ЖАҢЫ БАНКНОТТОР ЖҮГҮРТҮҮГӨ КИРДИ

  • 16.02.2024
  • 0

Кыргызстанда 15-февралдан тарта 2023-жылдагы үлгү боюнча улуттук валютанын 20, 50 жана 100 сом номиналындагы жаңы 5-сериядагы банкнотторду жүгүртүүгө киргизилет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын өкүлү Мелс Аттокуров билдирди.

ЖАҢЫ БАНКНОТТОР ЖҮГҮРТҮҮГӨ КИРДИ

Анын айтымында, жаңы сериядагы банкноттордун негизги сюжеттеринин багыты – Кыргызстандын тарыхый-маданий мурасын чагылдыруу – өзгөртүүсүз калтырылды. Алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери сакталды, ал эми арткы бетинде республиканын ажайып кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү өзгөртүүсүз калтырылды.

— Кыргызстандын жаңы банкноттору жасалма жол менен акча чыгаруудан талаптагыдай коргоону камсыз кылган, заманбап коргоо элементтеринин үч деңгээлден турган комплексин камтыйт. Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргызстандын аймагында расмий төлөө каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөө каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш, — деди ал.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер