ЖАМУ – ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК КЕЛЕЧЕККЕ ДАҢГЫР ЖОЛ!

  • 10.06.2024
  • 0

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети 1993-жылы 2-апрелде бир нече окуу жайлардын бириктирилүүсү менен түзүлгөн. Азыркы учурда ЖАМУда 12 000 дөн ашуун студент билим алат.

ЖАМУ – ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК КЕЛЕЧЕККЕ ДАҢГЫР ЖОЛ!

Окуу жайда жогорку билимдүү адистерди даярдоо үчүн жетишерлик материалдык-техникалык база бар. Алсак: 16 окуу корпусу, 105 окуу кабинети, 32 компьютердик класс, 122 лаборатория, 500 орундуу окуу залы, 726 636 дан ашуун китеп фонду, 1400 орундуу төрт жатакана, ошондой эле эки институт, алты факультет, жети колледж 50дөн ашуун кесиптик багыттагы адистерди даярдайт.

Окуу жай 15 багыт боюнча бакалавриат (27 профиль), 4 багыт боюнча магистратура (10 профиль), 4 адистик программасы жана 31 орто кесиптик билим берүү программасы боюнча адистерге билим берет. Окутуу кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Учурда 4 институт, 7 колледж, 6 факультетте 33 кафедра иш алып барат. ЖАМУда кошумча кесиптерди алуу боюнча лицензиялар бар, бул студенттерге кошумча кесип алууга мүмкүнчүлүк берет.

 

 

ЖАМУ – ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК КЕЛЕЧЕККЕ ДАҢГЫР ЖОЛ!

Бүгүнкү күнү 588 окутуучу эмгектенет, алардын ичинен 30дан ашуун илимдин доктору жана профессор, 150ден ашуун илимдин кандидаты, доцент, анын ичинде Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттери,  Кыргыз Республикасынын илимине жана билим берүүгө эмгек сиңирген ишмерлер,  спорт, экономика жана медицина тармагындагы кызматтары жана жетишкендиктери үчүн ардак наамдар менен сыйланган профессордук-окутуучулук курам эмгектенет.

ЖАМУ – ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК КЕЛЕЧЕККЕ ДАҢГЫР ЖОЛ!

Билим алууга заманбап шарттар

ЖАМУнун китепканасынын жалпы фонду 750 миңден ашык нусканы түзөт. Китепкана-маалымат борборунда компьютердик кабинеттер, абономент жана окуу залы түзүлүп, заманбап шарттар менен камсыз болгон. Ошондой эле Азамат Алтайдын (Кудайберген Кожомбердиев) клубу, анын коллекциялары, адабияттары жана документацияларынын фонду түзүлгөн.

Окутуунун жаңы технологиясын жайылтуу, сапатын жакшыртуу, студенттерге жеткиликтүү билим берүү максатында “AVN” маалыматтык тутуму киргизилген. Профессордук-окутуучулук курам, студенттер жөнүндө анкеталык маалыматтар толугу менен маалыматтык тутумга жайгаштырылган. Ар бир студент эле эмес, ата-энелер да жеке кабинетке кирип, окуудагы жетишкендиктери, сабакка катышуусу, окуу төлөмдөрү боюнча маалыматтарды алат.

ЖАМУ – ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК КЕЛЕЧЕККЕ ДАҢГЫР ЖОЛ!

Билимди баалоонун объективдүүлүгүн, студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана механизмдердин ачык-айкындуулугун, шайкештигин баалоону камсыз кылуу максатында билимди баалоонун атайын критерийлери иштелип чыккан. Модуль, өтүм, сынактар компьютердик тестирлөө аркылуу AVN маалыматтык системасында кабыл алынып, ачык-айкындуулукка жол ачылган. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуу процессин уюштурууда 2014-жылдан бери AVN маалыматтык системасы колдонулуп жатат. Тактап айтканда, атайын сервердик машиналар сатылып алынып, ички билим берүү порталы жана http://avn.jagu.kg домендик адреси менен тышкы билим берүү порталы иш алып барууда. Азыркы кырдаалда окуу процессин аралыктан жүргүзүү жана башкаруу үчүн avn.jagu.kg билим берүү порталына кошумча мүмкүнчүлүктөр киргизилген.

ЖАМУ – ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК КЕЛЕЧЕККЕ ДАҢГЫР ЖОЛ!

Илимдеги жетишкендиктер

2023-жылдын октябрь айынан тартып ЖАМУ дүйнөлүк илимий-метрикалык SCOPUS базасына жазылуу мүмкүнчүлүгүн сатып алган. Университеттин профессордук окутуучулук курамы илимдеги акыркы жаңылыктар менен таанышып, макала жарыялоо мүмкүнчүлүгүн түзүлгөн. Окутуучуларга SCOPUS базасын өздөштүрүү боюнча семинарлар уюштурулуп келет. Учурда SCOPUS базасына кирген журналдарда жарык көргөн макалалардын саны 46 га жетсе,  алдынкы Хирша индекси 3 кө барабар болду.

ЖАМУ – ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК КЕЛЕЧЕККЕ ДАҢГЫР ЖОЛ!

Илимий лабораториялар. Азыркы учурда “Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар” илим изилдөө институнун карамагында физико-математикалык, техникалык, филологиялык, педагогикалык, медициналык жана экологиялык чоң багытты камтыган 11 илим-изилдөө лаборотория түзүлгөн. Жылдан жылга илимий лаборатоиялар заманбап жабдыктар менен жаңыланууда. Мисалы, студенттер программалоо жөндөмдөрүн өркүндөтүү үчүн жер көчкүнү изилдөө боюнча атайын приборлор жана атайын робот техникалары сатылып алынган. Аталган лабораторияларда университеттин профессордук окутуучулук курамы тарабынан ББжИМдин каржылоосу менен беш илимий долбоор, ал эми университеттин каржылоосу менен үч илимий долбоор аткарылып келүүдө.

Аспирантура. 2023-жылы аспирантурага лицензия алуу талабы аткарылып, 44 адистиктин шифрлерине лицензия алынган.  Учурда күндүзгү жана сырттан окуу формасы боюнча 68 аспирант билим алууда.

Бизнес инкубатор (СТАРТАП). 2020 — жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен университетибизде бизнести колдоо борбору ачылган жана ал жетишкендиктер менен коштолууда. Бизнес чөйрөсү менен студенттердин ортосунда көпүрө курулуп, окуу жайдын студенттери түрдүү конкурстардын жеңүүчүсү болуп, ар кыл байге жана стартапка гранттык колдоо утууда.

ЖАМУ – ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК КЕЛЕЧЕККЕ ДАҢГЫР ЖОЛ!

Америка ордосу. Жалал-Абад шаарындагы башка окуу жайлардын студенттери үчүн англис тилин үйрөнүүчү ресурстук борбор болуп калды. Себеби 2000 ашык түрдүү жанрдагы адабий китептер, англис тилинин грамматикасы, сөздүктөр, Американын тарыхы, адабияты, экономикасы боюнча көптөгөн окуу куралдары бар. Англис тилин үйрөнүү үчүн 200 ашык аудио-видео материалдар жана электрондук китептер да камтылган. Америка ордосунда 25 компьютерге WI-FI туташтырылып, окутуучулар менен студенттерге акысыз интернетти камсыз кылат.

ЖАМУ – ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК КЕЛЕЧЕККЕ ДАҢГЫР ЖОЛ!

Конфуций институту. ЖАМУнун структуралык бөлүмү болуп эсептелип, 2016-жылдын 26-декабрында ачылган. Институт ар түрдүү багыттагы ишмердүүлүк үчүн кытай тилин жана маданиятын үйрөтүүчү программаларды ишке ашырат жана аны үйрөтүү үчүн атайын каражаттар, материалдык жабдуулар менен камсыз кылат. Ар кандай усул, мультимедиа, интернет-сабактар аркылуу кытай тили жана маданияты үйрөтүлөт. Ал тилдик жана маданий тажрыйба алмашууларды, окутуучулардын жана тил үйрөнүүчүлөрдун тажрыйба алмашууларын уюштурат.

 Стипендия. ЖАМУнун 17 студенти окуудагы жетишкендиктери жана коомдук иштерге активдүү катышкандыктары үчүн Президенттик “Эл Үмүт” стипендиянын ээси болушкан.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер