“ЗАМАНБАП МУГАЛИМ” ПРОГРАММАСЫНА КАТЫШЫП, ЖАРАТМАН БОЛ

  • 27.01.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги «Teach for Kyrgyzstan – Заманбап Мугалим» программасына ачык кабыл алуу башталганын жарыялады. Аймактардагы мектептерди колдоого жана жаңы муундагы мугалим-лидерлерди даярдоого багытталган бул программага жогорку билими бар, эки жыл аймактагы мектептерде иштөөгө даяр жана балдар менен иштөөгө кызыккан жана кесиптик өнүгүүгө умтулган талапкерлер катыша алат. Катышууну каалагандар өтүнмөлөрүн 2026-жылдын 25-майына чейин тапшырууга тийиш.

Программанын шарты боюнча педагогикалык тажрыйбасы жок, бирок билим берүү тармагында иштөөгө кызыккан ар кандай кесиптин өкүлдөрү катыша алат. Катышуучулар эки жыл бою айыл жана чакан шаарлардагы мектептерде иштеп, ошол эле учурда заманбап мугалимдик жана лидерлик көндүмдөрдү өздөштүрөт.
“Teach for Kyrgyzstan — Заманбап мугалим” программасы Кыргызстанда лидер мугалимдерди даярдоонун өзүнчө бир кесипкөй платформасы болуп калды. Аны уюштурган коомдук фондунун жетекчиси Асел Бектенова “Заманбап Мугалим” программасынын учурдагы абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

“ЗАМАНБАП МУГАЛИМ” ПРОГРАММАСЫНА КАТЫШЫП, ЖАРАТМАН БОЛ

— Бул жылы жаратмандардын биринчи толкуну программаны аяктап жатат. Алар эки жыл бою Чүй облусундагы мектептерде иштеп, практикалык тажрыйба топтоп, ошол эле учурда магистратура программасын да аякташат. Учурда алар магистрдик дипломдорун жактоого даярданып жатышат.

Маанилүүсү — жаратмандардын изилдөө темалары түздөн-түз өздөрүнүн мектептеги тажрыйбасынан алынган. Алар жасалма интеллектти билим берүүдө колдонуу, билим берүүдө жаратмандарды колдоонун натыйжалуу ыкмалары, окуучулардын мотивациясын жогорулатуу, класстагы катышууну арттыруу сыяктуу заманбап жана актуалдуу темаларга изилдөө жүргүзүшүүдө, — дейт.

Teach for All эл аралык тармагынын тажрыйбасы көрсөткөндөй, программа бүткөндөн кийин да бүтүрүүчүлөр билим берүү системасында системалуу өзгөрүүлөрдү түрткөн лидер бойдон кала берет. Алар мектептерде, билим берүү саясатынын деңгээлинде, жарандык сектордо же социалдык долбоорлор аркылуу таасирин улантып, узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдү жаратышат. “Заманбап мугалим” программасынын биринчи бүтүрүүчүлөрү да дал ушул жолду улантат деген ишеним зор.

Асел Бектенованын айтымында учурда программанын алкагында 46 мугалим Чүй облусундагы 12 мектепте 8733 окуучуга билим берип жатышат. Мектептерден жана ата-энелерден алынган кайтарым байланыштардын негизинде, жаратман мугалимдер көпчүлүк балдар үчүн сүйүктүү мугалимдерге айланып, окуучулар менен ишенимге негизделген мамиле курууга жетише алды деп ынанымдуу айтууга болот.

Алар бир эле учурда өздөрүнүн билим жана тажрыйбасын кесиптештери менен бөлүшүп, жаңы ыкмаларды жайылтууга салым кошууда.

— Азыркы экинчи толкундун жаратмандары программаны 21 катышуучу менен баштап, бардыгы биринчи окуу жылын толук улантып жатышат. Бул туруктуулуктун жана ички мотивациянын жогорку деңгээлин көрсөтөт. Экинчи толкун магистратурада үйрөнгөн инструменттерди, айрыкча жасалма интеллект ассистенттерин сабактарында активдүү колдонуп жатат. Мектептерден алынган кайтарым байланыштар бул ыкмалар окуучулардын кызыгуусун жана сабакка катышуусун жогорулатып жатканын тастыктайт.

Программанын ийгилигин өлчөө үчүн биз эл аралык Panorama Education платформасын колдонобуз. Panorama — окуучулардын мотивациясын, класстагы климатты жана мугалим-окуучу ортосундагы ишенимди өлчөгөн сурамжылоо инструменти. Анын жыйынтыктарына ылайык, сурамжылоого катышкан окуучулардын 82 пайызы жаратмандар иштеген класстарда окууга болгон жогорку мотивациясын көрсөткөн. Бул жаратмандардын балдар менен иштөө ыкмалары натыйжалуу экенин далилдейт, — деген Асел айым бүгүнкү күндө үчүнчү толкунга кабыл алуу жүрүп жатканын, кимде-ким  билим берүүдө чыныгы мааниге ээ болгон иш жасоону, балдардын дараметин ачууга салым кошууну жана өзгөрүүнүн бир бөлүгү болууну кааласа, эч ойлонбой туруп жаратмандар программасына кошулууга үндөп өттү.

“ЗАМАНБАП МУГАЛИМ” ПРОГРАММАСЫНА КАТЫШЫП, ЖАРАТМАН БОЛ

Дүйнө тажрыйбасына сереп салсак, азыр билим берүүдө салтуу парадигмалардан качкан, жаңыча көз караштагы эксперименттер болуп жатканына күбө болобуз. Баарыбызды келечектеги мектеп кандай болору, заманбап мугалим кандай болууга тийиш экендиги, мугалим менен окуучунун мамилеси кандайча өзгөрүлөрү жана гаджеттерден баш көтөрбөгөн жаңы муундун өкүлдөрүнө кандай билим жугумдуу болушу мүмкүн деген ой тынчсыздандырууда.

Мугалимдин билим куржунун толтурбай, дүйнө таанымын жаңылабай туруп жаңычыл мугалимди табууга мүмкүн эмес. Андан да олуттуусу, жаңы муундун жаштары окутуунун он жылдап келаткан ыкмаларын качанкыга чейин кабыл алары белгисиз. Балким балдарды бир класска чогулткан билим берүүнүн эски моделинен баш тартуу менен, бир класска батпай тыгылган окуучулардын маселесин да чечип каларбыз, ким билет. Кадимки класстык бөлмө, мектептеги салттуу сабактар, үй тапшырмаларын аткаруунун өзү санариптешкен доордо сөзсүз өзгөрүүгө кабылары айкын иш.

Мына ошондой келечектин мектебиндеги заманбап мугалимди даярдоо вазийпасын аткарып келаткан Teach For All программасы учурда дүйнө боюнча алтымыштан ашык өлкөдө өз ишин алып барууда. Бул — социалдык-экономикалык абалына карабастан бардык балдар үчүн сапаттуу билимге жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган билим берүү уюмдарынын глобалдык тармагы. Программа университеттин таланттуу бүтүрүүчүлөрүн жана жаш адистерди кайра окутуп, мугалим жетпей жаткан мектептерге тарткан дүйнөдөгү уюмдарды бириктирет.

Программанын өнөктөштөрүнүн бири Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметовдун айтымында “Жаратман” программасына катышууну каалагандар арасында тандоо өтө кылдат жүргүзүлөт.

— Мурдагы агымына катышууну каалагандардын саны 1100дөн ашканы эсимде. Алардын ичинен тандап алууга 120дан ашык киши чакырылган эле. Натыйжада 20дан ашык киши окууга өткөнү маалым. Уюмдун негизги өзгөчөлүгү — билим берүүгө мектепти жаңы аяктагандарды эмес, турмушта өз ордун таап, лидер катары өзүн көрсөтө алган адамдарды тартат да, мугалимдикке алып келет. Алар жайкы лагерде төрт жума окуп аяктаган соң, мугалим болуп иштегенге мүмкүнчүлүк алышат. Биздеги маалыматтарга таянсак, былтыр мектепке барган жаратмандар өздөрүн лидер катары көрсөтө алышты. Алсак, ошол эле IT багытында, педагогикалык жаңы технологиялар менен иштөө, балдар менен, мугалимдер менен иш-чараларды уюштуруу багытында алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишип, өздөрүн мектеп жамаатына жакшы жагынан тааныта алган. Кээ бирлери өздөрү иштеген мектепте медиа борборлорду уюштуруп, ал аркылуу түрдүү маалыматтарды таратышып, түрдүү конкурстардын жеңүүчүлөрүнөн болушту, — дейт.

“ЗАМАНБАП МУГАЛИМ” ПРОГРАММАСЫНА КАТЫШЫП, ЖАРАТМАН БОЛ

Дүйнөнүн 62 өлкөсүндө жаңы технологияларды колдонуп иштеп жаткан жаратман мугалимдер бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, өз ийгиликтерин бөлүшүп турушат. Программанын алкагында катышуучулар Борбордук Азиядагы Эл аралык университети менен биргеликте уюштурулган акысыз магистрдик программада билим алышат. Окуу процесси гибрид форматта өтүп, онлайн сабактар офлайн сессиялар менен айкалышат. Программаны ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик үлгүдөгү диплом жана эл аралык форматтагы магистр дипломун алышат.

Катышуучуларга расмий жумушка орношуу, стипендия, тажрыйбалуу педагогдордон насаатчылык жана туруктуу методикалык колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле жеке билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга жана эл аралык Teach For All тармагына кошулууга мүмкүнчүлүк берилет.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер