ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУНУН ЮБИЛЕЙИНЕ АРНАЛДЫ

  • 19.11.2018
  • 0

Бишкектеги №38 ОТК мектеп гимназиясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына жана залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Тил жана Айтматов” үч айлыгынын планынын негизинде “Залкардын залкар жазуучусу Ч.Айтматов” аттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты – мамлекеттик тилди өнүктүрүү, мамлекеттик тилдин сатусун көтөрүү, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жарыялаган “Эне тил жана Айтматов” үч айлыгынын жобосун ишке ашыруу, Ч.Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүү, анын чыгармаларын жайылтуу, залкар жазуучунун өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу жана улуттук баалуулуктарды, рухий дөөлөттөрдү жана маданий-тарыхый мурастарды даңазалоо болду.

Бул иш-чарага Роза Айтматова, КР ЖК депутаты Бактыбек Турусбеков, Бишкек шаарынын вице-мэри Асель Куламбаева, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Аида Ишеналиева, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элвира Ниязбекова, Свердлов районунун акими Салмоорбек Болотбеков, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын адистери, Свердлов районунун билим берүү борборунун директору Анара Абдылдаева ж.б. катышып, улуу жазуучунун өмүр баяны, чыгармалары тууралуу кеңири маек курушту.

Бул иш-чарага жазуучунун карындашы Роза Төрөкуловнанын катышканы, келген меймандар, айрыкча окуучулар үчүн зор табылга болду. Алар жазуучунун бала чагы жөнүндө, мурда айтылып-айтылбай жүргөн кызыктуу жагдайлар, чыгармалары ж.б. суроолорду узатышып, жоопторду алышты.

А.Кашыбаева,

“Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер