ЖҮРӨГҮН БАЛДАРГА АРНАГАН МУГАЛИМДЕР
- 07.10.2024
- 0
Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка мектебинде мугалимдердин кесиптик майрамына арналган “Жүрөгүмдү балдарга арнаймын” деген аталышта мугалимдердин катышуусунда флешмоб өттү.
Панфилов районундагы Вознесеновка мектебинин директору Жылдыз Асанбековна Джаиловадан алган маалымат боюнча учурда мектепте 61 мугалим эмгектенет. Окуучулардын жалпы саны — 1228 окуучу.
“Бул аалам – мээримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун бири-бирине кам көрүүчү аалам. Дал ушул жерде ар бир адам өзүнүн бул дүйнөгө келген миссиясын өтөйт эмеспи. Биз үчүн да ушул вазыйпа жоопкерчиликтүү, эң сүйкүмдүү, баалуу болгон мугалимдик кесип аркылуу келди. Балдардын жан дүйнөсүнө жуурулушуп, терең ишеним менен кам көрүү өзгөчө бакыт. Дегеле балдардын дүйнө таанымы, жаш, таптаза мамилеси адамды ары түйшүктүү, машакаттуу дүйнөдөн чыгарып, келечекке болгон шыктанууга алып келет. Бул мүнөттөрдү сезүү үчүн ушундай улуу вазыйпаны кармануу жана өзүн сүйгөн ардактуу кесиптин ээси гана болуу керек” – дейт мектептин директору.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер