ЖАБЫРКАГАН СТУДЕНТТЕРГЕ ЧЫГЫМДАР ТӨЛӨНҮП БЕРИЛЕТ

  • 20.05.2024
  • 0

Мамлекет жетекчилигинин тапшырмасы менен Министрлер кабинети жабыркаган чет элдик студенттерге келтирилген чыгымды төлөп берүү маселесин кароодо. Ал үчүн атайын комиссия түзүлүп, компенсация кандай формада жана кандай мөөнөттө жүргүзүлөрү кошумча жарыяланат. Бул тууралуу бүгүн, 20-майра өткөн ректорлордун конференциясында айтылды.

ЖАБЫРКАГАН СТУДЕНТТЕРГЕ ЧЫГЫМДАР ТӨЛӨНҮП БЕРИЛЕТ

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун айтымында, окуяга туш болгон студенттер окуу жайдын жетекчилиги тарабынан учётко алынат. Келтирилген чыгымдарды кайтарып берүү боюнча жол-жоболору айтылат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов окуяга байланыштуу Кыргызстан эл аралык университетинин медицина факультетинин жатаканасына барганда чет элдик студенттерге жана мугалимдерге айрым бейбаштар тарабынан жасалган иштер үчүн кечирим сураган сөздөр менен кайрылган.

— Кээ бир жеке адамдардын бул аракеттери биздин меймандостук маданиятка жана салтка эч кандай тиешеси жок. Элибиз эзелтеден бери алыстан келген конокторго өзгөчө урмат-сый, камкордук менен мамиле кылып келген. Биз аларды “мусапыр” деп атайбыз. Урду тилинде да ушундай сөз бар экенин билем жана бул биздин элдерибиздин жакындыгынын көрсөткүчү. Биздин өлкөдө чет өлкөлүк студенттерге зор тилектештик менен мамиле кылынат, алар элдердин ортосундагы достукту бекемдөө үчүн көпүрө болуп саналат. Албетте социалдык тармактарда көптөгөн жалган маалыматтар бар экенин түшүнөбүз. Сиздердин ата-энеңиздер, жакындарыңыздар Кыргызстанда жашоо коопсуз экенин билиши керек, сиздердин бакубат жашооңуздар үчүн толук жоопкерчилик бийликте. Бир түндө болгон окуялар элибиздин сиздерге болгон мамилесин чагылдырбайт. Укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөдө жана күнөөлүүлөрдүн баарын сөзсүз жоопко тартат, — деген Эдил Байсалов.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер