ЖАҢЫ МУУНДАГЫ ОКУУ КИТЕПТЕРИ КАНДАЙЧА ЖАЗЫЛАТ?
- 19.01.2021
- 0
2021-жылдын 19-январында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий китепканасында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби” борбору уюштурган «Жаңы муундагы окуу китептерине коюлуучу талаптар» аттуу тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столго окуу китептеринин авторлору, келечекте автор болууну ниет кылган адамдар жана басма үйлөрүнүн жетекчилери катышты.
Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев сөз сүйлөп, өз сөзүндө министрликтин негизги милдеттеринин бири- окуу китептеринин сапатын жогорулатуу экендигине токтолду жана жаңы түзүлгөн Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби” борбору боюнча төмөнкүлөрдү белгиледи:
-Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби борбору” түзүлдү. Мындан ары окуу китептерин, окуу-усулдук комплексттердин сапатына жаңы түзүлгөн мекеме жооп берет.
Бул мекемени түзүүнүн максат-милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- Окуу-усулдук комплексттердин (окуу китеби) мазмунун жакшыртуу;
- Кыргызстандын мектептери үчүн китеп жазган авторлордун базасын түзүү, аларды окутуу;
- Окуу китептерди экпертизадан өткөрүүчү эксперттердин базасын түзүү, аларды окутуп сертификациялоо;
- Окуучуларды сапаттуу, катасыз, жаңы муундагы окуу китептери менен камсыздоо;
- Жаңы муундагы окуу китептерине коюлуучу талаптарды иштеп чыгуу;
- Санариптештерүүнү алкагында “Электрондук окуу” китептерин даярдоону колго алуу, экспертизадан өткөрүү;
- Басма үйлөрү, авторлор тарабынан даярдалган окуу китептерин экспертизанын 4 түрүнөн өткөрүү:
- Илимий экспертиза;
- Илимий-педагогикалык экспертиза;
- Антидискриминациялык жана гендердик экспертиза;
- Педагогикалык-практикалык (апробация) экспертиза.
Эскерте кетүүчү жагдай: Мурда окуу китептери 1 гана экспертизадан өткөрүлүп келген. Азыр сапатты камсыздоо үчүн 4 экспертизадан өткөрүлөт. Мындан ары Кыргыз билим берүү академиясы (КАО) окуу китептерин экспертизадан өткөрбөйт. КАО окуу-усулдук колдонмолорду гана экспертизадан өткөрөт,- деди министр өз сөзүндө.
Министрдин сөзүнөн кийин Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби” борборунун директору К.Акматов мекеменин ишмердүүлүгү менен, ал эми “Китеп басып чыгаруу” секторунун башчысынын милдетин аткаруучу Э.Каныбеков “Окуу китептерин даярдоону уюштуруунун эрежелери” жобосунун жаңы долбоору менен тааныштырды.
Тегерек столдун катышуучулары күн тартибиндеги маселелер боюнча “Окуу китебинин” адистерине бир катар кызыккан суроолорун беришип, аны талкуулап, жоопторун алышты. Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары аларга өз сунуштарын да айтышты. Айрым басма жетекчилери да сөз алып, алдыда жаңыча иштөө мезгили келгенин, ошол талаптарга ылайык иштешүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Аягында Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.Жусупбекова катышуучулардын көптөгөн суроолоруна жооп берүү менен чоң ыраазычылык билдирди.
-Окуу китептеринин сапатын жакшыртуунун чоң тарыхый мезгилинин алдында турабыз. Бул иште бирге тынбай, таза иштеп берүүңүздөрдү каалайм. Сиздерден түшкөн сунуштарды да эске алабыз, -деди Н.Жусупбекова.
М.Токторов,
“Кут Билим”
Комментарийлер