ЖАҢЫ ДОЛБООР КӨЗДӨГӨН БИЙИКТИК
- 11.10.2023
- 0
Бишкек шаарындагы №96 жалпы билим берүүчү орто мектебинин англис тили мугалими Айнура Сейитказиева «Англия экзаминейшнс» долбоорунун алкагында уюштурулган он күндүк жайкы семинарга катышып келген. Жакында долбоордун өкүлдөрү келип, англис тили ийриминин окуучуларына 50 окуу китебин тапшырып кетишти.
Жаш педагог катышкан жогорудагы кесиптик билимди жогорулатуу курстары быйылкы жайда Ысык-Көл районундагы Кош-Көл айылында жайгашкан №85 кесиптик-техникалык окуу жайдын базасында уюштурулду. Айнура эжей алган билимине ыраазы экенин айтат.
— Тилди деңгээлдер боюнча окутуу методикасы менен жакындан тааныштык. Окуу китебинде окуучулардын бардык тилдик көндүмдөрүн калыптандыруу эске алыныптыр. Мугалимдер үчүн да колдонмосу бар экен. Тексттерди, диалогдорду окуучулар китепте берилген QR-код аркылуу окуй алышат, — деди мугалим.
Эми «Англия экзаминейшнс» долбоору тууралуу эмнени билебиз, ошого кайрылып көрөлү. Биздин өлкөдөн тышкары дүйнөнүн 46 өлкөсүндө франшиза моделинде иштеген бул билим берүү демилгеси Англиянын Чичестер колледждер тобуна таандык болуп эсептелет.
Эл аралык Чичестер колледждер тобунун жана «Англия экзаминейшнс» долбоорунун директору Стивен Банистердин айтуусунда,
«Anglia Examinations» — бул дүйнө жүзү боюнча тил үйрөнүүчүлөрдүн англис тилин үйрөнүүдөгү угуу, сүйлөө, окуу жана жазуу сыяктуу төрт тилдик көндүмдөрүн баалоочу глобалдык уюм.
— Бул биз расмий түрдө иштей алабыз дегенди билдирет, анткени Чичестердеги биздин башкы колледжибиз британиялык балдарды өтө жогорку деңгээлде окутуу үчүн салык акчасын колдонот жана бул «Anglia» менен биз өтө этият, өтө күчтүү башкаруучу болууга тийиш экенибизди билдирет, анткени биз элди окутуш үчүн элдин акчасын сарптап жатабыз, — деп баса белгиледи ал.
Англис тил мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу «Anglia Examinations» долбоорунун маанилүү багыттарынын бири десек жаңылышпайбыз.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен аталган долбоордун ортосунда кол коюлган Өз ара түшүнүшүү меморандумуна ылайык, «Anglia Examinations» Кыргызстанда англис тил мугалимдерин даярдоо ишине, студенттик жана академиялык алмашуу программаларына, китеп басып чыгарууга, мамлекеттик билим берүү стандарттарына таянып билим берүү ресурстарын иштеп чыгууга, мектепке чейинки билим берүү жана кош квалификация ыйгаруу жаатындагы биргелешкен иш-чараларга активдүү катышат.
— Бүгүнкү күндө илим боюнча маалыматтын 85 пайызы англис тилинде экени белгилүү. Ошондуктан, «Anglia Examinations» долбоору инновациялык методдорду колдонуу менен англис тилин окутуунун усулдарын киргизүү аркылуу калктын потенциалын өнүктүрүп, жарандардын тил көндүмдөрүн жогорулатууну көздөйт, — дейт долбоордун Кыргызстандагы жетекчиси Тилек Үркүнчиев.
Азырынча аталган долбоор Нарын, Ыссык-Көл, Баткен, Чүй, Бишкек, Ош облусунан 20 мектеп менен иштешип жатыптыр.
— Биз менен иштөөгө макул болгон мектеп мугалимдерине «Anglia Examinations» долбоорунун методологиясын үйрөтүүгө милдеттенебиз жана англис тил мугалимдери үчүн өркүндөтүлгөн тренингдер өтүлөт. Тренингге катышкан мугалим өз мектебинде 50дөн кем эмес окуучуну англис тил ийримине тартып, долбоор тарабынан даярдалган окуу китептерин пайдаланып билим берет. Бизде бардык тилдик деңгээлдер боюнча окуу китептери бар. Окуучулардын билимин тесттер аркылуу бааланат. Эң мыкты көрсөткүчтү камсыз кылган мектептин директору менен англис тили мугалимине Улуу Британияга он күнгө жолдомо берилет. Мындан тышкары да белектерибиз толтура. Сынактын мөөнөтү үч жылга созулат, — деди Тилек Үркүнчиев.
Долбоордун алдында англис тили мугалимдери үчүн маалыматтык-ресурстук борборун жана Улуттук университеттин базасында Тест борборун ачуу, эл аралык дипломдорду берүү практикасын киргизүү, эл аралык университеттерге тапшыруу үчүн тестирлөөгө даярдоо, Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринде жаңы багыттарды ачуу милдеттери турганын окурмандарга кабарлай кетели.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер