Бишкекте масштабдуу ЖАШТАР ФОРУМУ болуп өттү

  • 06.03.2025
  • 0

5-мартта Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жаштарды чогулткан масштабдуу форум болуп өттү.

Бишкекте  масштабдуу ЖАШТАР ФОРУМУ болуп өттү

Иш-чаранын негизги максаты – жаштарда зомбулуктун, экстремизмдин, баңгиликтин алдын алууга багытталган туруктуу баалуулуктарды калыптандыруу. Форумда спикер-депутаттар, белгилүү спортчулар жана актёрлор өздөрүнүн турмуштук тажрыйбалары жана мотивациялык окуялары тууралуу айтып беришти.

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери тарабынан даярдалган спектакль тартууланды. Ал окуучулар арасындагы укук бузууларга жана аларды алдын алуунун жолдоруна арналды.

Форум коопсуздуктун, жаштар демилгесин өнүктүрүү жана жоопкерчиликтүү жарандык коомду калыптандыруу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп калды.

Уюштуруучулар мындай иш-чаралар активдүү  жаңы муунду тарбиялоого олуттуу салым кошот деген ишенимин билдиришти.
Форум Кыргызстандын башка облустарында жана райондорунда улантылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер