ӨЗБЕКСТАН ИЛИМПОЗУ ОШТУДА

  • 21.02.2025
  • 0

Өзбекстандагы Навои мамлекеттик тоо-кен иштери жана технологиялар университетинин илимпозу Ош технологиялык университетинде лекция окуду. Бул тууралуу ОшТУнун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Өзбекстандын Навои тоо-кен иштери жана технологиялар университетинин химиялык-металлургия факультетинин деканы т.и.д., профессор Нодиржон Абдихакимович Данияров ОшТУнун технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун геология багытында окуган студенттер менен жолугушуп, лекция окуду.

Окумуштуу бул иш сапарында аталган окуу жайдын студенттери, профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуп, мобилдүүлүк жаатында иштерди тыгыз улантуу багытында кеңири пикир алмашты.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер