ЖАКЫНДАРЫНАН ЖАБЫРКАГАН БАЛДАР

  • 13.12.2017
  • 0

Бишкекте атасынан тепки жеген кичинекей бөбөктүн абалы жакшы жана учурда ал үй-бүлө менен психологдор иштеп жатышат. Бул тууралуу баш калаанын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Рейна Султанмуратова билдирди.

Өз атасынан тепки жеген наристе

Жерде жаткан кичинекей баланын чоң кишиден тепки жеген видеосу  социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынып, көргөндөрдүн кыжырлануусун пайда кылууда.

Өз алдынча тура албай жерде жаткан баланы тургузгандын ордуна тепкилеген кишинин ким экендиги Бишкек ШИИББинин тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталган. Ал – Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматында жооптуу кызматта иштеген, ошол кичинекейдин атасы болуп чыкты.

Мамчиновник учурда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынган.

Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери 3-декабрда баланын үйүнө барышып, апасы менен аңгемелешип, тийиштүү документтерди толтуруп келишкен. Баланын апасы буга чейин балага атасы эч кандай зомбулук көрсөтпөгөнүн айтканы менен, аны ата-энелик укуктан ажыратуу тууралуу өтүнүчүн билдирген. Аталган башкармалыктын кызматкерлеринин айтымында, ал аялдын мурунку никесинен да балдары бар, бул бала азыркы никесинен. “Учурда баланын абалы жакшы, биз көзөмөлдөп турабыз. Апасы менен да, бала менен да психологдор иштеп жатышат. Ата-энелик укуктан ажыратуу оор процесс, аны сот чечет», — дейт Р.Султанмуратова.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, ал убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алынды. Кылмышка шектүү жаран Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» жана «Жашы жете электи тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо» беренелери боюнча айыпталууда.

Он эки жашар баланын өлүмү кимдин мойнунда?

Тили жакшы чыга элек бөбөк минтип өзүнүн атасынан көз көрүнө ур-тепкиге алынып жатса, өткөн жумада, т.а. 29-ноябрда Ош шаарындагы мектептин 6-классынын окуучусу каза болуп, анын өлүмүнө шектүү катары анын атасы камакка алынган.

Баланын атасына КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен (ден соолукка өлүмгө жеткирүүчү оор залал келтирүү) кылмыш иши козголгон. Бирок наабайчылык менен алектенген үй-бүлө мүчөлөрү милиция кызматкерлери коркутуп, атасына каршы көрсөтмө жаздырып алышкан деген пикирин билдиришүүдө.

Өз баласын өлтүрдү деп шектелип жаткан адамдын жактоочусу «Бала мектептен бети-башы көк ала болуп келген түнү көз жумган. Ал каза болгондон кийин милиция кызматкерлери атасын, апасын, 13 жаштагы эжесин жана агасын Ош ШИИБге алып барып, 10 саат бою ар  бирин өзүнчө суракка алышкан. 13 жаштагы кызды эч кимди катыштырбастан 10 саат суракка алуу — мыйзамсыз. Сурак учурунда жактоочу, мугалим же апасы да жанында болгон эмес. Кызды коркутуп жалган көрсөтмө менен атасын камашты», — дейт.

Ал эми баланын энеси баласынын өлүмүн кылдаттык менен териштирүү зарыл деп эсептейт: «Балам мектептен кечигип келди. Өзү футбол ойноп жүрүп кечигип калганын айткан эле. Кийимдерин алмаштырып чыккандан кийин карасам бети көгөрүп калган экен. Эмне болгонун сурасам футболдо балдар менен урушуп кеткенин айтты, бирок ага маани бербептирбиз. Кечкисин мага үшүп жатканын айтканда атасына айтып, чечиндирип карасак денеси көгөрүп калыптыр. Дароо тез жардам чакырдык, бирок уулубуз каза болуп калды. Андан кийин милиция кызматкерлери бизди суракка алган учурда кызымды коркутуп көрсөтмө жаздырып алышыптыр. Атасы балдарын тарбиялоо максатында ооз менен гана тилдечү, урган эмес», — деп билдирет энеси.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын расмий маалыматы боюнча баланын атасы бул үй-бүлөнү жакшы билген адамдардын көрсөтмөсүнүн негизинде кармалган. «2017-жылдын 29-ноябрында саат 02:00 чамасында Шакиров тар көчөсүндөгү үйдүн жашоочусуна медициналык тез жардам кызматын көрсөтүү үчүн чакырылган дарыгерлер 2005-жылы туулган Ф.Ю. уктоочу бөлмөсүндө каза болгону тууралуу маалымат берген. Окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу, башкармалыктын жетекчилиги барышканда өспүрүм өзүнүн уктоочу керебетинде жаткан. Баланын сөөгүн кароо учурунда анын денесинде көптөгөн тактар көрүнгөн. Учурда ал тактардын себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза иштеп жатат. Ошол эле күнү бул үй-бүлөнү жакшы билген адамдардын «баласына көп зомбулук көрсөтчү» деген көрсөтмөсүнө таянып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан маркумдун атасы кармалган. Ал КРнын Жаза-процессуалдык кодексинин 94-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди. Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси менен козголгон иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат», — деп жазылат ал маалыматта.

Милициянын билдирүүсү боюнча маркум баланын атасы буга чейин уурулук боюнча сот жоопкерчилигине тартылган.

Өгөй атанын өчү

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кара-Чолок айылында мындан бир нече жыл мурда катталган каардуу окуя айылдаштарынын эсинен али кете элек. Бир жарым жаштагы өгөй кызын ысык мешке отургузуп, башын отко кактап, андан соң сабап өлтүргөн деп шектелип кармалган адамдын ден соолугу дарыгерлердин кийлигишүүсүнө муктаж. Бул тууралуу 5-декабрда Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Бул окуя Сузак районунун Кара-Чолок айылында төрт жыл мурда март айында болгон. Шектүү ошол убакта аялы ээрчитип келген өгөй кызы менен чогуу турган. Наристенин кылыктары өгөй атасына өөн учураганбы, ал кыз ыйлаганда опузалап сооротуу максатында алгач үйдөгү жылытуу мешиндеги отко башын салып, чекесин жана маңдай чачын күйгүзгөн. Дагы бир жолу шымын булгаган кичинекей кызды мештин үстүнө отургузуп, синтетикалык материалдан тигилген шымы этине жармашып калган. Шектүүнүн айтымында, ооруканага алып барууга акча каражаты жок болгондугуна байланыштуу ага жубайы экөө тиш паста сүйкөп, айыктырууга аракет жасашкан.

Андан көп өтпөй эле мас абалында келген өгөй ата гүлтүктө ыйлап отурган наристени көрүп ачууланып сыналгынын антеннасынын зымы менен чапканда, күйүктөн калган чекесиндеги тырыгы канап кеткен. Аны менен эле токтобой жаалданган ата сөрөй наристе эс-учун жоготкончо сабаган. Натыйжада наристе ур-токмокко чыдабай жан берген. Окуяны жашыруу максатында аялын коркутуп, андан эч кимге айтпоону талап кылган. Арадан эки ай өткөн соң алар ажырашып кетишкен.

Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык ооруканасынын дарыгерлери жүргүзгөн комиссиялык соттук-психиатриялык экспертизанын 2017-жылдын 25-августундагы актысында, соттолуучу А.У.Т. кылмыш жасоо учурунда ал өзүнүн аракеттерине жооп берип, аларды башкара алган, бирок азыркы учурда акыл-эси соо эмес, психикалык абалы боюнча ал психиатриялык ооруканада күчөтүлгөн режимде байкоо жүргүзүү менен мажбур түрүндө дарыланууга муктаж экени көрсөтүлгөн.

Сузак райондук сотунун 2017-жылдын 17-октябрында кабыл алынган токтомунун негизинде ага КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кыйноо” жана “Адам өлтүрүү” беренелери боюнча айып тагылып, бирок ден соолугуна байланыштуу ал Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык ооруканасына күчөтүлгөн тартипте дарыланууга жайгаштырылган.

Мындан эки жыл мурда февраль айында коомчулуктун үшүн алган дагы бир окуя катталган. 33 жаштагы келин үч жашар уулун жана төрт жаштагы кызын бычактап өлтүргөн. Ошол эле жылы апрелде эки жаштагы баласын таяктаган келин камалган. Соттук-медициналык экспертизанын тыянагына ылайык, бала оор жарааттан улам каза тапкан. Бети-башы көгөрүп, кабыргасы сынган, ички органдары жабыркаган. Мындан көп өтпөй балдар ооруканасына денеси көгала болуп шишиген дагы бир наристе түшүп, айыптуу делген атасы камалган.

Балдарды эле эмес, алардын ата-энелерин да тарбиялоо керек

Жакындарынан жабыркаган, жан берген бейкүнөө, алсыз балдардын саны азаймак түгүл тескерисинче, күчөп баратканы эмнеден кабар берет? Мамлекеттик мекеме-уюмдар, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү, укук коргоочулар, активист жарандардын бөбөктөргө зомбулук көрсөткөндөрдү катуу жазага тартып, анын аткарылышын көзөмөлгө алуу керек деген демилгеси жапырт колдоого ээ боло албай, жадагалса мыйзамдар, атайын даярдалган программалардан тиешелүү жыйынтык чыкпай атканы өкүнүчтүү.

Улуу акын Расул Гамзатовдун айтылуу “Менин Дагестаным” деген китебинде “Эгерде өткөнгө тапанча кесесең, келечек сени замбирек менен атат” деп айтылгандай, келечек биз азыр кандай муунду тарбиялап жатканыбызга байланыштуу эмеспи.

Бишкек шаарындагы “Данакер”үй-бүлөнү бекемдөө борборунун жетекчиси, психолог Чынара Термечикова баланы камкордукка бөлөп тарбиялоо керектигин айтат.

  • Баланы урган тарбияга жатпайт. Кичинекейинде ур-токмок жеген бала чоңойгондо да башка адамдар менен мамиле түзгөндү билбей, зөөкүр өсүп калат. Биз көп учурда эң маанилүү жагдайды эске албай келебиз. Бул жерде кеп – баланын ата-энесинде, биринчи кезекте ата-энелердин бала тарбиялоо боюнча билими болууга тийиш. Ар бир ата-эне баласынын тагдырына жоопкерчиликтүү мамиле жасап, анын коомго пайдалуу адам болуп чоңоюшуна кам көрүшү керек. Бул ар бир ата-эненин мойнундагы ыйык парз, зор жооптуу милдет. Мисалы, ата өзүнүн милдетин, эне өзүнүн милдетин билип, эң биринчи өзүн тарбиялаш керек,-дейт тажрыйбалуу психолог Чынара Термечикова.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер