ЖӨЖӨНҮ КҮЗДӨ САНАЙБЫЗ

  • 03.03.2023
  • 0

ЖӨЖӨНҮ КҮЗДӨ САНАЙБЫЗ

Өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлар жыйынтыктарды күздө берип башташы керек. Бул тууралуу 27-февралда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев өзгөчө макам алган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен болгон жолугушууда айтып, жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди. Министрдин айтымында, 17-мартта жогорку билим берүү тармагын реформалоо, ЖОЖдордо менеджментти өнүктүрүү сыяктуу бир катар маселелер боюнча кеңешме өтөт. «Азыр өзгөчө макам алган окуу жайларга талап катуу. Бирок аткарылып жаткан иштерге бир жыл өтмөйүнчө баа берүү кыйын. Анткени азыр силерде кайра түзүү, уюштуруу иштери жүрүп жатат. Күздө беш университет боюнча рейтинг кылабыз. Атайын бир күндү жождордун ректорлорун кабыл алуу күнү кылам. Бул күнү керек болсо түнгө чейин ар бир жетекчини кабыл алам. Кандай маселе болбосун түз келип кеңешсеңер болот. Кесиптик билим берүүдө 50/50 өндүрүш болушу керек. Өнүгүүгө бут тоскон бардык тоскоолдуктарды жойгонго аракет кылабыз. Башкача айтканда, мен силердин коргоочуңар болуп берем. Болгону силер башталган иштин аягына чыгарышыңар керек», — деди Каныбек Иманалиев.

Буга чейин Президенттин Жарлыгы менен өлкөдөгү бир нече окуу жайлар тармагы боюнча беш чоң университетке бириктирилип, аларга өзгөчө макам берилген. Кыргыз экономикалык университети илим изилдөө институту макамын алган. Өзгөчө макам алган университеттер чарбалык-каржылык эркиндикке ээ болуп, ар тараптуу өнүгүүгө колдоо алат.

ЖӨЖӨНҮ КҮЗДӨ САНАЙБЫЗ

КУУнун беш жылдык өнүгүү планы

Өзгөчө макам алган окуу жайларда учурда уюштуруу, бириктирүү иштери жүрүүдө. Ар бири алдыдагы үч-беш жылга өнүгүү стратегиясын түзүп, уставдарын өзгөртүп, өзгөчө макамдагы университеттерге берилген укуктарын жазып чыгышты.

Кыргыз улуттук университети дагы алдыдагы беш жылга стратегиялык өнүгүү планын түзүп, бир багытта иш жүргүзө баштады. Университет дүйнөлүк билим берүү рыногунун талаптарына жана интеллектуалдык эмгекти коммерциялаштырууга багытталган Изилдөөчү университет моделин тандады. Муну менен, билим берүү жана изилдөө иштериндеги классикалык жана инновациялык өңүттөр балансын сактап, тобокелдиктер менен коркунучтарга адекваттуу жооп берип, чапчаң аракет кылуу жана эксперименттерге умтулуу менен кыска мөөнөттө алдыңкы ЖОЖдордун катарынан орун алууга бел байлайт.

2023-жыл университет үчүн эң маанилүү болуп эсептелинет. Себеби окуу жайдын башкармалыгы толук реформаланып, рационалдуу жана санариптик жолго түшөт. Окуу процессинин дүйнөлүк стандарттарга ылайык келген изилдөө университетинин шарттарына ыңгайлашуусу аяктайт. Эң башкысы финансылык-экономикалык базасы турукташтырылып, консолидацияланат, модернизацияланат жана инновациялык системага өтүү башталат. Эмгек акы системасынын реформасы аяктайт. Анын жыйынтыгында КУУ дефициттик абалдан профициттик абалга өтөт. Натыйжада экономикалык өсүү башталат.

Окуу жайда кечээ жакында эле жаңы түзүлгөн көзөмөлчүлүк кеңеш менен биргеликте илимдин кандидаттарына 1800 сом, докторлоруна 3600 сом үстөк акы кошуп берүү чечими чыгарылды. Андан сырткары декандардын илим боюнча орун басарларынын да эмгек акысы жогорулады.

Окуу жай жетекчилиги алдыдагы беш жылда акырындык менен эмгек акыны жүз пайызга көтөрүүнү пландоодо. Буга чейин илимдин доктору, профессор 28 миңдин айланасында эмгек акы алып келген болсо, 2027-жылы 58 миңге жетет.

Атайын каражаттар боюнча кирешени да эки эсеге көбөйтүү окуу жайдын жетекчилигинин эң башкы планында. 2022-жылы окуу жайдын атайын каражаттар оюнча кирешеси 730 миллион сом болсо, беш жылда бир миллиард эки жүз миңге жеткирет.

Ушул жылдын аягына чейин бардык илимий лабораторияларынын, институттарынын функционалдык абалынын инвентаризациясы менен баалоосу аяктап, 7-8 модулдан турган борбор (Технопарк) түзүлөт. Инфраструктурасын жакшыртууга да басым жасалат. Беш жылда медициналык клиникасы менен окуу имараты курулуп, канча жылдан бери бош жаткан №4 жатаканасы толугу менен реконструкцияланат. №8 окуу имараты капиталдык ремонттон өтүп, Киев көчөсүндө студенттер үчүн спорттук ден соолукту чыңдоочу борбору салынат.

ИЛИМИЙ ИНСТИТУТТАР ЖОЖдор МЕНЕН ИНТЕГРАЦИЯЛАНАТ

КР Президенти Садыр Жапаровдун атайын Жарлыгы менен Улуттук илимдер академиясынын натыйжалуу иштебей келе жаткан эки институту — Түштүк бөлүмүнүн гуманитардык жана региондук изилдөөлөр институту Ош мамлекеттик университетине, академик Дж. Алышбаев атындагы Экономика институту Кыргыз экономикалык университетине берилди. Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана экономика илимий изилдөө институту дагы Кыргыз экономикалык университетине кошулат. Андан сырткары академиянын он бир илимий изилдөө институту өзгөчө макам алган окуу жайлары менен интеграцияланат. Алар бири-бири менен тыгыз иштешип, практикалык-прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүп, илим менен окууну бир жүргүзүшөт.

КЕРЕКТҮҮ КЕСИПТЕРДИ ДАЯРДАЙЛЫ

«Биздин жогорку окуу жайлар 2030-2040-жылда зарыл боло турган эң маанилүү топ он кесиптин бир-экөөнү гана даярдайт экен. Кыргызстанда азыр энергетика тармагында жакшы иштер жасала баштады. Быйыл 100 чакан ГЭС курулуп баштайт. Бирок тилекке каршы, Кыргызстанда, чакан ГЭСти долбоорлой турган адис жок экен. Ушунча жылдан бери бул багытта бир дагы адис даярдабаптырбыз. Армиян жигит келип ар бирин 100 миң доллардан жасап жатат. Ар биринен 100 миң доллардан алганда эле акчанын баары Арменияга кетет. Ошондуктан бардык окуу жайлар артыкчылыктуу тармактарды тандап алып, бизде жок жана келечекте керек боло турган кесиптер боюнча адистерди даярдашы керек. Виртуалдуу реалдуулуктун дизайнери деген адистик бир да ЖОЖдо даярдалбайт экен. Отуз жылдан кийин кантебиз? Кайра эле Казакстандан, Россиядан чакыртабызбы? Андан сырткары нейропсихолог, иштеп чыгуучу программист, гиперкоопсуздук боюнча адис деген сыяктуу кесиптерди даярдоо зарыл. Азыр биоинженерия боюнча билим алган киши, он жылдан кийин миллионер болот», — дейт министр.

АЛМАШУУ САПАТТЫ ЖАКШЫРТАТ

Министр педагогдорду даярдаган жогорку окуу жайларга студенттерди алмашып окутууну практикалап көрүүнү сунуштады. Анын айтымында, студенттер ар бир курсун башка окуу жайлардан окуса мыкты натыйжасын берет. Мисалы, бир студент Ош мамлекеттик педагогикалык университетине тапшырса, экинчи курсун Ысык-Көл мамлекеттик университетинен, үчүнчү курсун И.Арабаев атындагы КМУдан окуп, Баткен мамлекеттик университетинен бүтүшсө болот.

– Бул бир катар маселелерди чечет. Биринчиден, бөлүнүү жоюлат. Баткенге барган ар бир киши патриот болуп келет. Себеби ал жакта ар бир жаран чек арачы. Экинчиден, интеграция болмок. Үчүнчүдөн, куда күтүп, ынтымак бекемделмек. Төртүнчүдөн, көлдүктөр Ошко барса окуган жеримди уят кылбайын, өзүм да уят болбоюн деп жакшы окумак. Кыргыздын куралы — намыс. Ушул жагын өз ара чечип алсаңыздар. Анан БатМУга барылап жардам берелик. Ондон студентин алып, окутуп берсеңер эң сонун болмок. Экинчи деңгээлин мен чечейин. Мисалы, физиктерди эң жакшы даярдаган окуу жайдын элүү студенти Новосибирскийге барып, жок дегенде бир семестр окуп келсин. Казакстандын эки жүздөн ашуун студенти бул жакка келсин. Мындай реформа жыйынтыгын кийинчерээк берет, — дейт министр.

Каныбек Капашович бул идеяны ишке ашыруу үчүн Билимкананын негиздөөчүсү Төлөн Тойчубаев менен да жолугуп, сүйлөшө турганын, ал ачып жаткан университеттин артыкчылыктарын жайылтуу зарылдыгын баса белгиледи.

– Төлөн Тойчубаев университет ачып жатат. Анын студенти 1-курсту Кыргызстандан окуса, 2-курсту Казакстандан, 3-курсту Грузиядан, 4-курсту Европадан бүтөт. Бизге да ушундай идеялар, алдыңкы тажрыйбалар керек. Биз анын лабораториясын бекер пайдалансак болот. Азыр бизде ушуга окшогон акча коротпой туруп, ички менеджментти туура пайдала турган көп мүмкүнчүлүктөр бар, — дейт.

Бөлүшүү

Комментарийлер