ЖАҢЫ ЖЫЛ АЛДЫНДАГЫ ЖАГЫМДУУ ЖАҢЫЛЫК
- 20.12.2024
- 0
Эртең менен эшикке чыксам муздак жел коштогон аба көөдөнүмө кире уйкумду умачтай ачып, ичиркенте үшүтүп жиберди. Аяздын апапакай кристалдуу назик чачыранды муздуу аязы ар кай жерден көзгө урунуп, балалыктын баёо кезин эске чагылтат. Саат жумушка баруу убагын көрсөтүп калат эми эле… Биздин мектепте болсо кызуу иш…
№30 Кара-Үңкүр жалпы орто билим берүүчү мектебинде Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын 100 жылдыгына карата «Окутуунун моделдөө технологиясын башталгыч класстарда колдонуу» аттуу аймактык семинары болуп өттү.
Оронуп-чулганып жылуу кийинген мугалимдер Кайыңды тоосунун астында жайгашкан Ак-Башат, Көк-Серектеги №24 Токтогул, Өзбекстан менен чекаралаш жайгашкан №21 Совет, Жаңы-Шаар, Ажек, №19, №45 Көк-Серек орто мектептеринен эмгекчил, жоопкерчиликтүү мугалимдер келишти.
Сүрөттөрдө көрүнүп тургандай, адатта өзүнүн ишине жоопкерчиликтүү менен караган чыйрак жаш мугалимдер Айзада Балпыкова, Замира Уразова, Канат Усупбеков «Айтматов ааламы балдардын көз карашы менен» аталышындагы класстык ачык саатын семинарга келген конок мугалимдердин катышуусунда кызуу талкуу жаратып, моделдөө технологиясын өзгөчө чеберчилик менен өттү.
Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү, суроо жооп, фантазиялуу мимика көндүмдөрүн, аяз атанын кабындагы белектерди ачуудагы сыр сөздөрдү чечмелөө, тамгалардан башталган обондуу ырларды аткаруу жана башка толгон-токой кызыктуу көнүгүүлөрдү пайдаланышты.
Аталган мектептин чыгармачыл, кошумча музыкалык сабаты бийик башталгыч класстын мугалими Балтабаева Чынара эжеке жана кол кабыш кылган Садирова Элмира «Кыргыз элинин каада-салттары» аттуу теманы жандуу нарктуу, салттуу түрдө кызыктуу өтүп берди. Анын негизинде төмөнкүлөргө кеңири токтолду.
Башталышында эшиктин алдынан босогодо эле мугалимдерди улуттук каада-салтка ылайык тосуп, сары майдан ооз тийгизип, боорсок менен оозантып, арча түтөтүп алас-алас айтып киргизди. Андан соң кыргыздын көөнөргүс салттарына кеңири түшүндүрмө берилди. Алар төмөндөгү балага байланышкан салттарды чечмелешти.
Бешик той. Наристени кундактан чыгарып, биринчи жолу бешикке салар күнү айылдагыларды, туугандарды чакырып берилген тамак. Көбүнчө байбичелер, аялдар чакырылат. Бешик тойго чакырылгандардын ар кимиси өз алыш-бериштерине жараша, баланы бешикке бөлөөгө керектелчү нерселерди (мамык олпок, саймалуу жаздык, асемделген боортко, түрдүү ороочтор ж.б.), баалуу буюмдарды, мал алпарышат. Сый ортологондо бешикти сакалдуулап жасап, шимеги, чулгоолору жылытылат. Алардын бардыгы арча түтөтүү менен аласталып, бешиктин алкак, буттарын, туткасын майлап наристени бешикке бөлөшөт. Чогулгандар тамактарын ичип, жакшы каалоо, баталарын берип тарашат.
Тушоо кесүү той. Кыргыз эли илгертеден эле бөбөктүн эмгектей башташы, каз-каз турушу, баса башташы үчүн абдан камкордук көрүшкөн. Жаш келиндерге балдарын багууга, тарбиялоого байбичелер, бала багууга өтө жөндөмдүү аялдар жакындан жардамдашкан. Бала тамтаң-тумтаң баса баштагандан тартып, ага атайын чыгырык жасап, баланы чыгырык менен жетелеп бастырышкан. Чоң ата, чоң эне, ата-энелер баланын баса баштаганына кубанып, тушоо кесүү тоюн өткөрүшкөн. Тушоо кесүү тоюн өткөрүүгө атайын даярданышкан. Той салт боюнча көбүнчө шаршемби күнү өткөрүлгөн. Ага катышуу үчүн айыл аксакалдарынан баштап балдарга чейин чакырылган. Тойго келгендерге атайын дасторкон жайылып, сый көрсөтүлгөн.
Баланын тоюн өткөрүү үчүн той башкаруучу дайындалат. Жарышты баштоочу жер жана мара белгиленет. Башкаруучу тойго келген аксакалдарды баш кылып эркектерди, аялдарды маранын айланасына, жердин шартына жараша катар отургузат. Жарышка өңчөй уул балдар же кыздар катышат. Чоң кишилерди жарыштырган учурлар да болот. Тушоосу кесилүүчү баланы таза кийинтип, марадан 10–15 метр алыстыкта атасы, же апасы же болбосо айыл аксакалдарынын бири эки бутун ала жип менен тушап кармап турат. Башкаруучунун жардамчылары жарышка катышуучуларды чуркай турган жердин башталышына алып барып тизет да,чуркоого белги берет. Башкаруучу болсо марада турат. Катышуучулар марага жарышып чуркап келишет.
Баланы атасы же апасы кармап турса, тушоону жарышта биринчи болуп келген бала кесет. Тушоону кескен бычакты же макини ошол кескен бала алат.
Сүннөт той. Баланы отургузууда өткөрүлүүчү той. Ал айрым райондордо үч күнгө созулат. Биринчи күнү той кеңеш өткөрүлүп, тойго арналып багылган мал (аны баланын таятасы, таякелери алып келет) союлат ж.б. даярдыктар өткөрүлөт. Экинчи күнү той башталат, алыс-жууктан коноктор келет, аларга тамак тартылат, айылдагы үйлөргө коноктоого бөлүштүрөт. Байгелүү оюндар уюштурулат. Үчүнчү күнү конокту узатаар күн деп аталат. Бул күнү бала сүннөткө отургузулат жана тойго келгендер тамактанып тарап кетишет.
Катышуучулар семинар өз максатына жеткенин баса белгилешти. Сын-пикир айтуу убагы көпкө созулду… Салт, нарк бузулбасын десек, балдарга мектеп жашынан эле мындай улуттун касиеттерин үйрөтүү зарылдыгы да айтылды. Жыйынтыгында, тарыхка, салтка, заманбап билимдин маселелерине арналган иш-чарадан мугалимдер пайдалуу маалымат алышып, түшүмдүү кайтышты.
Ашира КУЛИШЕВА,
«Кут Билим» гезитинин сырт кабарчысы, Ала-Бука району
Комментарийлер