САБАТТУУ САНАРИП МУГАЛИМ
- 10.07.2025
- 0
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу компьютерлер чогултулууда. Кечээ эле ата мекендик өндүрүштөгү ноутбуктарды чыгаруу жомоктой сезилсе, бүгүнкү күнү керек болсо ар бир мугалим жеке ноутбуктар менен камсыз болуунун алдында турат. «Алтын Казык» аталышындагы ноутбуктардын биринчи партиясы – 10миңи чогултулуп бүтүп, жакынкы күндөрү өз ээлерин табат.

Ата мекендик ноутбуктар ушул жылдын 23-январында Каракол шаарындагы 204 STEM предметтеринин мугалимдерине аппробациялык шартта колдонулууга берилген. Маселен, Каракол шаарындагы №11 мектебинин 22 мугалими нотбуктарга ээ болгон. Алардын бири — окуу жайдын окуу-тарбия боюнча директордун орун басары, информатика мугалими Айбек Асанбеков. Ал “Санарип кампа” платформасы физика, химия, математика, биология мугалимдери үчүн пайдалуулугун баса белгиледи.
- STEM мугалимдерине чоң жардам болду. “Санарип кампанын” ичиндеги материалдар программага дал келип, ошолор менен сабак өтүп жатышты. Информатиктерге тиешелүү маалыматтар жок болгондуктан, өзүмө керектүү тиркеме, платформа, драйверлерди өзүм көчүрүп алдым, — дейт.

Албетте, ноутбуктар Кыргызстанда алгачкы ирет чогултулган соң айрым кемчиликтер да орун алды. Ата мекендик ноутбуктарды колдонгон мугалимдердин басымдуу бөлүгү анын кубаттуулугунун начардыгын, улам сыр сөздү жаңыртып туруу керектигин айтышкан.
- Мугалимдер арасында сурамжылоо жүргүзүп, кемчиликтери менен артыкчылыктарын сурап, жардам керек учурда колдоо көрсөтүп, мындай тыянакка келдик. Мисалы, ноутбукту бир ай иштеткен соң сыр сөздү кайра жаңыртуу керек экен. Биз, информатик мугалимдер го мындай нерселерди билебиз, бирок жашы улуу мугалимдер сыр сөздөрүн унутуп, кыйналып калышат экен. Анан да ноутбуктардын кубаттуулугунун колдонулушу ар кандай. Мага бөлүнгөн ноутбуктун кубаты бир саатка жетсе, башкалардыкы бир жарым саатка чейин чыдап жатты. Күнүнө алты сабак болсо, ошого жараша жок дегенде үч саатка чейин жетсе жакшы болмок, — деген ойдо Айбек Асанбеков.
“Алтын Казык” ноутбуктарын чогулткан КМТУнун алдындагы “Технопарк” ишканасы бул кемчиликтерди эске алуу менен 10миң ноутбукту даярдап бүттү. Агартуу министрлиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде ишкана дагы 27031 ноутбук чогултуп берет. Калган бөлүгү июль айында чогултулуп, жаңы окуу жылына чейин бардык мугалимдер заманбап ноутбуктар менен камсыз болору айтылат.
Заманбап мугалим-заман талабы
Z муундун балдары айрым мугалимдерге караганда техниканын тилин жакшыраак билген учурлар кездешет. Ошондуктан мугалимдин заманбап сабак өтүүнүн ыкмасын билүүсү учур талабы, ансыз мектепте заманбап билим берүүнү элестетүү кыйын.

Кырк жылдан бери Талас районундагы Жумагул уулу Алымкул атындагы мектебинде англис тилинен сабак берип келе жаткан Динара Султанова жаштардан кем калбай, күн сайын сабак өтүүнүн жаңы ыкмасын үйрөнгөн мыкты педагог. Ал бири гана мугалим эмес, англис тили боюнча мугалимдерге тренер, мындан сырткары окуучуларды “Aксес” программасы менен окутат. Өзү курактуу мугалимдерден айырмаланып, заманбап технологиянын тилин жакшы билет.
- Азыркы заманбап технологиялар менен достошконго аракет кылам. Айрымдарын жаштардан же балдарымдан үйрөнсөм, көбүн Инстаграмм, Ютуб, Facebook баракчаларынан карайм. Электрондук журнал, электрондук күндөлүк киргизилип жатпайбы, мына ошолорду өзүм курактуу мугалимдер кантип колдонобуз деп айтышса, мен эч качан “билбейм” дегим келбейт. Албетте, мага деле кыйын болот. Бирок жаңы нерсени көрүп, өздөштүргүм келсе, ар бир кадамды жазып алып, улам кайталап үйрөнөм, ошондо эсимден чыкпайт. Дайыма ушул ыкманы карманып, кесиптештериме да сунуштап келем, — дейт Динара Султанова.
Ошондой эле интернет өнүккөн заманда ар кайсы курстарга барып кажаражт сарптоонун кажети жок экендигин, бардык маалыматтар интернет булактарында толуп жатканын айткан мугалим жасалма интеллекттеги GammaApp, Twee, Magic School, Canva, Word Wall Gemini, Chatgpt жана башка платформаларды да өз алдынча өздөштүргөн.
- Иштейм, өнүгөм деген кишиге толтура даяр платформалар бар. Өзүм деле билбегенимди Ютуб, Google тиркемелеринен карап отуруп үйрөндүм. Кээде балдарымдан сурайм. Азыр жасалма интеллектти өздөштүрүүнүн үстүндөмүн. Англис тилчиге ошол технологиялар жакын болуш керек, жасалма интеллекттин көп баракчаларында бармын. Биздин мектепте ондон ашык жашы улуу мугалимдер барбыз, аларга салыштырмалуу азыркы технологияларды бир топ эле жакшы өздөштүрүп калдым, — дейт мугалим.
Мугалимдер үчүн «Устат» платформасы киргизилди
Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту мугалимдерге колдоо көрсөтүү максатында «Устат» платформасын ишке киргизүүдө. Платформа мугалимдердин билим деңгээлин үзгүлтүксүз жогорулатып туруу максатын көздөйт. Ар бир окутуучу өзүнө ылайык темаларды тандап, өз алдынча окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. «Устат» платформасы бүгүнкү күндүн билим берүү муктаждыктарына жооп берген эффективдүү санариптик каражат болуусу күтүлүүдө.
Ошондой эле «Санариптик сабаттуулук» аталышындагы жаңы онлайн курс даярдалып, https://ustat.edu.gov.kg/ электрондук окуу порталына жайгаштырылды.
Аталган курс бүгүнкү күндүн муктаждыктарына жана заманбап талаптарына толук жооп берет. Анда мугалимдерге керектүү болгон негизги санариптик көндүмдөр, инструменттер жана технологияларды өздөштүрүү каралган. Курстун мазмуну заманбап билим берүү чөйрөсүнө шайкеш иштелип чыккан.
Курс толугу менен онлайн форматта өткөрүлүп, ар бир мугалим өзүнө ыңгайлуу убакта билим алууга мүмкүнчүлүк алат. Бул өзгөчөлүк мугалимдердин иш графигине терс таасирин тийгизбей, тескерисинче, билим деңгээлин жогорулатууга ыңгайлуу шарт түзөт.
Электрондук платформа аркылуу жеткиликтүү болгон бул курс билим берүү мекемелериндеги маалыматтык технологияларды натыйжалуу колдонууга көмөктөшүп, жалпы билим берүү сапатын арттырууга багытталган.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер