Жалал-Абад мамлекеттик университетинин курулушу аяктады

  • 30.09.2024
  • 0

Жалал-Абад облусундагы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы административдик жана окуу корпустары ишке кирди.

28-сентябрда окуу жайдын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин курулушу аяктады

Университет  3 кабаттуу, 1500 орундуу, жалпы аянты 4580 чарчы метрлик окуу корпусунан турат. Мындан тышкары 2080 чарчы метрлик 3 кабаттуу административдик  имараттын курулушу бүттү. Жаңы корпустар заманбап компьютердик технологиялар, эмеректер жана керектүү куралдар менен жабдылган.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин курулушу аяктады

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул окуянын облустун жана жалпы республикадагы билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү мааниси жогору экенин белгиледи.

Эске сала кетсек,  Жалал-Абад мамлекеттик университети Кыргызстандын алгачкы окуу жайлардын бири болгон, бул жерде алгач 1923-жылы кыска мөөнөттүү педагогикалык окуу курсу ачылган. Ал эми 1993-жылы болсо агроөнөр жай, педагогикалык билим берүү, курулуш, электроника, энергетика боюнча жогорку билимдүү адистерди даярдоо максатында Жалал-Абад мамлекеттик университети түптөлгөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер