ЖАҢЫЧЫЛДЫККА УМТУЛГАН МЕКТЕП

  • 26.02.2019
  • 0

2017-2018-окуу жылында электрондук китепкана боюнча пилоттук негизде республикадан 60 мектеп тандалып алынган. Ага Тогуз-Торо районундагы  №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби да кирген. Жакында аталган мектепте «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата электрондук китепканасы боюнча  “Заманбап билим берүү — келечекке бекем пайдубал болот ” аттуу өткөн семинарда мектептин мугалимдери электрондук ресурстарды сабактарында колдонуп жаткан тажрыйбаларын ортого салышты. 

ЖАҢЫЧЫЛДЫККА УМТУЛГАН МЕКТЕП

Заманбап билим берүү — келечекке бекем пайдубал

Семинарды ачып жатып, мектептин директору Гүлзада Шайыкова Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын алкагында иштелип чыккан электрондук окуу материалдардын мультимедиалык комплекстери менен бир  класс-комплект:   20 компьютер,  4 ноутбук, 4 проектор, сервер, компьютер столдору жана отургучтары менен 1540427 сомго жабдыганын баса белгиледи.

ЖАҢЫЧЫЛДЫККА УМТУЛГАН МЕКТЕП

  • 5-9-класстар үчүн “Билим булагы ” жана  башталгыч класстар үчүн “Ай билим” сайтындагы предметтик программаларда аудио уктуруу, видео көргөзмөлөр, тесттик иштер жана башкалар киргизилген. Мында  мугалим үчүн да, окуучу үчүн да даяр материалдар бар жана  билим берүүдө жеңил экен. Окуучу керектүү маалыматты алуу менен окууга жана угууга, көрүп баамдоого, ошондой эле өз алдынча иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жаткандыгын айтып жатышат.  Мектепке электрондук китепкананын кириши жамааттка эле эмес, жалпы район жаңылык катары кубануу менен кабыл алдык, — деди Г.Шайыкова.

Инвестиция тартуу боюнча демөөрчүлөрдүн жардамы менен класс кабинеттер заманбап жаңы жабдыктар менен жабдылып келе жатат. 2018-2019-окуу жылында орус тили каанасына 20  миң сомдук шкаф, тарых каанасына 20 миң сомдук шкаф, математика каанасына 20 миң сомдук телевизор, “Мерсико” долбоору менен мектеп коридоруна ысык-муздак суу чыгарылган. Мектеп ичине 40 миң сомдук видеокөзөмөл коюлган. Балдардын музыкалык шыгын ойготуу максатында 1 кыяк, 10 комуз сатылып алынган.

ЖАҢЫЧЫЛДЫККА УМТУЛГАН МЕКТЕП

  • Семинарга шайкеш демөөрчүнүн жардамы менен заманбап жасалга жана шкафы менен 80 миң сомго кыргыз тил каанасы ачылды. Кыргыз тил каанасы демөөрчү Сыйбүбү Эрмендирова атынан коюлду. Каананы  жетектеген жана өз салымын кошкон  кыргыз тили жана адабияты мугалими Ж. Кадыржанованы белгилеп кетүү керек, — дейт мектеп директору.
  • ЖАҢЫЧЫЛДЫККА УМТУЛГАН МЕКТЕП

Андан соң Тогуз-Торо  мамлекеттик администрация башчысы-аким Айбек  Кожошев өз сөзүндө мындай деди:  “«Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” жарлыгына ылайык бул мектептин бир класс-кабинети  электрондук китепкана менен жабдылып жатканы келечек муундар үчүн чоң пайдубал болуп эсептелет жана сапаттуу билим алуу үчүн   толук кандуу  заманбап технологиялар менен камсыз болуп жатканы биздин жетишкендик. Республикада 60 мектептин ичинде электрондук китепкана боюнча   №4  Иманберди уулу  Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кирип калышы жакшы көрүнүш”. Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиевдин айтуусунда, билим берүү уюмдары толугу менен интернеттик байланышка туташтырылганы турат. Мындан беш жыл №4 мектепте алгачкылардан болуп үч интерактивдүү тактаны демөөрчүлөрдүн жардамы менен камсыз кылышканын айтып, мындан кийин да жаңычылдыкка умтулуп иштөөгө үндөдү.

 

Инновациялык технология – мүмкүнчүлүктү кеңейтет

ЖАҢЫЧЫЛДЫККА УМТУЛГАН МЕКТЕП

Семинардын максаты — мектептин материалдык-техникалык базасынын чыңдалышы менен мугалимдердин ишмердүүлүгүн жогорулатууда электрондук китепканада сабактарды өтүү менен тажрыйба алмашуу, билим сапатын көтөрүүдө жаңычылдыкка умтулуу жана окуучуларды окутуунун жаңы инновациялык технологияларын колдонууга болгон мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү көздөйт.  Ошондой эле семинардын катышуучуларына “Билим булагы”,  “Ай билим” боюнча топтолгон  электрондук ресурстар жөнүндө маалымат берилди. 5-9-класстар үчүн тогуз предметтин, 1-4-класстар үчүн жети предметтин топтолгон материалдары менен информатика мугалими Бейшеева Зарина тааныштырып өттү.

ЖАҢЫЧЫЛДЫККА УМТУЛГАН МЕКТЕП

Ошентип семинардын катышуучуларына электрондук китепканадагы мультимедиалык ресурстарды пайдалануу менен мектеп директору Г.Шайыкова 5-класска “Сөз жасоо, сөздүн курамы ” деген темадагы  ачык сабагын өтүп, мугалим жана окуучу үчүн жеңилдиктер болорун көрсөтө алды.

ЖАҢЫЧЫЛДЫККА УМТУЛГАН МЕКТЕП

Тарых сабагы боюнча “Алгачкы дин ишенимдери” деген темада 5-класска окуу бөлүмүнүн башчысы Р.Кыдыкова , уюштуруучу Ж.Көлбаева 7-класска  кыргыз адабияты сабагынан  Жолон Мамытовдун “Буурул таңдын жомогу”, Бирикме жетекчилери Кадырберди кызы Элнура 4-класска орус тили сабагынан “Кыш”, биологиядан  8-класска “Организмдин  ички чөйрөсү” деген темада Ч.Назаралиева, 3-класска англис тилинен “Жаныбарлар” сабагын Г.Көчөрбаева, 1-класска  мекен таануу сабагынан Нарынбек кызы Мээрим  “Жолдо жүрүүнүн  эрежелери” деген темадагы сабактарын  жаңы ыкма менен интерактивдүү сабактарды жогорку деңгээлде өтүп, семинардын катышуучулары менен тажрыйба алмаша алышты.

ЖАҢЫЧЫЛДЫККА УМТУЛГАН МЕКТЕП

Жыйынтыгында  семинарга келген жергиликтүү бийликтин жетекчилери иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн белгилешти. Ал эми Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Уланбек Көчөрбаев директор Гүлзада Шайыковага мектептин материалдык-техникалык  базасын чыңдоого  кошкон салымы үчүн Ардак грамота, акчалай сыйлык менен сыйлады.

 Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер