ЖӨӨ КҮЛҮК ИЛЬЯ ТЯПКИН ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА БАРБАЙТ

  • 22.05.2024
  • 0

ЖӨӨ КҮЛҮК ИЛЬЯ ТЯПКИН ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА БАРБАЙТАнын жолдомо алганы жаңылыш жарыяланып калганын Эл аралык жеңил атлетика  федерациясы маалымдаган.

Кыргызстандык марафончу жөө күлүк Илья Тяпкиндин Париж олимпиадасына алган жолдомосу жокко чыгарылды. Эл аралык жеңил атлетика уюму анын аты-жөнү жеңүүчүлөрдүн катарына жаңылыш жазылганын, мындан улам тизмеден алынганын маалымдады. Бул маалыматты  «Кут Билим» медиа борборуна Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Маратович Аманкулов ырастап, Тяпкиндин спорттук рейтингдик көрсөткүчтөрү Париж олимпиадасына жолдомо алууга дал келбегендиктен ушундай чечим кабыл алынганын билдирди.

ЖӨӨ КҮЛҮК ИЛЬЯ ТЯПКИН ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА БАРБАЙТЭл аралык жеңил атлетика  федерациясы 12-майда Париж жайкы олимпиада оюндарына норматив толтуруп, жолдомо уткан спортчулардын тизмесин расмий жарыялаган эле. Ал тизмеге Кыргызстандан марафончу жөө күлүктөр Илья Тяпкин менен Сардана Трофимова кошулганын угуп, спорт күйөрмандары сүйүнүп жатышкан. Төрт күндөн кийин Тяпкин жаңылыш кошулуп калгандыктан тизмеден алып салынган.  32 жаштагы Илья Тяпкин 2016-жылы Рио-де-Жанейро олимпадасына катышып, байгелүү орунга илинген эмес.

«Ооба, мен Рaris2024 марафонунун катышуучуларынын тизмесинде болчумун, бирок бир жумага гана болдум! Анан мени ошол тизмеден алып салышты. Кантип же эмне үчүн деп сурабай эле койгулачы. Мен билбейм. Жашоо ушуну менен бүтпөйт жана мен чуркоону таштабай уланта берем», — деп жазды Тяпкин социалдык тармактардагы баракчасына.

Саналуу күндөрдөн кийин Парижде баштала турган олимпиада оюндарына  жеңил атлетика боюнча учурда Кыргызстанда жалгыз жолдомонун ээси Сардана Трофимова болуп турат.

Ошондой эле Канат Аманкулов олимпиада оюндарына дагы бир жөө күлүк, Токио олимпиадасынын катышуучусу, 1500 метр аралыкта Азия чемпиону Нурсултан Кеңешбеков жолдомо алып калышы мүмкүндүгүн белгиледи. Ал үчүн 24 жаштагы Нурсултан жакын арада Европа өлкөлөрүнүн бириндеги эл аралык турнирге катышып, алдыңкы орунду ээлеши зарыл.

Париж олимпиадасына учурда 12 жолдомо бар  

Учурда 12 кыргызстандык спортчунун Париж олимпиадасына жолдомосу бар. Алар: балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, балбан эр жигиттер Амантур Исмаилов, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев, сууда сүзүү боюнча  Денис Петрашов жана жөө күлүк Сардана Трофимова болуп саналат.

Эртең, 23-майда Таиланд өлкөсүнүн борбору Бангкокто бокс боюнча баштала турган Париж олимпиадасына  28 жолдомо ойнотула турган дүйнөлүк турнирге  кыргызстандык 6 бокс чебери катышып, акыркы ирет багын сынап көргөнү барышты.

ЖӨӨ КҮЛҮК ИЛЬЯ ТЯПКИН ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА БАРБАЙТБоксчулар Таидандга аттанаар алдында аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргызстандын бокс федерациясынын Ардактуу президенти Камчыбек Ташиев кабыл алып, аларга «акжол каалайм жана жолдомо утуп келүүгө аракет кылгыла» деди.

ЖӨӨ КҮЛҮК ИЛЬЯ ТЯПКИН ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА БАРБАЙТ Ошондой эле бул күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында өтүп дзюдо боюнча дүйнө чемпионатынын жыйынтыгына жараша байгелүү орундарды ээлеп, арбын упай топтогон спортчуларга да жолдомо ыйгарылып калышы ыктымал. Спорттун башка түрлөрүнөн дагы Эл аралык федерациялардын квотасы боюнча жолдомолор берилиши мүмкүн.

Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министрлиги “Париж олимпиадасына 30 жолдомо алабыз” дешип, мурда маалымат беришкен.

Парижде алтын байге болобу?

ЖӨӨ КҮЛҮК ИЛЬЯ ТЯПКИН ПАРИЖ ОЛИМПИАДАСЫНА БАРБАЙТЭгемен өлкө болгону 1996-жылкы Атланта олимпиадасынан бери жайкы олимпиада оюндарына кыргызстандык 180дей спортчу катышканы менен бирөө дагы алтын медаль утуп алыша элек. Болгону 3 күмүш, 4 коло байге утуп алышкан. Алардын баары балбандар болуп саналат. Атап айтсак, балбандар Канат Бегалиев, Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынса, Айдың Смагулов, Руслан Түмөнбаев, Базар Базаргуриев жана Мээрим Жуманазарова коло байгелүү болушкан.

Быйыл  Париж олимпиадасында балбандар алтын байгенин эсебин ачат деген күйөрмандардын үмүтү бар.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер