ЖАҢЫ МУУН – ЖАҢЫ МАЗМУН

  • 14.03.2025
  • 0

Ошентип, муз ордунан жылды… Өкмөт 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн активдүү фазасын баштады. Быйылкы окуу жылында 12 жылдык билим берүүгө тыкыр даярдык жүрүүдө. Окуу китептери жаңы билим берүү стандарттарына ылайыктап даярдалат. Алдыдагы окуу жылдан баштап мектептер 12 жылдык билим берүүгө өтө башташат. Ошондо мектептердеги башталгыч, орто жана жогорку класстардын окуучулары бирден классты аттап өтүшөт. 12 жылдык билим тууралуу алгачкы аттестат 2028-2029-жылкы окуу жылы аяктаганда берилери белгилүү болду.

Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат.

10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган.

Ошентсе да, 12-класс деген бул бир жыл кошулат дегендик эмес. Болгону азыркы «нөлүнчү класс» биринчи деп аталат. Азыр 1-класска ар кандай даярдыктагы балдар келүүдө. Айрымдары бала бакчадан окуганды, жазганды үйрөнүп келсе, андай базалык даярдыгы жок, эчтеке билбей келгендери да бар. Ошондон улам кийин сабактарга жетишүүдө айырмачылыктар жаралууда. 12 жылдык окутуу мына ушул көйгөйдү эске алган. Эми мектепке алты жашынан кабыл алынып, алардын жаш курагына жана жөндөмүнө жараша окуу программасы түзүлөт. 1-класс алар үчүн адаптация мезгили болуп, окуу жараяндары оюн түрүндө өтүп, баланы ар тараптан өнүктүрүүгө көңүл бурулат. Негизги окутууга ушундай акырындык менен өтүү стрессти азайтып, окууга болгон ынтызарлыгын жогорулатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, учурда 12 жылдык мектептин жаңы стандарты, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн предметтик стандарттарынын долбоору, билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуунун жаңы модулдары иштелип чыкты. Мындан тышкары, мугалимдердин компетенттүүлүгүн өнүктүрүүдө, аларга методикалык жардам берүү максатында «Методикалык куржун» бөлүмү иштелип чыгып, Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтунун сайтында жайгаштырылды. Бул методикалык куржунда 22 предмет боюнча 110дон ашык сабак, окуу пландар, видеосабактар киргизилген. 12 жылдык билим берүүнү ишке ашырууну маалыматтык жактан камсыздоодо мониторинг жүргүзүү боюнча штаб түзүлдү. Мектептердеги билим берүүнүн сапатына такай мониторинг жүргүзүлүп, мурдатан тандалып алынган 200дөй мектептин базасында эл аралык PISA-2025 иликтөөсүнө тыкыр даярдык жүрүп жатат. Ал эми билим берүүнүн мазмунунда кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө, бул суроолорго Кыргыз Билим берүү академиясынын вице-президенти Мелис МУЗУЛМАНОВ жооп бермекчи.

ЖАҢЫ МУУН – ЖАҢЫ МАЗМУН

— Мелис агай, бүгүнкү маекти төмөнкү суроодон баштасак. Улуттук билим берүүнүн жаңы модели деген эмне?

— Улуттук билим берүү модели – бул дүйнөлүк алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын, ошондой эле өзүбүздүн улуттук менталитетти, улуттук өзгөчөлүктү жана өлкөбүз бараткан стратегиялык максаттарды эске алуу менен иштелип чыккан окуу системасы болуп эсептелет. Дүйнөнүн 150 өлкөсү: АКШ, Сингапур, Финляндия, Грузия, Казакстан балдарын ушул модель менен окутат. Бул маанилүү кадамга барууда биз жарандык иденттүүлүктү калыптандыруучу «Кыргыз жараны» концепциясын, акыркы убактарда абдан актуалдуу болуп бараткан «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолун», Кыргыз Республикасынын 2023-жылы өзгөртүлгөн «Билим берүү жөнүндө» мыйзамын жана «Алтын казык» Кыргызстандагы билим берүүнү трансформациялоо программасын жетекчиликке алып, улуттук билим берүү моделин иштеп чыктык. Анда учурдагы стандарттар өзгөртүлүп, адистештирилген класстарды уюштурууга көңүл бурулат. Бул кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдүн аттестатын чет мамлекетте таанууну жеңилдетет.

– Окутууда негизги басым эмнеге жасалат?

– 12 жылдык билим берүүнүн максаты окуучуларда жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө ийгиликтүү аракеттенүүсүн камсыз кылуучу компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу болуп саналат. Өзүңөргө белгилүү болгондой, мурдагы билим берүү системаларында окутууда окуу материалын эске кармап калуу маанилүү болсо, жаңы моделге ылайык турмуштук татаал кырдаалдардан чыга билүүгө, мында башкалар менен өнөктөш болууга, кызматташууга өзгөчө маани берилип, жаш адамдын санариптик жана маалыматтык сабаттуулугу, эмоционалдык интеллектиси, өзүнө-өзү кам көрө билген ден соолук маданияты, өзүн-өзү уюштура билүүсү, жаратылыш жөнүндө кам көрө алган экологиялык жана функционалдык сабаттуулугу, сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүүсү ар тараптан кубатталат. Билим берүүдөгү бул негизги компетенттүүлүктөр акыр аягында өз алдынча аракеттене алган Кыргызстандын сезимтал, чыгармачыл, жоопкерчиликтүү, жаратман жана жаңы кырдаалдарга ийкемдүү инсанын калыптандырууга багыт-
талган.

– Билим берүүнүн түзүмүн өзгөртүүгө эмне түрткү болду?

– 12 жылдыкка өтүүдө бардык окуу стандарттары, окуу программалары, окуу китептери жаңыланат. Базистик окуу планында да өзгөрүүлөр күтүлөт. Ушундан улам бизде билим берүүнүн түзүмү да өзгөрөт. Буга чейин 1–4-класстар башталгыч класстар болуп келсе, жаңы окуу жылынан баштап, 1–6-класстар болуп калат. Жаңы түзүмгө ылайык 7–9-класстар ортоңку, 10-11-12-класстар жогорку класстар болуп эсептелет. Ошондо окуучулар биринчи баскычта алты жыл, экинчиде үч жыл, үчүнчүдө да үч жыл билим алышат.

– 1-2-класстардын предметтик стандарты өзгөрөбү?

– 1-2-класстын эле эмес, бардык класстардын предметтик стандарттары, окуу программалары өзгөрөт. Айрым предметтер интеграцияланат.

– Англис тили кайсы класстан баштап окутулат? Кайсыл авторлордун китептери колдонулат?

– Англис тили мурункудай эле 3-класстан баштап, 12-класска чейин окутулат. Өзүңүздөргө маалым болгондой, англис тили мектептерде Маршалл Кавендиш басма үйүнүн китептеринин негизинде окутула баштайт. «Окуу китеби» басма үйүнүн маалыматына ылайык, учурда ал китептер адаптацияланып, басууга даярдалууда.

– Илим предметин кимдер окутат?

– Жалпы трансформациянын алкагында бир топ интеграцияланган предметтер кирет деп айтып келе жатабыз. Мына ошондой жаңы интеграцияланган предметтердин бири — Илим. Ал дүйнөлүк практикада кеңири колдонулуп келет. Бул интеграцияланган предметтин ичине физика, биология жана химия предметтери кирет. Илим предмети 1-класстан 9-класска чейин окутулат. Муну жаңы окуу жылынан баштап физика, химия, биология мугалимдери окута беришет. Келечекте интеграцияланган предмет боюнча адистерди даярдоо иши жогорку окуу жайлар менен биргеликте жолго коюлмакчы.

– Илим предмети жогорку класстарда (10-11-12) окутулабы?

— Жогоруда айтылгандай, Илим предмети башталгыч жана негизги класстарда гана окутулат. Ал эми 10-11-12-класстарда физика, биология жана химия предметтери өз-өзүнчө үйрөтүлөт.

– Окуу жүктөмүндө кандай өзгөрүүлөр болот?

– Азырынча айрым себептерге байланыштуу, тактап айтканда, Маршалл Кавендиш китептеринин көлөмүнө жараша ар бир класска окуу жүктөмүн аныктап жатабыз. Менимче, Базистик окуу планында сааттардын көлөмү олуттуу өзгөрүүгө учурабайт. Сааттардын жүктөмүндөгү өзгөрүүлөр негизинен жогорку класстарда болот, анткени ага биз профилдик окутууну киргизебиз. Аларда милдеттүү сааттар азаят. Мисалы, мурун окуучу 30 саатты кааласа, каалабаса да окуган болсо, эми 10-11-12-класска келгенде, бул 20, 18 саатка түшөт да, калган 10 саат, 8 саат ошол окуучу тандаган профилге ылайык, мисалы, инженерияны тандаса, анда физика, математикага, эгер медицинаны тандаса, химия, биологияга, ал эми гуманитардык багытты тандаса, социалдык предметтерге көбүрөөк саат бери-
лет.

– Билим берүүнүн жаңы моделине ылайык окуучулардын окуудагы жетишкендиктери кандай бааланат?

– Мурдагыдай эле баалоонун үч түрү: диагностикалык, калыптандыруучу жана суммативдик баалоо колдонулат. Ошол эле учурда окутуунун деңгээлдери боюнча баалоонун өзгөчөлүктөрү бар экенин унутпасак. Мисалы, 1–3-класстарда баа коюлбайт, анын ордуна жазуу жүзүндө же оозеки түрдө сапаттуу сүрөттөөчү баалоого гана жол берилет.

Алимжан АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер