ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ БОЮНЧА КӨЧМӨ СЕМИНАР ӨТТҮ
- 08.04.2026
- 0
2026-жылдын 6–7-апрелинде Жалал-Абад облусуна караштуу Манас шаарында билим берүү тармагындагы жаңыланууларга арналган көчмө практикалык семинар өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемеси тарабынан уюштурулду.

Семинардын негизги максаты — окуу-методикалык комплекстерди экспертизадан өткөрүү тартибин түшүндүрүү, билим берүү процессине санариптик чечимдерди жана онлайн-платформаларды киргизүү маселелерин талкуулоо, ошондой эле жаңы муундагы окуу материалдарын практикада натыйжалуу колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу болду.
Иш-чаранын алкагында адистер «Математика» жана «Табигый илимдер» предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерди адаптациялоо жана аларды сабак учурунда колдонуу ыкмалары боюнча практикалык презентацияларды сунушташты.
Семинарга мектеп директорлору, методисттер жана мугалимдер катышып, жаңы материалдардын мазмуну жана аларды колдонуу ыкмалары боюнча пикир алышты. Программа теориялык жана практикалык бөлүктөрдү камтып, катышуучуларга өз ара тажрыйба бөлүшүүгө жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө шарт түздү.
Иш-чара суроо-жооп форматындагы жыйынтыктоочу бөлүк менен аяктап, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Белгилей кетсек, мындай көчмө семинарлар мындан ары Ош жана Баткен шаарларында да өткөрүлмөкчү.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”











Комментарийлер