ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА СУНУШТАЛГАН ОКУУ КИТЕПТЕРИНИН ТИЗМЕСИ

  • 14.08.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2024-2025-окуу жылында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары тарабынан колдонулушуна уруксат берилген окуу китептеринин тизмегин сунуштайт.

Эскерте кетсек, тизмеге киргизилген окуу китептери буга чейин билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана ага караштуу мекемелердин чечимдери менен жактырылып, билим берүү процессинде колдонууга сунушталып келген.

Тизмек өлкөнүн билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөрдү жана жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фонддорун эске алуу менен өткөөл мезгилдеги тизмек катары түзүлдү.

Тизмек азыркы учурда актуалдуу болуп саналган предметтик стандарттарга жана окуу программаларына ылайык иштелип чыккан окуу китептери белгиленген тартипте колдонууга сунушталган учурларда толукталып турат.  

Кыргыз кл. окуу китептеринин тизмеги —  файл (пдф)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер