ЗАМАНБАП ХОРЕОГРАФИЯНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – УЧУР ТАЛАБЫ

  • 02.04.2018
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору менен бирдикте 18-жолу “Бийдин да дили бар” аттуу устат-классты 26-30-мартка чейин өткөрдү. Бул иш-чарага өлкөбүздүн жети дубанынан 42 педагог-хореограф, музыка мугалимдери келип тажрыйба топтоп кетишти.  Устат-класстын максаты — алыскы тоолуу мектептин окуучуларына эстетикалык тарбия берүү менен айыл жергесинде хореография искусствосун өнүктүрүүнү көздөйт. Быйылкы иш-чарада улуттук бийден баштап  заманбап хореографиянын, индия бийи, жада калса роуп-скиппинг жана джамп роуп, черлидинг, чир спортторунун элементтерине чейин педагогдор үйрөнүштү.  Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга сертификат тапшырылды.

ЗАМАНБАП ХОРЕОГРАФИЯНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – УЧУР ТАЛАБЫ

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору Сабийра Челпакованын айтканына караганда, салтка айланган “Бийдин да дили бар” аттуу устат-класстын максаты – музыкалык мектептин,  жалпы билим берүү жана жогорку окуу жайлардагы музыка мугалимдерин, көркөм жетекчилерди элдик, заманбап, спорттук бийлердин негиздери менен тааныштыруу. Жылдан жылга бий үйрөнүүгө каалагандардын саны арбып баратат.

ЗАМАНБАП ХОРЕОГРАФИЯНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – УЧУР ТАЛАБЫ

— Жыл сайын жаз айынын алдында мугалимдер өздөрү биз менен байланышып, же сайтка кирип кайсы бийди, кайсы элементтерди үйрөнгүлөрү келээрин билдирип турушат. Анткени алыскы аймактардагы мектептерде кошумча билим берүү аксап келет. Ар ким өзү билгенин үйрөтүп, методикасы жок эле сабак берип жүрүшкөндөрү да жок эмес. Бизге келгендердин көбүнчөсүнүн көзү ачылып, кийинки жылы дагы келебиз деп кетишет. Хореограф жиберип, окуучуларга бий үйрөтүп берүүсүн өтүнгөн жетекчилер дагы бар. “Сейтектин” даамын татыгандан кийин, шаарга келген мугалимдер келип-кетмейинче ыраазы болушпайт. Кайсы учурда келишсе биздин эшик ачык. Жөнөкөй эле сабактарга киргизип коебуз, үйрөнүп кетсин деп. Биздин мугалимдер келгендерге кеңештерин берип, сабактарына катыштырып, акыл-насааттары менен бөлүшүп турушат, — дейт директор.

ЗАМАНБАП ХОРЕОГРАФИЯНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – УЧУР ТАЛАБЫ

Устат-класстын дагы бир максаты — Кыргызстандагы бий искусствосун көтөрүп, даңазалоо. Келген мугалимдер сабак алып, «Сейтекте» болгон жетишкендиктерди көрүп, үйрөнүп, ар ким өзүнүн регионуна барып, улантканга аракет кылып жатышат. Искусство – бул сулуу, керемет нерсе. Музыка менен кыймыл-аракетти айкалыштырып бий коюу көп эле адамдын колунан келе койбойт. Бирок ошону “жасайлы, үйрөнөлү” деп өз ыктыярлары менен келген мугалимдерге рахмат айткандан башка арга жок. Эгерде мастер-класс жаңы башталганда классикалык бийлерге басым жасалып келсе, кийин заманбап бийлер кошулуп, быйылтан баштап спорттук бийлер дагы орун алды. Анда эмесе, сөздү педагогдорго берели.

Сабийра Челпакова, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директор:

ЗАМАНБАП ХОРЕОГРАФИЯНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – УЧУР ТАЛАБЫЗАМАНБАП ХОРЕОГРАФИЯНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ – УЧУР ТАЛАБЫ

— Негизи эле биздин максат — аймактардагы топторду жогорку деңгээлге алып чыгуу. Бийди коердон мурда  музыканы иликтеп, ошол элдин бийи эмне жөнүндө экенин түшүнүп, маданиятын иликтеп анан гана бийди үйрөтүү керек экенин жылда айтабыз. Биз аларга фестивалдарга, сынактарга катышканга бардык мүмкүнчүлүктөрдү, шарттарды түзүп бергенге аракет кылып жатабыз. Анткени чет өлкөлөргө «Сейтек» борборунун бардык ансамблдери чыгып, жалаң гран-прилерди утуп келишти. Чет жакадагылар дагы биз менен байланышып, жаңы топторду жиберүүнү өтүнүшөт. Биз алыскы айылдагы топторду жакшы деңгээлге жеткиргенден кийин чыгарып жатабыз. Ошондуктан мастер-класстан жетекчилери тажабай жыл сайын келишет. Мисалы, Жалал-Абад, Ош жана Караколдогу топторду чет жакага чогуу алып чыгып, көрсөттүк. Эми азыр алар камчы салдырбай өздөрү чыга башташты. Жол көрсөтүп бердик. Экинчиден, көп педагогдордун хореография боюнча билимдери жок. Ошондуктан биз жогорку окуу жайлар менен сүйлөшүп, аларды сырттан окутканга сунуштайбыз. Ошондой эле мыкты хореографтарды Маданият жана туризм министрлигине “Маданияттын мыктысы” төш белгисине да сунуштап жатабыз. Эң башкысы, жылда мастер-класска келип жүргөн тың педагогдордун ичинен өзүбүзгө мугалим кылып алып калуудабыз. Биз педагогдордун билимин жогорулаткандан сырткары да ушундай иш-аракеттерди жүргүзүп келебиз.

Татьяна Кузнецова, КР черлидинг, чир спорт бирлигинин коомдук бирикмесинин президенти:

— Кыргызстанда төрт жылдан бери заманбап хореографияны өнүктүрүп жатабыз. Заманбап хореографияны үйрөтүү методикасы жок. Ошондуктан биз өзүбүз 1-, 2-, 3-, 4-, 5-деңгээлдеги программаны иштеп чыктык. Ал үчүн Алматыдагы «Компани» театрынын жетекчисин чакырып, андан көп тажрыйба алдык. Балдар менен иштешкенден кийин туура жана так элементтерди бериш керек. Менин тобумда 7 жаштан жогору. Биздин багыт жаңы. Андыктан балдарга эмес, хореограф педагогдорго да үйрөнүү кыйын. Устат-класста 1-деңгээлди кантип жана кайсы элементтерди бериш керек экенин үйрөттүк.

Майкл, бийчи-педагог:

— Аймактардан келген педагогдорго латиноамерикалык бийлерди үйрөтүп жатам. Албетте, жай бийлерди бийлегендер латиноамерикалык бийлерди дароо бийлеп кеталбайт. Ар бир бийди үйрөнөөрдөн мурда ал элдин тарыхын, маданиятын изилдеп, окуп чыгуу зарыл. Педагогдорго кыйын эле болуп атат. Эмдиги жылдан баштап «Сейтек» борборунда кичинекей балдарга сабак берейин деп пландаштырып жатам.

Айнура Абдрахманова, хореограф, Токтогул району:

— Быйыл сегизинчи жолу келдим. Ар бир жыл бири бирине окшобойт. Улам жаңы идеяларды, жаңы нерселерди алып кеткенге аракет кылабыз. Быйыл латиноамерикалык бийди үйрөнгөндөн сырткары, бири-бирибизден тажрыйба топтодук. Экинчи күнү «Сейтектин» кийим жайы (костюмерный) менен тааныштык. Көзүбүз ачылды. Эмне деген костюмдар, аны кантип сактап жатышат? Костюмду кантип илиш керек, эмнеден тигүү керек экен ж.б.у.с. суроолордун тегерегинде маалыматтарды алдык. Айрыкча улуттук кийимдердин түрү көп экен. Быйылкы спорт бийлери жакты.

 Роза  Анарбек кызы, педагог, Токтогул району:

—  Мастер-класска онунчу жолу келип атам. Мектепте окуп жүргөндө эле келчүмүн. Айнура апам — менин устатым. «Сейтекке» жылда жиберип, көп элементтерди үйрөнүп, балдарга сабак бергенде дагы, бийди койгондо дагы профессионалдуу берип калдым. Буюрса, сентябрь айынан баштап «Сейтектеги»  «Ариэт» тобуна мугалим болуп киргени калдым.

Элмира Абдыжапарова, педагог-хореограф:

— Балдар менен иштегениме 20 жылдын жүзү болду. Менин тобумда 200 бала бийлешет. «Сейтек» өткөргөн мастер-класска жыл сайын келип, тажрыйба топтоп кетчүмүн, быйыл биринчи жолу өзүм педагогдорго сабак берген мугалим катары келдим. Башкыр жана татар бийлерин коюуну үйрөттүм. Бул бийлер мага жагат. Кесиптештериме деле жакты, бирок элементтерин дегеле билишпейт экен, үйрөнүүдө кичине татаалдыктар  болду. Кызыгы, музыкалык билими бар, бирок хореография боюнча түшүнүгү жок мугалимдер келишиптир. Мен дагы айттым, бийди коюудан мурда башкыр, татар элдеринин маданиятын, тарыхын окуп чыгуу керек. Ошол элдин мүнөзү, абасы, суусу баары берилиши керек.

Елена Шахлинская, педагог-хореограф:

— Мен 14 жашымдан баштап бийлей баштадым. Устатым Элмира Михайловна. Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүткөндөн кийин Ош шаарына келип, Балдар борборунда иштей баштадым. 3 жаштан жогору балдар менен  иштегениме алты жылдын жүзү болду.

Айжан Мамбетова, «Асылзат» бийчилер тобунун жетекчиси, Чаткал району:

— Экинчи жолу «Сейтекке» келип, билимимди жогорулатып жатам. Бий искусствосунун айрым элементтерин үйрөндүм. «Адамдын ашы эмес, кашы болсун» дегендей, «Сейтектин» кызматкерлери баары бизди жакшы кабыл алышты. Жан дүйнөм тазаланып, байыды. Мага жакканы борбордун директору Сабийра Челпакова баштап улуттук орнамент менен кийимдерди кийишет экен. Улуттук статусту алып жүргөн борбор кыргыздын маданиятын өздөрүнөн көрсөткөнү үчүн рахмат айтам.

Назгул Ибраимова, Балдар борборунун хореографы, Нарын шаары:

—  Былтыр «Балажанга» мастер-класска келгем, бирок ал жерден  профессионалдык деңгээлде билим  алган эмесмин.  Быйыл «Сейтек» борборуна келсем, бул жерде чыныгы кесипкөйлөр иштешет экен. Мен көп нерсени билбептирмин, бул жерге келип үйрөнүп жатам. Классикалык, заманбап бийлерди үйрөндүм. Жыл сайын ушул жерге келип, тажрыйба топтоп, чет өлкөлөргө чыккан топтор бар экен. Алардын жетекчилери менен таанышып, алардан да тажрыйба алдым.

Наргиза Махамадиллаева, Кадамжай шаары, Баткен облусу:

— Кадамжайдагы Балдар борборунда бий ийрими боюнча сабак берем. Адистигим боюнча дизайнер-модельермин. Университетте окуп жүргөндө бий боюнча билим алгам. «Сейтекке» биринчи жолу келдим. Башка жерлерге деле мастер-класска барып көргөм, бирок бул жерде өзгөчө экен. Мен билбеген кыймылдарды үйрөндүм. Негизи кесипкөй хореографтардан сабак алыш  керек экен.

Жазгүл  Абдрахманова, Каракол шаары:

  • Мастер-классты аябай күтөбүз. Негизи «Сейтек» борбору билбегенибизди эле үйрөтүп койбостон, бардык жактан бизге жардам берет. Мына быйыл жогорку окуу жайга өткөнгө мени сунуштап жатышат. “Сейтек” борбору жогорку деңгээлди көрсөтө алган аймактагы топторду чет мамлекетке кошо ала чыгып, кантип өзүн алып жүрүш керек, кантип сүйлөшүш керек, кантип кийиниш керек ж.б.у.с. баарын үйрөтүп жатканы бизге абдан жагат. Мен жетектеген топ чет мамлекеттерге чыгып, бийлегенге даяр болуп калды. Кыргызстанды уят кылбайбыз деп ойлойм.

Наргиза  Ташиева, «Уста», «Дея» бий ансамблдеринин жетекчиси:

— Менин ийгилигим «Сейтек» менен байланыштуу. Ийгиликке жолду «Сейтекте» уюштурулуп келген мастер-класс иш-чарасы ачкан. Жылда келип атып, бийдин техникасын, методикасын азыркыга чейин үйрөнүп келатам. Чет мамлекетке чыкканга Сабийра Муслимовна жардам берди. Эми мени «КР маданиятынын мыктысы» төш белгисине көрсөтүп жатышыптыр, бул мага жагымдуу жаңылык болду. «Сейтек» борборунун администрациясы педагог-хореографтардын өнүгүп-өсүүсүнө чоң жардамдарды берип келатышат. Керек болсо, биздин тың окуучуларды өздөрүнө кадр кылып алып жатышат, экинчиден, чет жакага чыкканды үйрөтүшсө, үчүнчүдөн, аймакта жүрүп алалбаган сыйлыктарга көрсөтүп жатышат. Бул деген борбордун жетекчисинин көсөмдүгү деп билебиз.

Сезим Рахатова, Бишкек шаары:

— Мен эле эмес, мастер-класска келген педагог кесиптештерим дагы башкалар уюштурган мастер-класстарга барышып, эч нерсе үйрөнбөгөнүн айтышты. Мен биринчи жолу «Сейтекке» келип, көп убакытымды текке кетиргенимди түшүндүм. Бул жерде бийдин бардык элементтерин, техникасын туура үйрөтүшөт экен. Ошондуктан ар ким өз ишин кылыш керек окшойт деп калдым. Мастер-класстын аты айтып тургандай эле бийдин да дили бар экенин ушул борборго келип түшүндүм. Мурдагы жерден алган билимим менен салыштырсам, асман менен жердей экен. Башка багыттагы бийлерди үйрөнгөнгө стимул пайда болду.

Айжамал Максатбек кызы, Талас шаары:

— Биринчи жолу келдим.  Көп ката кетирип жүргөн экемин, эми ошолорду оңдой алдым. Мындан ары мастер-классты калтырбай катышканга аракет кылам. Изилденген методикаларды үйрөнүп жатам.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер