ЖАҢЫЛАНУУ ЖАРЧЫЛАРЫ

  • 04.08.2025
  • 0

2025-жылдын 4-14-августуна чейин Ысык-Көл  районундагы Чок-Тал айылында (“Санат” ден соолукту чындоо мекемеси)  республиканын методикалык борборлорунун кызматкерлери жана жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун окуу-тарбиялоо иштери боюнча орун басарларына Агартуу министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банк жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен уюштурган “Жаңылыктын жарчысы” аттуу педагогикалык форум өтүүдө.

ЖАҢЫЛАНУУ ЖАРЧЫЛАРЫ

Маалыматка ылайык, 14-августка чейин улануучу форумдун алкагында бардык аймактардан келген 800дөн ашуун адам алты агым менен окутулат. Форумдун максаты – жаңыланган Мамлекеттик билим берүү стандарты, предметтик стандарттар, жаңы окуу программалары жана окуу китептери, окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун жаңы ыкмалары, мугалимдерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу форматынын өзгөрүшү шартында 2025/2026-окуу жылына педагогдорду усулдук жана уюштуруучулук жактан даярдоо.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева ачты.

— Биз бир багытта бара жатабыз. Бул багыт — Алтын Казык. Сиздер билгендей, бул жылдыз көчмөн элдин компасы болгон. Бүткүл дүйнөдө бир гана миссия бар — сапаттуу муунду тарбиялоо. Бул биздин башкы максатыбыз. Биздин багыт — бала жана билим. Баарыбыз ушул багытта биригишибиз керек. Президент толук колдоо көрсөтүүдө. Финансылык жана технологиялык колдоо бар. Биз бул ишенимди акташыбыз зарыл. Бүгүн мектеп директорлору өз миссиясын так түшүнүшү керек. Директор — бул лидер. Ал ишти уюштуруп, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун таба билип, социалдык ынтымакты камсыз кылышы керек. Кадрларды тандоо да толук санарип форматка өтөт. Биз учурда календардык-тематикалык пландарга чейин даярдап бердик. Бул сиздерге бир жагынан жеңилдик болсо, экинчи жагынан чоң жоопкерчилик. Сиздер — жаңылыктын жарчысыздар. Завуч — бул мугалимдердин ишин уюштурган, көзөмөлдөгөн жана баалаган негизги фигура. Биз мугалимдердин жетишкендиктерин онлайн баалайбыз. Жалпы тестирлөө, олимпиадалар да онлайн форматта өтөт. Андыктан, ар бириңиздер жаңы билимдердин алып жүрүүчүсү болушуңуздар керек. Завучтар 12 жылдык билим берүү системасына өтүү учурунда мугалимдерге колдоо көрсөтүүгө тийиш. Ошондой эле ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Башкача айтканда, коркпош керек. Биз дайыма жаныңардабыз жана жардам берүүгө даярбыз, — деди министр.

Андан соң ал айлык акы эки этап менен көтөрүлөрүн, билим берүүнүн азыркы абалы тууралуу айтып, мындан ары  сапаттуу ресурс үчүн күрөшүү мезгил келгенин баса белгиледи.

ЖАҢЫЛАНУУ ЖАРЧЫЛАРЫ

— Билим сапаты өтө төмөн. Ал биздин коомдогу жүрүш-турушубуздан, социалдык жоопкерчилигибизден, эмгек рыногундагы ордубуздан көрүнүп турат. Өткөндүн баалуулуктары менен азыркынын ийгиликтери менен айкалыштырып жаңы муундагы стандарттар иштелип чыкты. Иштеген командага терең ыраазычылыкты айтам. Чоң мүмкүнчүлүктү колдон кетирбешибиз керек. Мындан ары кирди-чыкты мугалимдерге жол жок. Өзүнүн предметин билеби, эмнени окуду деп текшерүүдөн өтөт, жооп бере албаса мектепке кабыл албайбыз, — деди Догдуркүл Шаршеевна.

ЖАҢЫЛАНУУ ЖАРЧЫЛАРЫ

Форумдун программасы модулдук форматта уюштурулган. Бул катышуучуларга жаңы окуу жылына даярдыктын негизги аспектилерин терең изилдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ал алты модулду камтыйт: жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты жана Базистик окуу планы, жаңыртылган предметтик стандарттар, 1-, 2-, 5- жана 7-класстар үчүн жаңы окуу программалары, «Баалоо» улуттук баалоо программасы, санариптик ресурстар жана квалификацияны жогорулатуунун жаңыртылган курстары. Өзгөчө көңүл жасалма интеллектти билим берүүдө колдонуу, «Күндөлүк» АИСи, «Мугалим», «Санарип Кампа» платформалары жана билим берүү практикасын байкоо куралы аркылуу насаатчылык көндүмдөрүн өнүктүрүү өңдүү заманбап ыкмаларды өздөштүрүүгө бурулат.

ЖАҢЫЛАНУУ ЖАРЧЫЛАРЫ

Форумдун алкагында секциялык окутуулар, практикалык мастер-класстар жана талкуулар өтөт. Алар аркылуу катышуучулар «Кыргыз тили», «Орус тили», «Математика», «Табият таануу», «Тарых» жана башка сабактар боюнча жаңыртылган программалар менен таанышып, баалоонун жаңы ыкмаларын жана билим берүү процессин башкарууга арналган санарип куралдарды өздөштүрүшөт. Ар бир күндүн соңунда «Ыкчам жолугушуу» сессиялары уюштурулуп, тажрыйба алмашууга жана актуалдуу маселелерди талкуулоого шарт түзүлөт.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айында ушундай эле форматта өткөн Педагогикалык форумдун алкагында өлкө боюнча 600дөн ашуун завуч жана методист окутуудан өткөн.

«Жаңылыктын жарчысы» форуму Кыргызстандын педагогдор коомчулугун чыңдоонун маанилүү кадамы катары мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана 12 жылдык билим берүү моделине ийгиликтүү өтүүгө өбөлгө түзөт.

Ал эми Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо Республикалык институтуна 12 жылдык мектептик билим берүүгө этап-этабы менен өтүү боюнча жер жерлерде аткарылып жаткан иш-чаралар жөнүндө маалыматтардын негизинде усулдук колдоону үзгүлтүксүз көрсөтүү;  ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5нен кечиктирбестен жер жерлерде аткарылып жаткан иш-чаралар жөнүндө маалыматтардын негизинде даярдалган жалпы маалыматты Агартуу министрлигине тапшыруу милдеттендирилген.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер