ЫСЫК-КӨЛ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

  • 15.05.2024
  • 0

2024-2025-окуу жылына бюджеттик жана келишимдик негизде 9- жана 11-класстын базасында абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт.

ЫСЫК-КӨЛ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

Окуу жайдын тарыхы

 Биздин  окуу жай   1979-жылы  Кыргыз  ССР Министрлер  Советинин  № 413 токтомуна  ылайык, Кыргыз  ССРинин  Жогорку жана атайын орто  окуу  жайлар министрлигинин   23.08.1979-жылдын №194  буйругу  менен  Рыбачье  шаарындагы Фрунзе  курулуш техникумунун  филиалы  болуп ачылган.  1986-жылы  министрликтин   №244 буйругу менен  Рыбачье курулуш техникуму болуп, өз алдынча  окуу жай катары  негизделген. Өз  учурунда   окуу  жай    өлкөнүн  ошол  мезгилдеги  өнүгүү  этабындагы  курулуш чөйрөсүндө   талап  кылынган  артыкчылыктуу адистерди даярдоо үчүн  Ысык-Көл жана  Нарын  өрөөнүндөгү  бирден  бир  көрүнүктүү мамлекеттик  орто окуу  жайлардын  бири  болуп  эсептелген. 1989-жылы окуу жайдын аталышы өзгөртүлүп  Ысык-Көл индустриалдык техникуму деп аталган.

2008-жылы  мезгилдин  талабына  ылайык  Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи болуп  аталып, бүгүнкү  мезгилге  чейин билим берүү системасында  өзүнүн ишмердүүлүгүн улантып  келе жаткандыгына  быйыл 38  жыл болду. Колледждин  аталышы  айтып  тургандай,  индустриалдык-педагогикалык  болгондуктан окуу  жайда педагогикалык  жана  техникалык  багыттагы он  адистик  боюнча  кадрларды даярдайт.

ЫСЫК-КӨЛ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИЫСЫК-КӨЛ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

Адистиктер:

  1. 050709 «Башталгыч класстарда окутуу» — күндүзгү жана сырткы окуу бөлүмү ( 9-кл. бюджет, контракт).
  2. 190701 «Автоунааларда жүк ташууну башкаруу жана уюштуруу» — күндүзгү жана сырттан
  3. 080110 «Экономика жана бухгалтердик эсеп» — күндүзгү жана сырттан
  4. 050704 «Мектепке чейинки билим берүү» — күндүзгү жана сырттан ( 9-кл. бюджет, контракт)
  5. 050721 «Дене тарбия мугалими» — күндүзгү жана сырттан
  6. 050503 «Технология» — күндүзгү (11-кл., бюджет)
  7. 260903 «Тигүү буюмдарын моделдөө, конструкциялоо жана технологиясы» — күндүзгү
  8. 100105 “Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу”- күндүзгү (бюджет, контр.).
  9. 230109 “Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо”- күндүзгү
  10. 050303 “Чет тили” күндүзгү окуу бөлүмү (Башталгыч класстардын англис тили мугалими).
  11. Кесиптик окутуу “Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу” күндүзгү (2 ж. 6 ай), квалификациясы “Өндүрүштүк окутуунун мастери-менеджер”

Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү окууну 2-3-курстан баштап И.Раззаков атындагы КМТУ, Ж.Баласагын атындагы КМУУ, И. Арабаев атындагы КМУ, Чүй университети, К.Тыныстанов атындагы ЫМУ ж.б. жогорку окуу жайларында уланта алат.

ЫСЫК-КӨЛ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИЫСЫК-КӨЛ ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ

* Мугалимдик кесипке ээ болуп чыккандар атайын иш орундары менен камсыз болушат.

* Студенттер заманбап окуу аудиториялары, жатакана, ашкана жана электрондук китепкана менен камсыз болушат.

* Бюджеттик негизде, педагогикалык багытта окуган отличник студенттерге (1440 сом), башка багыттагы студенттерге (720 сом) стипендия берилет.

* Колледжде окуп жаткан учурда жеңилдетүү менен айдоочунун күбөлүгүн да алып чыга алышат.

Ар бир адистик боюнча практикаларды өткөрүүнү окуу жай өз мойнуна алат. Мындан сырткары 3 адистик боюнча окуу-өндүрүштүк комплекстеринде жумуш ордунда окутуу жогорку деңгээлде ишке ашырылат.

Окуу мөөнөтү:

Сырттан окуу бөлүмү —  11-кл. үчүн 2 жыл  6 ай;

11-кл.үчүн күндүзгү   —    1 жыл 10 ай;

9-кл. үчүн   —                     2 жыл 10 ай;

Компьютер кабинети, спорт зал, окуу зал, электрондук китепкана, жатакана бар.

Окуу төлөмү (контракт) –15000 сом

Окууга кирүү үчүн колледж төмөнкү документтерди талап кылат:

  1. Билими жөнүндө документ (аттестат, күбөлүк) түп нуска;
  2. Паспорттун же туулгандыгы тууралу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  3. Мед.справка №086;
  4. 063 мед.картанын көчүрмөсү (9-кл.);
  5. Сүрөт 3х4 – 4 данаа.

Окуу жай кошумча билим берүү программаларын ишке ашырат.

Кыска мөөнөттөгү курстар:

  1. “Конструктор-модельер”- окуу мөөнөтү 3 ай
  2. “Персоналдык компьютерди колдонуу” — окуу мөөнөтү 2 ай
  3. “Администратор”- окуу мөөнөтү 1 ай
  4. “Экскурсовод” — окуу мөөнөтү 1 ай
  5. “Ишкердүүлүк” — окуу мөөнөтү 1 ай
  6. “ Орто жана башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндө кадрларды кайра даярдоо курсу” даярдалат. Региондогу окуу жайлардын инженер-педагогдору кайра даярдоо курсунан өтүп “Педагог” квалификациялык күбөлүккө ээ болушат — окуу мөөнөтү 6 ай, күндүзгү жана аралыктан окутуу.

2015-жылдан  бери    Азия  ѳнүктүрүү  банкы   (АӨБ ) каржылаган  долбоор менен  кызматташып, ”Кесиптик  билим берүүдѳгү көндүмдөрдү    өнүктүрүү”    секторунун программасынын  2-фазасынан  10 млн. сом   колдоого  ээ  болгонбуз. Кайрадан  ушул эле долбоордун  3-фазасында, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын орто кесиптик окуу жайлардын  арасынан тандалып, сегиз пилоттук орто окуу жайлардын катарына кирдик.  Бул  долбоор  2018-2023жж. аралыгында  Билим  берүү жана илим министрлигинин  алдында  ишке ашырылып жаткан  “Секторду  ѳнүктүрүү  программасы:  Инклюзивдик  ѳсүү  үчүн  кѳндүмдѳр”    долбоору менен  биргелешип иш жүргүзүп келебиз.

БИЗДИН ДАРЕК: Балыкчы шаары, Ж.Аманбаев көчөсү № 208,

Телефондор: (03944) 4-00-59, 4-01-39, 4-00-75

Жооптуу катчынын телефону: 4-01-63 0702 07 11 07; 0505 91 91 69

e-mail: [email protected] сайт:www.ikipk.kg

Бөлүшүү

Комментарийлер