ЫСЫК-КӨЛ ДОСТОРУН ЧАКЫРАТ – 2023

  • 10.04.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин

“Ысык-Көл досторун чакырат – 2023” XIII эл аралык этно-карнавалын өткөрүү жөнүндө

БУЙРУГУ

20.02.2023-ж., №599/1

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын жана “Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Концепцияны ишке ашыруу алкагында жана балдардын глобалдык компетенцияларын калыптандыруу, жаратылыш мурастарын сактоонун маанилүүлүгүн түшүнүүсүн калыптандыруу, Кыргызстандын, КМШ жана чет өлкөлөрдүн элдеринин этномаданияттык баалуулуктарын өздөштүрүү, кайра жаңылантуу жана сактоо, маданият аралык диалогду өнүктүрүү, ар түрдүү өлкөлөрдүн таланттуу балдарынын жана жаштарынын чыгармачыл баарлашуусу, кошумча билим берүү мугалимдеринин тажрыйба алмашуусу, иштин жаңыча формасын издөө, кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн шарт түзүү максатында буйрук кылам:

  1. XIII “Ысык-Көл досторун чакырат-2023” эл аралык этно-карнавалы 2023-жылдын 6-июлунан 12-июлуна чейин өткөрүлсүн.
  2. Этно-карнавалды өткөрүү боюнча уюштуруу тобу, жобосу, катышуучулардын саны, чыгымдардын сметасы 1, 2, 3, 4-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
  3. Аймактардан келген катышуучулардын жетекчилеринин иш сапарга кеткен чыгымдары жөнөтүүчү тараптан каржылансын.
  4. Этно-карнавалды уюштуруу жана өткөрүү “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборуна (Д.С.Мусина) тапшырылсын.
  5. Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын, облустук билим берүү институттарынын, облустук усулдук билим берүү бөлүмдөрүнүн, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине:

— мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилерине этно-карнавалга балдардын катышуусун камсыз кылуу үчүн аталган буйрукту жеткиришсин.

  1. Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгына (Г.Б. Токтахунова) эл аралык этно-карнавалды өткөрүү үчүн “Балажан” Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун 2023-жылга каралган чыгымдардын эсебинен бекитилген сметанын негизинде каржылоо тапшырылсын.
  2. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө мектептеги билим берүү жана китеп чыгаруу саясаты башкармалыгына (М.Дж. Усеналиев) жүктөлсүн.

Министрдин орун басары Т.А.Ашымбаева

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын жана “Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Концепцияны ишке ашыруу алкагында өтүлүүчү “Ысык -Көл досторун чакырат-2023”
балдар чыгармачылыгынын IХ Эл аралык сынагынын
ЖОБОСУ

“Ысык-Көл досторун чакырат-2023” балдар чыгармачылыгынын IХ Эл аралык сынагын уюштуруу комитети жаш ырчыларды, бийчилерди, музыканттарды жана театр чеберлерин сынакка катышууга чакырат. Сынак XIII “Ысык-Көл досторун чакырат-2023” эл аралык этно-карнавалынын алкагында өткөрүлөт.

Сынактын уюштуруучулары:

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
  • «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору

Сынактын максаты жана милдеттери:

  • Балдардын глобалдык компетенттүүлүгүн, табигый мурасты сактоонун маанилүүлүгүн түшүнүүсүн калыптандыруу;
  • Сынакка катышуучу балдардын руханий-адеп-ахлактык аң-сезимин жана патриоттук сезимин өнүктүрүү;
  • Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн балдарынын элдик салттарды жаңылантууга, өнүктүрүүгө жана алдыга жылдырууга катышуусуна шарт түзүү;
  • Катышуучулардын, балдар жана өспүрүмдөр жамааттарынын көркөм жетекчилеринин ортосунда тажрыйба алмашууну уюштуруу.

Сынактын программалык талаптары:

Сынакка катышуучулар сөзсүз түрдө сынактык өтүнмөнү толтуруулары керек.

Сынактык өтүнмөсүз катышуучулар сынакка киргизилбейт.

Сахнага чыгуу кезеги ат калчоо менен аныкталат.

Бардык чыгармалар жатка аткарылат.

Сынактар бардык аталмалар боюнча айкын өткөрүлөт.

Сынактын калыстар тобу.

Сынактын калыстар тобунун курамы Уюштуруу комитети менен түзүлөт. Калыстар тобунун курамына: кыргыз жана чет өлкөлүк эстрада жылдыздары, балдар музыкалык мектептеринин жана балдар өнөр мектептеринин, жогорку, атайын-орто окуу жайларынын алдыңкы мугалимдери, Кыргыз Республикасынын искусствосуна Эмгек сиңирген ишмерлер кирет.

Эскертүү: Аталган иш-чарага катышуучуларды алып келген жетекчилер калыстар тобунун курамына кире албайт.

Калыстар тобу төмөнкүлөргө укуктуу:

— сынактын баш байгесин ыйгарууга;

— катышуучуларды диплом менен сыйлоого, сувенир белектерди тапшырууга;

— атайын сыйлыкты ыйгарууга;

— сынакка даярдаган жана катыштырган мыкты мугалимдерге жана өздүк көркөм чыгармачылык жетекчилерине ыраазычылык каттарды тапшырууга;

— эч кандай сыйлыктарды тапшырбоого;

— регламенттен чыккан аткарууларды токтотуп коюуга чечим чыгарууга;

— жобонун талаптарына туура келбеген аткарууларду баалабоого.

Сынактын жыйынтыгы боюнча ар бир аталмада калыстар тобу топтордун жетекчилери, мугалимдер, өздүк көркөм чыгармачылык жетекчилери үчүн аткарууларды жана сынактын жыйынтыгын талкуулоо менен “тегерек стол” өткөрөт.

Ар бир аталма боюнча калыстар тобу пикир алмашуу жана добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат.

Калыстар тобунун чечими анын мүчөлөрү кол койгон токтомго киргизилет.

Калыстар тобунун чечими сынак болгон күнү жарыяланат жана кайра каралбайт.

Уюштуруучулар “Ысык-Көл досторун чакырат-2023” балдар чыгармачылыгынын IХ эл аралык сынагынын программасынын Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат.

АталмаЖаш курактык топтор
(жаш кирет)
Программалык талаптар, баалоонун негизги чен өлчөмдөрү
Жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектептен тышкаркы уюмдардын окуучулары үчүн эстрадалык ырдоо

— жекече аткаруу

— фонограмма: минус, USB-флеш-топтоочу

— бэк-вокал киргизилбейт

9-13

14-17

Сынак бир тур менен өтүлөт.

1. Ыр Мекенге болгон сүйүү темасына арналышы керек (жашаган жерине, анын жаратылышына, адамдарына, ата-энесине жана жакындарына болгон сүйүүсү).

 

Экинчи ыр калыстардын чечими боюнча аткарылат.

2. Катышуучунун тандоосу боюнча достук жана тынчтык жөнүндө ыр (каалаган тилде).

Аткарылуучу ырлар техникалык татаалдыгы жана образдык түзүлүшү боюнча аткаруучунун жаш курагына туура келиши керек. Ырлар түрдүү мүнөздө болушу керек.

Бир ырдын жаңыруусунун жалпы узактыгы 3 мүнөткө чейин.

Сынактын ар бир катышуучусу чыгарманын сөзүнүн жана музыкасынын авторун билүүсү милдеттүү түрдө.

Чет тилиндеги ырлар аткарылган учурда калыстар тобуна ырдын текстинин котормосу басма түрүндө берилет.

Баалоонун негизи критерийлери: ырдын образдык түзүлүшүн ачып бере алган көркөм аткаруунун деңгээли; техникалык вокалдык ыкмаларга ээ болуу деңгээли; аткаруунун сахналуулугу жана маданияты; репертуардын катышуучу көрсөткөн региондун элдик каада-салтына жана аткаруучунун жаш курагына туура келиши; костюму (фольклордук элементтердин болушу сөзсүз түрдө, мүмкүн болушунча регионалдык элементтерди пайдалануу)

Эскертүү: чыгарманын авторун билбеген катышуучулар сынактык программага киргизилбейт!!! Галаконцерт үчүн ар бир аткаруучунун 1 плюс фонограммасын берүү керек. Уюштуруучулар зарыл болгон учурда пайдаланышат.

Ансамблде ырдоо

— 4-12 адамдан турган коллективдер

— концертмейстерсиз

— фонограмма минус

— USB-флеш-топтоочу

9-13

14-17

 

Конкурс бир турда өткөрүлөт.

1. Ыр Мекенге болгон сүйүү темасына арналышы керек (жашаган жерине, анын жаратылышына, адамдарына, ата-энесине жана жакындарына болгон сүйүү).

Экинчи ыр калыстардын чечими боюнча аткарылат.

2. Катышуучунун тандоосу боюнча достук жана тынчтык жөнүндө ыр (каалаган тилде).

Аткарылуучу ырлар техникалык татаалдыгы жана образдуу түзүлүшү боюнча катышуучунун жаш курагына туура келиши керек. Ырлар ар түрдүү мүнөздө болушу керек.

Ырды аткаруунун жалпы узактагы 3 мүнөткө чейин.

Ар бир катышуучу сөздөрдүн жана музыканын авторун билиш керек.

Ыр чет тилде аткарылса, ырдын которулган тексти калыстарга басма түрдө берилет.

Сөзсүз түрдөгү талап: Көп үндүү ырдоо, 2, 3 үнгө бөлүп аткаруу.

Баалоонун негизи критерийлери:

интонациянын тазалыгы; музыкалуулук; ансамблде ырдоо билгичтиги (жамааттын ансамблдик үнү); сөздөрдүн башынын жана аягынын синхрондуулугу (чебер, токтоо); ырдын гармониялык татаалдыгы (үндөрдүн саны, консонанстык же орундуу диссонанстык интервалдар).

Элдик бий

— 6ден 12ге чейин сандагы жамааттар

— концертмейстерсиз

— фонограмма,

USB-флеш-топтоочу

9-13

 

 

14-17

Сынак бир тур менен эки мезгилде өтүлөт.

Сынактык номерлер айлануу тартибинде аткарылат: 1-айлампада 1-бий, 2-айлампада 2-бий аткарылат.

1. Сөзсүз түрдөгү программа — кыргыз элдик бий же өз өлкөсүнүн элдик бийи.

2. Жамааттын тандоосу боюнча бий.

Аткаруунун жалпы узактыгы 8 мүнөткө чейин.

Эскертүү: Эки сынактык номерди бир эле курамдагы бий тобу аткарууга тийиш.

8 адамга чейинки жамаатта 13-14 жаштагы 1 адамды киргизүүгө болот, 8 адамдан ашык турган жамаатка 13-14 жаштагы 2 адамды киргизүүгө болот. Шарттарды аткарбаган учурда жамааттар жогорку топко которулат.

8 адамга чейинки жамаатта 16-17 жаштагы 1 адамды жана 13 жаштан кичүү 1 адамды киргизүүгө болот, 8 адамдан ашык турган жамаатка 16-17 жаштагы 2 адамды жана 13 жаштан кичүү 2 адамды киргизүүгө болот.

Баалоонун негизги критерийлери: аткаруу деңгээли, балетмейстердик чечимдердин өзгөчөлүгү, музыкалуулук, аткаруу техникасы, бийдин идеясын ачуу деңгээли.

 Элдик бий

— дуэт, трио, квартет

— концертмейстерсиз

— фонограмма,

USB-флеш-топтоочу

9-13

 

14-17

 

Сынак бир тур менен эки мезгилде өтүлөт.

Сынактык номерлер айлануу тартибинде аткарылат: 1-айлампада 1-бий, 2-айлампада 2-бий аткарылат.

Сөзсүз түрдөгү программа — кыргыз элдик бий же өз өлкөсүнүн элдик бийи.

2. Тандоосу боюнча бий.

Аткаруунун жалпы узактыгы 8 мүнөткө чейин.

Эскертүү: Эки сынактык номерди бир эле курамдагы бий тобу аткарууга тийиш.

Баалоонун негизги критерийлери:аткаруу деңгээли, балетмейстердик чечимдердин өзгөчөлүгү, музыкалуулук, аткаруу техникасы, бийдин идеясын ачуу деңгээли.

Элдик бий

— жеке аткаруу

— концертмейстерсиз

— фонограмма,

USB-флеш-топтоочу

9-13

14-17

Сынак бир тур менен эки мезгилде өтүлөт.

Сынактык номерлер айлануу тартибинде аткарылат: 1-айлампада 1-бий, 2-айлампада 2-бий аткарылат.

1. Кыргыз элдик бий же өз өлкөсүнүн элдик бийи.

2. Тандоосу боюнча бий.

Аткаруунун жалпы узактыгы 8 мүнөткө чейин.

Баалоонун негизги критерийлери: аткаруу деңгээли, балетмейстердик чечимдердин өзгөчөлүгү, музыкалуулук, аткаруу техникасы, бийдин идеясын ачуу деңгээли.

Ансамблдер үчүн элдик аспаптар

— 4төн 12 адамга чейинки жамааттар

— концертмейстерсиз

 

9-13

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

14-17

Сынак бир тур менен жана эки мезгилде өтүлөт.

Сөзсүз түрдөгү программа Атай Огонбаевдин «Маш ботой» чыгармасы.

Жамааттын тандоосу боюнча чыгарма.

чыгарманы аткаруунун жалпы узактыгы 6 мүнөткө чейин.

Баалоонун негизги критерийлери: аспапта ойноонун аткаруучулук көндүмдөрүн билүү; техникалык көркөмдүктүн каражаттарын билүү; артистизм, техникалык эркиндик.

Сынак бир тур менен жана эки мезгилде өтүлөт.

1. Сөзсүз түрдөгү программа — Мукаш Борбиевдин «Таң булбулу» чыгармасы.

2. Жамааттын тандоосу боюнча чыгарма.

Программаны аткаруунун жалпы узактыгы 6 мүнөткө чейин.

Баалоонун негизги критерийлери: аспапта ойноонун аткаруучулук көндүмдөрүн билүү;

техникалык көркөмдүктүн каражаттарын билүү; артистизм, техникалык эркиндик.

Жеке аткаруучулар үчүн элдик аспаптар

— жеке аткаруу

— концертмейстерсиз

 

9-13

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

14-17

Сынак бир тур менен жана эки мезгилде өтүлөт.

Сөзсүз түрдөгү программа Атай Огонбаевдин «Маш ботой» чыгармасы.

Катышуучунун тандоосу боюнча чыгарма.

чыгарманы аткаруунун жалпы узактыгы 6 мүнөткө чейин.

Баалоонун негизги критерийлери: аспапта ойноонун аткаруучулук көндүмдөрүн билүү; техникалык көркөмдүктүн каражаттарын билүү; артистизм, техникалык эркиндик.

Сынак бир тур менен жана эки мезгилде өтүлөт.

Сөзсүз түрдөгү программа Айдаралы Бейшүкүровдун «Көйрөн күү» чыгармасы

Катышуучунун тандоосу боюнча чыгарма.

Чыгарманы аткаруунун жалпы узактыгы 6 мүнөткө чейин.

Баалоонун негизги критерийлери: аспапта ойноонун аткаруучулук көндүмдөрүн билүү; техникалык көркөмдүктүн каражаттарын билүү; артистизм, техникалык эркиндик.

Фольклордукаспаптар ансамблдери

— 4төн 12 адамга чейинки жамааттар

 

Аралаш жаш курактагы балдар

9-17

Сынак бир тур менен өтүлөт.

Жамааттын тандоосу боюнча 1 чыгарма аткарылат.

Чыгарманы аткаруунун узактыгы 4 мүнөткө чейин.

Баалоонун негизги критерийлери: аспапта ойноонун аткаруучулук көндүмдөрүн билүү; техникалык көркөмдүктүн каражаттарын билүү; артистизм, техникалык эркиндик.

Театр өнөрү

— 1ден 12 адамга чейинки жамааттар

— фонограмма,

USB-флеш-топтоочу

Аралаш жаш курактагы балдар

9-17

Сынак бир тур жана эки мезгилде өткөрүлөт.

1. Сөзсүз түрдөгү программа — Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча коюу.

2. Жамааттын тандоосу боюнча чыгарма.

Ар бир чыгарманын коюулушунун узактыгы 8-10 мүнөт.

Баалоонун негизги критерийлери: актёрдук чеберчилик, кептин көркөмдүүлүгү, аткаруучулардын эмоционалдуулугу; декорация элементтеринин болушу; спектаклдин визуалдык жана үн

коштолуусу; спектаклдин өнүктүрүү жана тарбиялоо баалуулуктары; көрүүчүлөрдүн реакциясы (балдардын спектаклге кызыгуусу); репертуардын аткаруучулардын жаш-курагына туура келиши – костюмдардын болушу жана алардын коюлган чыгармага ылайык келиши; спектаклдин, аткаруулардын музыкалык коштолуусу.

Бөлүшүү

Комментарийлер