БАЛДАРГА КАРАТА ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ ИШТЕРИ КҮЧӨТҮЛДҮ
- 11.12.2024
- 0
Ысык-Көл облусунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, тарбиячылары үчүн кенже курактагы балдарга карата зомбулукту, кызматкерлердин укукка каршы жүрүм-турумун алдын алуу маселелери боюнча жыйын өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага өлкөнүн Ички иштер министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери да катышып түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Эске салсак, социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн окуялардан улам коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү аракети күчөтүлүп, жер-жерлерде биргелешкен профилактикалык иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.
Бөлүшүү
Комментарийлер