ЖАРАТМАНДАР ЖАРАТКАН САБАКТАР
- 23.07.2025
- 0
«Заманбап мугалим долбоорунун катышуучулары жайкы институттун алкагында Токмок шаарындагы Ю. Дунларов атындагы №10 орто мектебинин балдары үчүн он күнгө созулган лагерь уюштурду. Анда жаратмандар алгачкы сабактарын өтүп, тренерлерден методикалык жардам алышат.

Бул жылы “Заманбап мугалим” долбоору 23жаратманды тандады. Алар жаңы окуу жылынан тартып Чүй облусунун 13 мектебинде мугалимдик эмгегин башташат. 2009-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун филология факультетин аяктаган Талант Баяманов жаратман мугалимдердин бири. Ал жогорку окуу жайын аяктагандан кийин чет жерге кетүүгө аргасыз болгон. Беш жылдан кийин мекенине келип, тракт багытында иштеп жүргөн. Ошентип, массалык маалымат каражаттарынан “Заманбап мугалим” долбоорун көрүп, катышууга бел байлаган. Анткени мугалимдик кесип анын жүрөгүндө жашагандыктан, “кантип келсем” деп ойлонуп жүргөн.

- Апам кырк жылдан ашуун агартуу тармагында иштеген мугалим, учурда жогорку окуу жайларынын биринде сабак берет. Турмуш-шартка байланыштуу көп жылдан бери башка тармакта эмгектенип жүрсөм дагы мага мугалимдик мага жакын, башкаларга билгеним менен бөлүшүүдөн ырахаттанам. Долбоордун баалуулуктарын жактырып, тапшырып койсом, өтүп кетиптирмин. Учурда Кыргыз улуттук университеттин психология факультетинде билим алуудамын. Мугалим болушума апам өзгөчө кубанып жатат, — дейт ал.
Ошондой эле Талант Баяманов мектепте эркек мугалимдердин орду өзгөчө экендигин баса белгилеп, “Балдар эркек кишинин тарбиясын көрсө, психологиялык жактан “здоровый” болуп чоңоюшат. Албетте, аялзатынын мээрими да балага өзгөчө таасир берет. Бала бакчадан тартып эле эркек мугалимдерди тартуу керек, — деп кошумчалады.

Ал информатика мугалими катары билим алууда. Жайкы лагердин алкагында көптөн күткөн биринчи сабагын өтүп, азыр андан өткөн бактылуу адам жок. Жаратмандардын ар бир сабагы тренерлердин коштоосунда өткөндүктөн, катачылыктары дароо айтылып, өзгөрүүлөр киргизилип турат.
- Биз азыр окуп эле тим болбостон, теориялык сабактарды дароо лагерде практика жүзүндө бышыктап жатабыз. Албетте, биринчи жолу сабак өткөндө абдан толкундандым. Методика жактан өзүмө ишенбөөчүлүк болуп жатты. Бирок байкоочулар сабагыма жакшы баа беришкен. Мугалимдик кесипте мага өзгөчө кайтарым байланыш аркылуу балдардын реакциясын көргөн, чурулдап келип, “агай” деп кайрылганы жакты. Жаңы статусум мага жакшы эмоцияларды тартуулайт. Сенден үйрөнгөн нерселерди окуучулар кабыл алып, колдонуп жатканы шыктандырат, — дейт Талант мырза.

Жаратман мугалимдерден көптү үйрөндүм
Мектеби жаратман мугалим менен толукталып жаткан Токмок шаарындагы Ю.М.Дунларов атындагы №10 орто мектеби «Заманбап мугалим» долбооруна кирген окуу жайлардын бири. Мектеп төрт корпустан туруп, бир корпусунда 550окуучу билим алат, 36мугалим балдарга билим берет. Буга чейин мектепте орус тилчи, информатик, математик, тарыхчы мугалимдер жетишпей келген. Окуу жайдын директору Жамал Балбакованын айтымында, кээде тажрыйбалуу мугалимдерден деле «билим сапатын жогорулатуу үчүн иштеп атам» деген сөздү уга албайсың. Бирок жаратмандар, чыныгы «иштейм» деген адамдар.

- Долбоорго кирерде мектепти аябай изилдешет экен. Талаптарына жооп берип өтүп калганына кубанычтамын. Буйруса, төрт мугалим биздин мектепте калат. Семинарларга катышып, заманбап мугалимдердин ишмердүүлүгү тууралуу презентацияларды көрүп чыктым. Креативдүүлүгү, балдарды сабакка кызыктыруусу, жаңыча методикасы жакты. Мисалы, Чымкоргондогу мектептин директору презентациясында эки эле мугалимдин отуз мугалимди өзгөрткөнү тууралуу айтты. Дагы бир мектепке барсак, тентек баланын көңүлүн сабакка буруп, ачылышына көмөк көрсөткөн жагдайлар айтылды. Долбоор мугалимдерди ушундай нерселерге үйрөтөт. Бүгүнкү күнү баланы окууга кызыктыруу өтө татаал болуп калды. Долбоор билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошууну каалаган башка адистин ээлерине да мүмкүнчүлүк түзүп жатат, — деди директор.
Мындан сырткары, Жамал Балбакова жаңы адам келип, баарын өзгөрткөнгө мектеп администрациясы да даяр болушу керек экендигин кошумчалап, кырк жылдык тажрыйбага ээ өзү да жаратмандардан көп нерселерди үйрөнүп жатканын белгиледи.
Балдардын көңүлүнө толгон лагерь
Жайкы лагерь 9-14-жашка чейинки балдарга ылайыкталган. Бирок ата-энелердин, бөбөктөрдүн кызыгуусу менен 1-2-класстын окуучулары да келүүдө. Башында 33бала келсе, азыр алардын саны алтымыштан ашып, дагы катышууну каалагандар көп. Лагерде жаратмандар балдардын каалоолоруна жараша ийримдерди өтүп жатышат.
- Лагерь балдардын ой жүгүртүүсүн өзгөрттү. Ар бир күнү кызыктуу өтүүдө. Сентябрда келгенде өз колдору менен жасаган буюм-тайымдарды көрүп, «Мектепке мен да салым коштум» деп сыймыктануу менен эстешет. Ата-энелерден күнүгө «Мен да баламды жиберсем болобу?» деген билдирүү угам. Жаратман мугалимдер ар бир балага көңүл буруп атышат, абдан ыраазымын, — дейт мектеп директору.

Ушул багытты ырас эле тандаптырмын…
Кыргызстанда «Заманбап мугалим» долбоору 2024-жылы старт алып, биринчи жылы 29 жаратман пайда болгон. Алардын бири — Орозкожо кызы Дилбара. Ал Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз филология бөлүмүн аяктаган соң Бишкек шаарындагы №74 мектепте эмгек жолун баштаган. Бирок, жаш адистин иш сапары жеңил башталган эмес. Дайыма өтүп жаткан сабагынын, балдарга жасаган мамилесинен күмөн санап, “Туура эле мугалим болуп жатамбы” деген суроого өзү жооп таба албай келген. Ошондой күндөрдүн биринде белгилүү бир бренддин негиздөөчүсү “Заманбап мугалим” долбоорун сунуштаган.
- Мугалим болуу кыялым 5-класстан бери көкүрөгүмдө. Бирок университеттен практикага чыккандан кийин “мектепте иштебейм” дегем. Канчалык окуучулар менен иштешүү жагып, ал иштен ырахат алганым менен кагаз иштери эле өмүрүңдү алып койчудай сезилген. Бирок бюджеттик негизде окугандыктан диплом алуу үчүн мамлекетке иштеп берүү керек болду. Азыр ушул багытты ырас эле тандаптырмын дейм. Себеби өзүм каалаган бактылуу, тынч карылыкты кийинки муунду тарбиялоо менен гана түзө алам деп күлүп калам.

Бул долбоордун презентациясына катышып, маалымат алган соң ичимден “мен сөзсүз тапшырам” дедим. Себеби бул жерде сени дайыма колдогон куратор, методисттин жана сени менен бир багыттагы чөйрөнүн болушу мени аябай шыктандырды, — дейт мугалим.
Дилбара Орозкожо кызы учурда Панфилов районунун Кум-Арык айылындагы Е.Кожомкулов атындагы орто мектепте иштейт. Бул долбоорго кирген мектептердин эң алыскысы. 350 окуучуга ылайыкталган. Жаратман мугалимдин пикиринде, айылдын табияты, окуучулардын билимге ачыктыгы, кесиптештердин сыйчыл мамилеси тааныбаган жерде экениңди унуттурат.
- Бир жыл иштеп байкаганым, окуучулар бир нерсени үйрөнүүгө аябай ачык. Бирок тартынчаактыгы, оюн толук жеткире албагандыгы, сөз байлыгынын жардылыгы мени ойлондурат. Учурда ар бир сабагыма койгон максатым ушул. Окуучу “зат атооч, сын атооч” эмне экенин билгени эмес, кыргыз тилинде эркин, тайманбай, ишенимдүү жана көркөм сүйлөй алса дейм. Бир жылдык тажрыйбамда аз да болсо жылыш бар. Окуучулар “эмнеге?” жана “эмне үчүн?” деген суроолорго өз пикирин айтканды үйрөнүп калышты. Башкы жеңишим, алар менен ишенимдүү мамиле кура алганым деп билем. Бул жалгыз менин аракетим эмес, окуучуларымдын да салымы чоң, -дейт Дилбара Орозкожо кызы.
Айгерим Токтобаева, “Кут БИЛИМ”







Комментарийлер