ЖАРАТМАН МУГАЛИМДЕР

  • 03.04.2019
  • 0

Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 5 жылдыгына карата өткөн “Мугалим — коомдун күзгүсү — 2019” кароо-сынактын  республикалык турунда  эки камералуу муздаткыч менен сыйланган, баш байгени багындырган,  «Улут жүзү» номинациясынын ээси, Талас шаарындагы Раиса Рысакова атындагы  №2 мектептин директору, орус тили жана адабияты мугалими  Нуржамал Козубекова болду. Ал эми Каракол шаарындагы Т.Сатылганов  атындагы мектеп-лицей-интернатынын англис тили мугалими Айзада Апазова 1-орунга чыгып, телевизор менен сыйланып, «Даанышман мугалим» номинациясына татыктуу болсо, 2-орунга,  «Өнөрпоз, чыгармачыл мугалим» номинациясына Лейлек районундагы Наркозу Батыров орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими, директордун класстан тышкаркы иштери боюнча орун басары Улукбек Сейдали уулу чыкты. Ал автомат кир жуучу машина менен сыйланды.  3-орунга эки мугалим чыгышты. Бири  «Ажарлуу мугалим» номинациясы менен  Гүлзат Жалилова, Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, ошондой эле «Келишимдүү мугалим» номинациясы менен Мирзат   Мамбетова Нарын районундагы Өрнөк айылындагы Жакып Өмүралиев атындагы орто мектебинин тарых мугалими. Булар жылыткычтар менен сыйланышты. Баса, сынакка катышкан бардык катышуучулар Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин, Ж.Баласагын атындагы КУУнун жайкы эс алууга жолдомолорун алышты.

ЖАРАТМАН МУГАЛИМДЕР

«Мугалим» илимий-педагогикалык журналынын беш жылдыгына карата өткөн кароо-сынак быйыл эки тур менен өттү. Биринчи тур республиканын бардык облустарында өткөрүлдү.

ЖАРАТМАН МУГАЛИМДЕР

Биринчи эле катышуучулар мугалимдин имиджин көрсөтүү үчүн сахнага чыгышты (мугалимдин кийинүү маданияты, чач жасалгасы, нормага ылайык келген бут кийимдин кийилиши, заманбап мугалимдин образын ачуу эске алынды). Андан соң өзүн-өзү тааныштыруусу. Саламдашуу эркин формада: оозеки, слайд, видеотасма, сахналаштыруу түрүндө берилди. Саламдашууда мугалим кесиптик жүзүн, адистигин, педагогдук ишин, максатын, иштөө методикасын ачып көрсөткөнгө аракеттенди. Үчүнчү этапта интеллектуалдык суроолор берилди. Айрым жакшы упай топтоп алгандар портфолионун начардыгынан утулуп калышты. Демек, мугалимдер портфолиого да өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Сынактын чечүүчү таймашы – өнөр таймашы болду  (ыр, бий, поэзия же прозалык чыгармалардан көркөм окуу, сахналаштырылган оюн ж.б. Катышуучунун өз эрки менен аткарган чыгармачылык номерине байланыштуу костюм, же кечки аземдик кийим менен чыгуусу да эске алынды). Бул жерде белгилеп кетүү керек, Лейлек районундагы Наркозу Батыров орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Улукбек Сейдали уулунун өз колу менен тиккен коллекциясы көрөрмандардын купулуна толду. Ошондой эле алыскы Чаткалдан келген, борборго чейин 12 саатта араң жеткен англис тили мугалими Жаңыл Момунованын заманбап мугалимдин образын ача билгени, анын басып-турганы, кийинген кийими, жатка ырларды адашпай айта билгени, өзүн туура тааныштыра алганы менен көрөрмандарды өзүнө тартып алды. Ал «Жаңычыл мугалим» деген номинацияга татыктуу болду. Бирок сынак деген сынак. Баса, “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын беш жылдык урматына баш редактор Рахат Сулайманова, шеф-редактор Гүлнара Алыбаева, PR-менеджер Асель Жумакунова жана менеджер Сапаргүл Добутова Президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, КАОнун, Аялдар конгрессинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

ЖАРАТМАН МУГАЛИМДЕР

Советбек Байгазиев, профессор:

— Мугалим жөнүндө абдан омоктуу ойлор айтылды. Кандай гана мезгил, кандай гана коом болбосун түбөлүктүү жашаган бир нерсе бар. Ал педагогика, тарбия, мугалим. Мугалимдик кесип – өлбөс кесип. Педагогикалык философия — кыргыздын моралы. «Мугалим» журналынын 5 жылдыгын кубануу менен тосуп алдым. Кезинде «Ала-Тоо» журналы абдан популярдуу эле, азыр «Мугалим» популярдуу болуп баратат.

ЖАРАТМАН МУГАЛИМДЕР

Нуржамал Козубекова, №2 Р.Рысакова мектебинин директору, Талас шаары, баш байгенин ээси:

— Баланын оюн билген, аны сыйлай алган, ага билим алганга бардык жакшы шарттарды түзүп бергенге көмөктөшкөн мугалимди мен заманбап деп түшүнөм.  Бул сынакка күз айынан бери катышып келатам.  Биринчи этап Таласта өттү. Катышканыма өзүмө өзүм ырахматымды айтып атам. Чыгармачыл мугалим башка мугалим менен бөлүшөйүн, үлгү болоюн, дагы бирөөнүн жакшы эмгегин өзүмө кабыл алайын деп жанталашат.  Ушундай конкурстарга катышат. «Мугалим» журналынын жалпы жамаатына кааларым конкурсту үзбөй, өөрчүтүп, жыл сайын өткөрүп турушсун. Алыскы айылдан келген мугалим агай-эжейлерге мен абдан суктандым. Таза дити менен  чыгармачылыгын төгүп, мага үлгү болду. Чаткалдан 12 саатта борборго келген мугалимге таң бердим.  Киши суктанарлык чыгармачыл мугалимдерди көрдүм.

ЖАРАТМАН МУГАЛИМДЕР

ЖАРАТМАН МУГАЛИМДЕР

ЖАРАТМАН МУГАЛИМДЕР

Улукбек Сейдали уулу, Лейлек районундагы Наркозу Батыров орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими, директордун класстан тышкаркы иштери боюнча орун басары, 2-орун:

— Сынакта өзүмө көп пайдалуу маалыматтарды, идеяларды алдым. Жаш мугалимдерди, өзгөчө, эркек мугалимдерди колдогон «Мугалим» журналынын жамаатына ыраазычылык билдирем. Беш жылдын эмес 500 жылдык өмүр сүргөн журнал болуп кала берсин! Мен кичинекей кезимен эле тигүүчүлүккө шыктуумун. Апам менен кошо түрлүү нерселерден тигип, курап кызыкчумун. Мектептеги иш-чараларга формаларды өзүм тигип, жогорку деңгээлде өткөрөм.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер