“ЫСЫК-КӨЛ ДОСТОРУН ЧАКЫРАТ-2023” ЭТНО-КАРНАВАЛЫНА 400ДӨН АШУУН БАЛА ЧОГУЛАТ
- 07.07.2023
- 0
“Чыңгыз Айтматов өзүнүн эң мыкты чыгармаларын Ысык-Көлдүн жээгинде жазган. Андыктан Ысык-Көл сиздерди сөзсүз шыктандырат деп ишенем, — деди бүгүн, 7-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Ысык-Көл досторун чакырат-2023” XIII Эл аралык этно-карнавалынын делегация өкүлдөрү менен жолугушууда.
Министр этно-карнавал достуктун, маданий интреграциянын, тажрыйба алмашуунун башаты болгон эң сонун долбоор экендигин белгиледи.
Этно-карнавалга катышуу үчүн 7-июлдан 12-июлга чейин Белоруссия, Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 400дөн ашуун бала чогулат.
Этно-карнавал КР Президентинин “Улуттук каада-салт жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында Билим берүү жана илим министрлиги менен “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-методикалык борбору тарабынан уюштурулууда.
Этно-карнавалдын максаты –Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн этномаданий өзгөчөлүктөрүн изилдөө, жандандыруу жана сактоо, көркөм, музыкалык, вокалдык, хореографиялык таланттарды өнүктүрүү, балдардын достугун чыңдоо.
Комментарийлер