» директорлор

Авторитардык, ийкемсиз, манипуляциялоочу, көзөмөлгө багытталган, жаза колдонуучу, айыптоочу

Реактивдүү жана коргонуу жооптору

Качуу же жолукпаганга аракет кылуу

Пассивдүү

нааразы, депрессия, ишенимсиздик жана жумушту таштоону каалоо

 

Блейз (1997) директор жаш мугалимдерге башка мугалимдер менен мамиле түзүүгө жардам бере турган маданиятты түзүүдө маанилүү ролду ойнойт деп ырастайт. Жигердүү директор мугалимдерди бири-бири менен сый мамиледе болууга, кызматташууга жана бири-бирине колдоо көрсөтүүгө үндөйт. Начар директор жетектеген мектептерге барган жаш мугалимдер жагымпоздук, ушак-айың, сын тагуучулук, тирешүү жана бөлөктөө мамилеси өкүм сүргөн жамаатка туш болушат.

Демек, мектеп директору бул маселеге олуттуу карап, жаш мугалимдерге мыкты колдоо көрсөтүүсү абзел.

 

Дүйшөн Шаматов (изилдөөчү) жана Гүлмайрам Жанболотова (Кара-Суу району, №76 «Эркин Кыргызстан» орто мектебинин директору)

(Иллюстрациялык сүрөт интернеттен алынды)

Бөлүшүү

Комментарийлер