ЫЙЫК БУЛАК СООЛУБАЙТ

  • 04.11.2022
  • 0

Кээде бир турмуштун майда-барат нерселерге көз жумуп, өзүң менен өзүң болгуң келген кезде  айылдын этек жагындагы булактын көзүнө барып, бир далайга отурууну адат кылып алмайым бар.  Жер эненин тээ түпкүрүнөн жол таап агып чыгып, адам жашоосунун ыйыктыгына айланган касиеттүү булак суусунан ууртап, жүзүмдү  чайып жатып, өзүм төрөлүп, өсүп-өнгөн Тосор айылым  тууралуу, ушул айылдан чыккан улуу акын Омор Султанов жана философ, акын агабыз Асылбай Ибраев жөнүндө макала жазууга белсендим.

ЫЙЫК БУЛАК СООЛУБАЙТ

Омор Султанов

ЫЙЫК БУЛАК СООЛУБАЙТ

Асылбай Ибраев

ЗАЛКАР АКЫНДЫ ЭСКЕРҮҮ

Ушул булак менин бала кезимден бери тынбай жайкысын муздак, кышкысын жылуу болуп, мөлтүрөп агып келүүдө. Балким, андан мурун да аккандыр. Биздин айылдын ичүүчү суусунун көбү да булактын суусу дешет, демек, менин Тосор айылымдын өсүп-өнүгүшүнө, чыгаан инсандардын чыгышына айылдын ыйык булактарынын суусу себепкер болуп жүрбөсүн. Киндик каным тамып, төрөлүп, өсүп-өнгөн кичи мекеним Тосор айылым касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан. Тосорлук болуп калганыма абдан сыймыктанам. Себеби, тоо десең, тоосу жакын, көл десең, көлү жакын.

ЫЙЫК БУЛАК СООЛУБАЙТ

Мугалимдер сахнада

Ыйык булактар соолубаган сыяктуу биздин айылдан чыккан баатырлардын жолун, аккан арыгын улап, 1935-жылы 6-ноябрда ааламды жарык кылып, Кыргыз элине, кичи мекени Тосор элине кут даарыган уул келген. Ал болочоктогу улуу акын Омор Султанов эле. Атасы Султан согуштан кайтпай калып, энеси Сайра көкүрөк оорусунан өлүп, кичинесинде жетим калып, башынан оор турмуш өткөргөн акын бул жөнүндө:

Жетим калдым, мен күнөөлүү эмесмин,

Жеңиш менен энелүүгө теңештим.

Окуп өстүм алып мектеп таалимин,

Китеп болду акыл сурар кеңешчим,

— деп жазганы бар.

Поэзия дүйнөсүнө жаңылык киргизген акындын кыйынчылык менен өткөргөн балалык кези келечектеги улуу акындын чыга келишине таасирин тийгизбей койгон эмес. Айылдын суусубу же топурагыбы, кичи мекенинин таасириненби, өзү жүргөн жайлоонун абасынанбы, же шагыл жүгүрүп ойногон көчөсүнөнбү, ким билсин, кайталангыс таамай таберигин кудайым жакшы эле ыроолоптур. Ошол себептен көкүрөк кере жетимдин балалыгы, мекеним, туулуп-өскөн жерим деп ырларын жазган. Айрыкча акындын «Кыйылып турам» деген ырында:

Жылкы айдап үрөң-бараңдан,

Жылганы көздөй бастырсам.

Жайлоонун салкын абасы,

Эркелей согуп астыртан.

Көңүлгө сиңген гүл жыты ай,

Көркөмү менен мас кылган,

— деген саптарын билбеген кыргыз болбосо керек. Бул ырдан Тосор айылымдын абасы, суусу, ажайып жаратылышы, балалыгы көз алдыга даана тартылып, обондун ыргагында каалгый түшөсүң. Мына ушундай мыкты инсан, жердешибиз, улуу акын Омор Султанов 86 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышты. Кыргыз эли үчүн, кичи мекени Тосор эли үчүн бул чоң жоготуу. Ичибизден кан өтүп, жүрөгүбүз ооруп турат.

Мен бүгүн баарын таштап кетсем бекен?

Айылга тынчылыкка тунуп жаткан.

Келечек сууларымды кечсем экен,

Кашкайып кайгысы жок тунук аккан.

Кыпкызыл кызыгуулар ойдо жүргөн,

Жер жайнап кала берди көк шиберде.

Мунумдан сен эч качан кылба күнөм,

Мен дайым бакыт каалайм кишилерге.

Мен бүгүн баарын таштап кетсем бекен,
— деп жатып, акын өттү бул дүйнөдөн.

Даңканыңан чаң чыгып, таскагың таамай тийип, ат үстүнөн анда-санда көрүнгөндөргө окшобой, адабият айылына жаңы аалам тартууладыңыз эле. Жазылбаган чыгармаларыңыз калды. Жаратман, ойчул, мыкты инсан элеңиз, өзүңүздү жоктоп кыл калемиңиз калды.Опол-тоодой ат көтөргүс эмгегиңизди эмнеге теңейбиз? Ошону ойлоп кечээ жакында Кыргыз Республикасынын эл акыны Омор Султановдун жаркын элесине арналган кичи мекени Тосор айылында Тосор айылдык китепканасы, Тосор жалпы орто билим берүү мектебинин жамааты менен биргеликте даярдалган «Омор Султанов – кыргыз поэзиясынын классик акыны» деген темадагы эскерүү кечесин жогорку деңгээлде өткөрдүк. Кечеде акындын төрөлүшү, жетимдин бала чагы, согуштун оор күндөрүн сахналаштырып мектептин мугалимдери эң сонун аткарып беришти. Окуучулар, мугалим агай-эжейлер тарабынан акындын ар кыл темадагы ырлары да көркөм айтылды. Залда акындын китептери, буклеттер, сүрөттөр, дубал газеталар коюлуп, келген меймандар акын тууралуу көп маалыматтарды биле алышты. Кеченин акырында меймандар тарабынан жылуу сөздөр айтылып, мектеп жамаатына ыраазычылык билдиришти.

АСЫЛБАЙ АГАЙДЫН ЖАН ДҮЙНӨСҮ КЕРЕМЕТ

Мына ушундай ыйык башаттардын жолун улап келе жаткан дагы бир философ жана акын агайыбыз Асылбай Ибраев жөнүндө сөз учугун улагым келди.

Филология илимдеринин кандидаты, Чүй университетинин профессору, И.Арабаев жана Эл аралык Ата-Түрк-Ала-Тоо университетинин ардактуу профессору, «Махабат ааламы», «Нуска сөздөр», «Тазалыктын миң сыры» «Тазалык философиясы», «Жан дүйнө» аттуу поэтикалык, илимий, драмалык, публицистикалык жана философиялык топтомдордун автору А.Ибраев агайыбыз Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында 1942-жылы кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. КМУнун чет тилдер факультетиндеги англис тили бөлүмүнүн 1965-жылкы бүтүрүүчүсү. Жыйырма жыл Ош пединститутунда англис тилинен окутуучу, кафедра башчысы болуп иштеген. Башынан илимдеги жана көркөм табиттеги терең мазмундуу маселелерге маани берип, алардын сырын табигый, руханий жана философиялык өңүткөн ачышка бел байлаган.

Котормо кафедрасынын бүтүрүүчүсү Наргиза Балбаевнанын «Асылбай агайдын портретине бир сүртүм» деген макаласында агай тууралуу мындайча берилген: Агайдын чыгармалары жер шарынын бир сызыгында катар жайгашып калган майда аралдарга окшоп, өз-өзүнчө баш аяктуу бүткөн чакан дүйнөлөр. Агай профессионалдуулугу менен гана таң калтырбастан, өзүнүн ыр жазуу талантынын таң калаарлыктай күчтүүлүгүн көрсөтөт. Жер-көктүн ортосунда куштай эркин чабыттап, он сегиз миң ааламды оодарыштырып, дүйнөнү колуна тегерете кармап тургандай ыр чыгарат, — деп жазат. Чынында эле Асылбай агайдын ыр саптарында өзгөчө ойлор, башкача ой-жүгүртүүлөр бар.

Ал эми филология илимдеринин кандидаты, доцент Нургүл Өмүрзакова «Махабат ааламы» деп аталган ыр жыйнагы тууралуу төмөндөгүдөй пикирлерин билдирген: Асылбай Ибраевичти буга чейин университетте англис тилинен окутуп, өтө жоопкерчиликтүү, студенттерге билимин берип, тарбиялаган, талыкпаган педагог катары билсек, бул жыйнагынан улам агайды махабаттын жарчысы катары билсек болот.

Асылбай агай өзүн акынмын деп эсептебесе да, жан дүйнөсүндөгү сезимдерин ырга салган. Бала кезинде эле поэзия дүйнөсүнө кайрылган. Ошондой эле орус, англис тилин жакшы билиши дүйнөлүк поэзиянын үлгүлөрү менен таанышууга жол ачкан. Агай котормо менен алектенди. Англис акыны У.Шекспирдин сонеттерин которуу менен чыгармачылык азык алганы байкалат.

Сен дүйнөмдү ушунчалык ачыпсың,

Сезимиме катуу бүлүк салыпсың,

Сени коюп борборума өзүмдүн,

Турса экен деп толтосунда көңүлдүн.

Махабат ушунчалык таттуу белем,

Ээ бербейт кыян суудай катуу келген.

Сезимдер кайыгында дарыланып,

Кыялымда уктатып эркелетем.

«Сүйүүмдү ырдай берем» аттуу ырындагы жогорудагы ыр саптарынан акындын жан дүйнөсүнүн аруулугу, адамдык сапатынын тазалыгы, философиясы даана көрүнөт.

Макаламды Наргиза Балбаевнанын төмөндөгү таамай айтылган омоктуу ойлору менен аяктагым келет: «Агайыбыз — бул жарык дүйнөгө жаралган кайталангыс талант. Акындын дагы бизге жете элек, айтыла элек сөзү, жазыла элек ыр саптары бар. Анткени агайыбыздын тээ тереңде уюп жаткан таланты, жарыкка чыга элек ыр саптары жатат. Тээ тереңде уюп жаткан анын таланты дагы өсүп-өнүгүүгө, канат күүлөп учууга жөндөмдүү. Ошондуктан Асылбай агайды гений десек болот, себеби бул агай бирөөдөн, башкача айтканда, башкалардан бир нерсеси менен артыкчылык кылат. Менин ишенимимде сиз, бул дүйнөгө таланттуу жаралган, өзүнчө жаткан, түгөнгүс кенчсиз».

Тосор жалпы орто билим берүү мектебинде үстүбүздөгү жылы Асылбай Ибраевдин чыгармачылыгына арналган «Асылбай агайдын жан дүйнөсү» аттуу чыгармачылык кечеси болуп өттү. Мектеп жамааты жана окуучулар менен бирге даярдалган кечеде агайдын ырлары көркөм айтылып, обондуу ырлары ырдалып, ал тууралуу жазылган ой толгоолор айтылды. Мугалимдер агай тууралуу чыгарган ырларын айтышты. Мектепте иштеп жаткан англис тили мугалимдери Шаршембиева Шайыр, Элеманова Аспира, Конокбаева Жылдыз англис тилинде ырларын окуп беришти.

Асылбай агайдын «Окулбай калган каттар» пьесасын мектептин мугалимдери, окуучулары жогорку деңгээлде аткарып беришип, көрүүчүлөрдүн купулуна толушту. Пьесадагы каармандардын ролун жаратууда информатика мугалими Темиш уулу Кенжебек, башталгыч класстын мугалими Асакеева Гульзат, тарых мугалимдери Арзыбекова Канзат, Койчуманов Кычан, англис тили мугалими Конокбаева Жылдыз жана 9-класстын окуучулары Акымбаев Кубаныч, Турганбаев Алишер, Давлятшаев Базарбай, Тейитбеков Самаркандар эң мыкты артисттик таланттарын көрсөтө алышты.

Кеченин соңунда келген меймандар агай тууралуу өз ойлорун айтып, ага чыгармачылык ийгилик, ден соолук каалашты. «Жети-Өгүз районунун ардактуу атуулу» наамын берүү сунуштары да айтылып, көпчүлүк тарабынан колдоого алынды. Ушундай кечелерди өткөрүүдө мектеп администрациясы, директору Букаров Азамат тарабынан уюштуруучулук иштер жакшы колго алынганы көрүнүп турду. Акындардын ырларын көркөм окууда Какебаева Светлана, Даркимбаева Фатима, Букарова Минара, Есембаева Гульмира, Токталиева Мээрим, ал эми обондуу ырларын аткарууда Кендирбаева Гульбара, Айтбаева Гулжан, Эшимова Бурул, Акунова Толкун, Ибраева Мээрим, Арзыбекова Канзат өздөрүнүн жигердүүлүктөрүн көрсөтүштү. Кеченин сценарийин Бакалчиева Майрам, Чыналиева Эльмира, Акунова Толкун чыгармачылык менен жазып беришти.

Айылыбыздан чыккан мына ушундай улуу адамдардын урматына арналган иш-чараларды мектеп жамааты менен өтүп жатып, мотураңдаган бөбөктөрдүн арасынан атагы алыска таанымал болгон алп таланттар өсүп чыгат деп ишеним артып, төлгө кылып ниетибизди түздөп келебиз. Ооба, ыйык башат соолубайт. «Аккан арыктан суу агат», — демекчи, Омор Султанов, Асылбай Ибраев аталарыбыздай Тосор айылыбыздан кылымдын атын даңазалаган инсандар чыгарына ишенебиз. Ылайым, булактын суусу соолубасын, анын көзү улам ачылып, оргуштап агып турсун.

Бөлүшүү

Комментарийлер