ӨЗ АРА САБАККА КАТЫШУУНУН ЗАРЫЛДЫГЫ

  • 17.03.2021
  • 0

Окуучуларга терең билим берүү — кайсыл мезгил болбосун, өз учурунун негизги талабы. Аны ишке ашыруучу негизги фигура, албетте, мугалим.

ӨЗ АРА САБАККА КАТЫШУУНУН ЗАРЫЛДЫГЫ

Бүгүнкү күндө мугалимдерге да бир топ орчундуу талаптар коюлуу менен, бекем ишеним артылууда. Ошол талаптардын негизгилеринин бири — өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө такай аракеттенүү менен  усулдук чеберчилигин арттыруу, жаңы жана натыйжалуу ыкмаларды өздөштүрүү. Азыр илим менен техниканын заманы эмеспи. Мугалимдердин санариптик технологияны жакшы өздөштүрүүсү аркылуу ар түрдүү онлайн курстарга, вебинарларга катышуу менен сабак өтүүнүн заманбап ыкмаларын үйрөнүүгө толук шарты бар. Бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги да  өз деңгээлинде мугалимдер үчүн жакшы жардамдарды көрсөтүп келүүдө.
Мен кеп козгоюн деп жаткан өз ара сабакка катышуунун да мугалимдердин усулдук чеберчилигин арттырууда мааниси зор. Бир эле усулду ар ким ар түрдүүчө колдонот жана анын натыйжалуулугу да ар башка болушу мүмкүн. Ал тургай бир эле мугалим ошол эле усулду эки башка класста колдонгон мезгилде да, натыйжа ар түрдүү болушу ыктымал. Бул класстын деңгээлине да байланыштуу болот деп ойлойм. Өз ара сабакка катышкан учурда мугалимдер колдонулган ыкмаларга анализ берүү менен сунуштарын айта алышат. Ошол эле учурда анын кандай натыйжа бергенине да токтолуу абзел. Сабак өтүп жаткан мугалим ошол сабакта колдонуучу методдору тууралуу да айта кетүүсү ашыктык кылбайт. Мисалы: салттуу, аңгемелешүү, интерактивдүү, талкуу, текшерүү жана башка методдорду колдонуп жаткандыктарын айтуусу сабакка катышып жаткан жаш мугалимдер үчүн абдан пайдалуу болот.
Сабакты талдоонун өзү да татаал иш деп ойлойм. Анткени сабакка анализ берүү менен биз жаш мугалимди мыкты мугалим кылып тарбиялашыбыз да, же тескерисинче бузуп алышыбыз да мүмкүн. Сабактын сапаты мугалимдин эмнени билгендигин эмес, ал өз билимин, усулдарды канчалык денгээлде жана натыйжалуу колдоно алгандыгында болот. Мугалимдин чеберчилиги өзүнүн жана башкалардын каталарын анализдей билүүсүндө ишке ашырылат. Өз ишин жана сабагын дайыма өркүндөтүүнүн үстүндө болгон жаш мугалимдин мыкты адис болуп калышына мүмкүндүк түзүлөт эмеспи. Буга кесиптештеринин сабактарына катышуу менен сабакка анализ берүүсү жакшы өбөлгө түзөт.
Мугалимдердин сабакка көп катышуусу окуучулар үчүн да бир топ жакшы натыйжаларды берет. Анткени сабакка мугалимдер канчалык көп катышса, окуучуларда сүрдөө, башкалардын алдында билгенин да айта албай мукактануу адаттары акырындап олтуруп жок болору мектептик тажрыйбалардан көрүнүп жүрөт. Бул айрыкча төртүнчү класстардын окуучулары үчүн пайдалуу деп ойлойм. Алар 5-класска өткөн соң ар башка предметтен ар башка мугалимдерге көнгүчөктү бир топ убакыт өтөт да, айрым окуучулардын билим деңгээли төмөндөшү мүмкүн.
Кыскартып айтканда, өз ара сабакка катышуу дептер толтуруу үчүн, жетекчилик же болбосо текшерүүчү үчүн болбостон, максаттуу болушу зарыл. Кесиптештеримди да мен ошого чакырамын.

Абдыкеримова Нурия,
Аксы районундаг Т.Үмөталиев атындагы №35 жалпы орто билим берүүчү мектептин башталгыч класстар мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер