ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ РЕМОНТТОЛДУ
- 19.10.2021
- 0
Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун имаратына көп жылдан бери капиталдык оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Эми институттун директору Максат Курманалиевдин демилгеси менен ремонттолду.
Маалыматка ылайык, директор керектүү иш кагаздарды чогултуп, тиешелүү жерлерге кайрылуунун негизинде Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 3 150 000 сом бөлүнүп, 2021-жылдын апрель айынан баштап имараттын 2-кабаты толугу менен, 1-кабаттын кабинеттеринин терезелери жана негизги каалгалары алмаштырылып, имараттын сырты капиталдык оңдоо-түзөөдөн өткөрүлдү.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер