ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭКИ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА БӨБӨКТӨРГӨ ЭШИГИН АЧТЫ
- 18.11.2024
- 0
16-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жерге-Тал жана Жаңы-Жол айылдарында жаңы салынган бала бакчалар салтанаттуу түрдө ачылды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, жергиликтүү мекемелердин жетекчилери жана айыл тургундары катышты.
Нурланбек Шакиев: “Соңку жылдары республикада мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү жаңы социалдык объекттерди курууга өзгөчө көңүл бурулууда. Өлкө жетекчиси бул багытта алгылыктуу тапшырмаларды берип, депутаттар да калктын турмушун жакшыртуу багытында жигердүү иш алып барууда”, — деди.
Ал эми министр Догдуркүл Кендирбаева билим берүү тармагын трансформациялоого багытталган «Алтын казык» программасын ишке ашыруунун алкагында мектептик билим берүү системасын 12 жылдык форматка өткөрүү боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө айтып берди.
Кербен шаардык бийлигине караштуу Жерге-Тал айылындагы № 39 мектепке чейинки билим берүү уюму 100 орунга ылайыкташтырылган, анын курулушуна 16 100 000 жумшалган. Курулуш иштери Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын демилгеси менен “Асанабил” кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган.
Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жол айылындагы бала бакча дагы 100 орундуу. Анын курулуш иштери 2017-жылы башталган. 2019-жылы бала бакчанын корпусу курулган. Азыркы учурда бала бакча айыл өкмөтүнүн балансында. Бала бакчанын курулушун каржылоого АРИС уюму аркылуу 9 600 000 бөлүнгөн.
Комментарийлер