ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨ 24-МАЙДА БАШТАЛАТ

  • 12.05.2022
  • 0

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөө 23-майдан 25-июнга чейин  үч этапта өтөт. Биринчи этабы 24-майда башталат, 23-май даярдык көрүү күнү. Экинчиси 27-28-майда, үчүнчүсү 24-25-июнда жер-жерлерде өтөт. Жүйөөлүү себептер (аскер кызматынан демобилизацияланган, чет мамлекеттерде жүрүшкөн ж.б.у.с.) менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө 23-июнда болот. Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 23, 26-май жана 23-июнь күндөрү тесттик борборлордо  кошумча каттоолор жүргүзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, учурда тест өткөрүү үчүн республика аймагында жалпы 117 тесттик борбор даярдалууда. Областтык билим берүү институттарынын, усулдук борборлорунун, Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын  жетекчилери,  райондук  (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, билим берүүчү уюмдардын жетекчилери тест борборлорунда 250 адам жайгаштыра тургандай 4-5 аудитория (жыйын залы, спорт залы, ашкана же рекреация) даярдап, парталар коюлушун камсыздашат.

ЭЛҮҮ МИҢГЕ ЖАКЫН БҮТҮРҮҮЧҮ КАТТООДОН ӨТТҮ

Республика боюнча быйылкы окуу жылында 11-классты 67045,  9-классты 106219 окуучу аяктоодо. Жалпы  47628 бүтүрүүчү үстүбүздөгү жылдын 14-февралынан 6-апрелине чейин он лайн каттоодон өттү. Бирок бул сан дагы көбөйүшү мүмкүн. Себеби тестирлөөнүн ар бир этабынын алдында дагы кошумча каттоолор жүргүзүлөт.

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо быйыл 14-февралда башталып, Билимди баалоо жана окутуу усулдарынын борборунун сайтынын электрондук платформасында жүрдү. ЖРТны жыл сайын Билимди баалоо жана окутуу усулдарынын борбору (ББОУБ) өткөрүп келет.  ЖРТга даярдануу үчүн ББОУБ www.testing.kg сайтынан  онлайн-тесттерди, компьютердик жана бланк түрүндөгү сынак тесттерди, акысыз жана кошумча акыга сатылган колдонмолорду табууга болот. Сайтта  жана youtube каналында ЖРТга даярдануу боюнча видеосабактар жеткиликтүү.

ЖОЖГО ТАПШЫРУУНУН БОСОГО БАЛЛЫ ТЕСТТИН ЖЫЙЫНТЫГЫНА ЖАРАША БЕЛГИЛЕНЕТ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги  ар бир үч жыл сайын Жалпы республикалык тестти өткөрүү үчүн тендер өткөрөт, ал үчүн баардык тиешелүү документтер менен техникалык тапшырмалар иштелип чыгат. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча, Жалпы республикалык тестти өткөрүү үчүн жооптуу уюм дайындалат.

Тестти өткөрүү үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жыл сайын баардык орто жана атайын орто билим берүүчү окуу жайларынын реестри жаңыланып турат.  Андан кийин окуу жайлардын коддору, окуу жайларынын категориясын аныктоо үчүн  ЖРТга каттоодо колдонулат. ЖРТнын жыйынтыгына ылайык ЖОЖдорго кабыл алууда, Кыргыз Республикасынын баардык мектептери төрт категорияга бөлүнөт: айыл мектептери, тоолуу аймактагы мектептер, кичи шаарлардагы жана облусттук борборлордогу  метептер жана Бишкек шаарындагы мектептер.  ЖОЖдорго кабыл алуу учурунда, орундар талондордун саны менен, ар бир категориядагы мектептердин арасында бөлүнөт. Белгилүү бир категориядагы метептердин өкүлдөрү канчалык көп болсо, ошончо көп гранттык орундардын ээлери боло алышат.

ЖРТнын жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл топтогон 50 талапкерге алтын сертификат тапшырылат.

ЖОЖго тапшыруунун босого баллы тесттин жыйынтыгына жараша белгиленет.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер