“ЖАНМУЗА” ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ ӨТӨТ

  • 25.01.2024
  • 0

2023-жылдын 30-январында КР Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясында (КР ИИМдин Академиясы) “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду “Жанмуза” аталышында поэзия кечесин өткөрөт.

“ЖАНМУЗА” ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ ӨТӨТ

 

Маалыматка ылайык, иш-чарада Э.Эрматов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Ырысгүл Изатованын жана «Сүйология» китебинин автору Мирлан Алтымыш уулунун чыгармалары жаңырат.

— Фонддун “Поэзия кечелери” демилгеси белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган. “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду негизделгенден тартып 113 акын катышкан 46-поэзия кечесин уюштуруп жатат. Поэзия кечеси “Р.Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду тарабынан, “Жаңы толкун” адабий клубунун колдоосу менен уюштурулууда, — дейт фонддун аткаруучу директору Р.Кайыкова.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер