ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУГА АРНАЛДЫ

  • 12.12.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 7-октябрындагы «Ч.Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү» Жарлыгын жүзөгө ашыруу жана 12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы N6 жалпы орто билим берүү мектебинде таасирдүү иш-чаралар өткөрүлдү.

ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУГА АРНАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 7-октябрындагы «Ч.Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү» Жарлыгын жүзөгө ашыруу жана 12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы N6 жалпы орто билим берүү мектебинде ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү. Тактап айтканда кыргыз тили жана адабияты мугалими Урустемова Айнура 11-класстары менен биргеликте даярдаган «Аалам алпы Чыңгыз Айтматов 97 жашта» адабий -музыкалык кече, Мырсалиева Уулбү жана Атаканов Узен тарабынан 10-класстар арасында «Ойлон, изде, тап» аттуу сынак уюштурулуп, алар жогорку деңгээлде өттү. Катышуучу мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар тарабынан ыраазычылыктар билдирилди. Адабий-музыкалык кечеде кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы чагылдырылса, сынакта Улуттук адабиятыбызда опол тоодой орду бар акын-жазуучулардын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча суроо, тапшырмалар берилип, жооптор алынды. Окуучулардын көркөм адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу багытында өткөрүлгөн иш-чаралар өз максатына жетти.

 

Узен АТАКАНОВ, Аксы району. Надыр Мамбетов атындагы орто мектептин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер