ЫМУДА ИЛИМГЕ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
- 19.10.2022
- 0
К.Тыныстанов атындагы ЫМУда жарыяланган илим айлыгынын алкагында физика-математикалык жана табигый-техникалык факультетинин окутуучулары Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицейи менен бирдикте «Жаштар жана Кыргызстандын жашыл келечеги» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрдү.
Иш-чарага факультеттин магистратура бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Кочорова Нураим, Баннова Карина, Дамирова Элида, Болотбекова Алина жана Абдувалиева Аяна, Тилек кызы Жыпара жана лицейдин окуучулары баяндамалар жана презентацияларды жасашты. Конференциядан кийин окуучулар жана студенттер үй шартында утилизациялоого мүмкүн болгон катуу тиричилик таштандыларынан кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүн көрсөтүшүп, көргөзмөнүн жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Натыйжада 1-орунду М-21, МИ-11 гр. студенттери жана 8-а классынын окуучулары, 2-орунду Био-21гр. студенттери жана 8-г классынын окуучулары, 3-орунду 8-б жана 7-б классынын окуучулары алышты. Бардык жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланды. Жыйынтыгында Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицейи менен университеттин илим жана билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.
Комментарийлер