ӨЗГӨЧӨ МУКТАЖДЫГЫ БАР БАЛДАРДЫ ИНТЕГРАЦИЯЛОО
- 21.11.2024
- 0
Токмок шаарынын №5 мектебинде “Билим алууда өзгөчө муктаждыгы бар балдарды интеграциялоо жана насаатчылык” аталышындагы эки күндүк тренинг өттү.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Чүй №1, Токмок шаарынын №13, №14 жана Аламүдүн районунан Б.Бейшеналиева метебинин педагогдору активдүү катышты. Тренингдин максаттары — адаптацияланууда кыйынчылык жаралып жаткан балдарды билим берүү процессине интеграциялоого көмөктөшүү, инклюзивдүү жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү, балдарга эмоционалдык колдоо көрсөтүү, стрессти башкаруу жана өзгөчө билим муктаждыктарын эске алуу аркылуу толеранттуулукту жана эмпатияны өрчүтүү.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер