“Ысык-Көл досторун чакырат-2024”: маданияттарды бириктирген этнокарнавал

“Ысык-Көл досторун чакырат-2024” эл аралык этнокарнавал көгүлтүр Ысык-Көлдө башталды. “Барчын” балдар спорттук ден соолукту чыңдоо борборунда өтүп жаткан иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Кыргызстандын жети дубанынан меймандар келишкен. Бир жумага созулган иш-чарада катышуучулар өзүлөрүнүн өнөрлөрүн тартуулап, мастер-класстарга катышып, чыгармачылык чеберчиликтерин арттырышат.

“Ысык-Көл досторун чакырат-2024”: маданияттарды бириктирген этнокарнавал

Катышуучулардын бири Россиянын Саха Республикасынан келген  Илья Семёновна элдик аспаптарда ойноо мастер-классында өзүлөрүнүн хомузу менен тааныштырды. Ал биздин темир комузга окшош аспап. Бул аспап менен кыргыздын комузу айкалышканда репертуар кызыктуу чыгармага айланганына таң калып, биринчи эле мастер-класс пайдалуу болгонун билдирди.

“Жети дубандан келген комузчулар жана Якутиядан келген конокторубуз менен элдик аспаптарда ойноо шыктары менен бөлүшүп, бири-бирибиз менен тажрыйба алмашып жатабыз. Якут элинин хомуз деген элдик аспабы биздин комузга үндөш болгону менен, кебетеси ооз комузга (темир комуз) окшош болот.  Хомуз менен кыргыздын комузунун айкалышында бир чыгарма даярдайлы деп чечтик. Сонун дуэт болчудай. Балдарды ойнотуп көрсөк, жыйынтыгы начар эмес. Биздин темир комуздан айырмачылыгы – до-ля-ми менен, ичке үндө ойнолот, аттын дүбүртүн, жаныбарларды туурагандыктан чыгармага кошумча үн берип, жаңы өңүттө ачып берет. Мындай мастер-класстар достук мамилени орнотуу, маданият аралык диалогду өнүктүрүү үчүн абдан пайдалуу”, – деди КР эмгек сиңирген артисти Намазбек Уралиев.

“Ысык-Көл досторун чакырат-2024”: маданияттарды бириктирген этнокарнавал

Ар кайсы өлкөлөрдүн таланттуу балдарынын жана жаштарынын чыгармачыл баарлашуусуна шарт түзүп берген “Балажан” эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борборунун директору Дария Мусина бүгүнкү өтүп жаткан иш-чара кошумча билим берүү мугалимдеринин усулдук, билим берүү, чыгармачылык иштер боюнча тажрыйба алмашууда мыкты аянтча деди.

“Ысык-Көл досторун чакырат-2024”: маданияттарды бириктирген этнокарнавал“Бул этнокарнавал 14-жолу өтүп жатат. Максаты – Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн этномаданий өзгөчөлүктөрүн изилдөө, жандандыруу жана сактоо, көркөм, музыкалык, вокалдык, хореографиялык таланттарды өнүктүрүү жана, эң негизгиси, балдардын достугун чыңдоо.

Бала өзү кырдуу балдар менен өз өлкөсүнүн баалуулугун, маданиятынын, каада-салтынын тереңдигин, маанилүүлүгүн түшүнүп, баа берүү үчүн руханий тарбия берүү. Бул жылы Казакстан, Өзбекстан, Россия, Беларусь жана Кыргызстандан 400дөн ашык балдар катышып жатат. Мастер-класстардын негизги максаты  жөн эле балдарды бийге же ырга үйрөтүп коюу эмес, кыргыз бийлерин үйрөтүү. Кандай гана аспапта болбосун, кыргыз ырларын, обондорду аткарттыруу. Муну менен кыргыз маданиятын тереңден билип алууга жардам берүү, кыргыз искусствосу менен тааныштыруу жана башка элдин маданиятын билүү. Себеби искусстводо чек жок, маданият баарын бириктирет”, – деген Дария Сапарбековна достук, тилектештик, өз ара ынтымак, түшүнүшүү бул этнокарнавалдын эң башкы чакырыктары болуп калды деп кошумчалады.

 

Кыргыз бийин үйрөнүү мастер-классында келген коноктор гана эмес, хореографтар да өзгөчөлүктөргө үйрөнүп, тажрыйба алмашып жатышат.

Ош шаардык “Келечек” балдардын чыгармачылык борборунун хореографы, Билим берүүнүн мыктысы, эл аралык класстагы бийчи Сыдыков Мурат аймактардан келген окуучулар үчүн бий өнөрүн кененирээк изилдеп, үйрөнүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн белгиледи.

Анын айтымында, мектептен сырткаркы билим берүү мекемелеринде өтүлгөн үч саат убакыт эч нерсеге жетпей калат.

“Ысык-Көл досторун чакырат-2024”: маданияттарды бириктирген этнокарнавал

“Мастер-класста окуучулар гана эмес, хореографтар өзүбүз да көп нерсени үйрөнүп жатабыз. Бул жерге Кыргызстан эле эмес, Якутия, Өзбекстан, Казакстан, Беларусь, Россиядан келген коноктор да кыргыз бийи жөнүндө түшүнүк алып, элементтерине кызыгууда. Эмнеге кыргыз бийине басым коюп жатабыз, себеби ар бир эл өз бийинде өзүн жаныбарга, жаратылыштын бир кереметине салыштырат. Мисалы, өзбектер гүлгө окшоштуруп назик бийлесе, кыргыздар маралга, ак кууга  окшоп ийкемдүү, наздуу болуп, чет элдиктер бул жаныбарды көргөндө кыргыз бийин элестетет.  Экинчиден, кыргыздын хореография искусствосу мурун эң күчтүү болчу. Ошол өнөр өлбөптүр, Кыргызстанда дагы деле ошол өзөк бар экенине ынандыруу”, – деди хореограф.

Быйылкы иш-чара Кара-Кыргыз автономдук облусунун түзүлгөнүнүн 100, Билим берүүнүн 100 жылдыгына карата өткөрүлүп жатат. Этнокарнавал 6-12-июль күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.

Эльвира Какиева, Айгерим Токтобаева, Бишкек–Ысык-Көл

Бөлүшүү

Комментарийлер