ЖАҢЫ МУУНДАГЫ «КЫРГЫЗ ТИЛИ» ОКУУ КИТЕПТЕРИН ЖАЗУУГА АВТОРЛОР ТАНДАЛДЫ
- 09.04.2026
- 0
Жаңы муундагы «Кыргыз тили» предмети боюнча (эне тил жана экинчи тил катары) окуу китептерин жазууга авторлорду тандоо боюнча өткөрүлгөн экинчи республикалык сынактын жыйынтыгы чыгарылды.
Сынак мектеп окуу китептерин жаңыртуу жана өлкөнүн 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында уюштурулду.

Жыйынтыгында жаңы муундагы окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн төмөнкү авторлор тандалып алынды.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси
Кыргыз тили (эне тил катары):
Батмакан Абдухамидова
Сулайман Рысбаев
Айгүл Жээренчиева
Асель Жүрсүн кызы
Гүлбара Сыдыкова
Салкын Карипова
Нуржан Бийгелдиева
Бейшенбай Усубалиев
Атыркүл Рыскелдиева
Асылкан Маматова
Зарина Абдышева
Сонайым Каратаева
Гүлмира Конокбек кызы
Кыргыз тили (экинчи тил катары):
Максаткан Шабданова
Кыялбек Акматов
Улан Дүйшөналы уулу
Айым Усупбаева
Уулкан Камбаралиева
Айгүл Батыркулова
Гүлүмкан Анарбекова
Кыял Токтоналиева
Гүлбара Шүкүрова
Бул авторлор жаңы билим берүү мазмунуна ылайык заманбап, окуучуга багытталган окуу китептерин иштеп чыгууга катышат.
Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА «Кут Билим»


Комментарийлер