ЫКЧАМ КЕЗДЕШҮҮ —  АЯЛДАР МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮНҮН БИР ЖОЛУ

  • 31.10.2022
  • 0

Баткен облусунун чек арада жапа чеккен 140 аял менен мамлекеттик Коопсуздук кеңешинин секретары, Министрлер Кабинетинин орун басары, министрлер жана эл аралык өнүгүү боюнча өнөктөштөр КР эл аралык уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен  инновациялык ыкма  speed dating ( ыкчам кездешүү) иш-чарасы өттү.

ЫКЧАМ КЕЗДЕШҮҮ -  АЯЛДАР МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮНҮН БИР ЖОЛУ

“Роза Отунбаеванын демигеси” эл аралык фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева иш-чаранын башкы модератору болсо, бөлүнгөн беш топто бирден модератор, бирден тематикалык эксперт жана фасилитатор иштеди.

ЫКЧАМ КЕЗДЕШҮҮ -  АЯЛДАР МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮНҮН БИР ЖОЛУ

ЫКЧАМ КЕЗДЕШҮҮ -  АЯЛДАР МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮНҮН БИР ЖОЛУ

— Бул иш-чараны БУУнун Аялдар түзүмү жана Швейцариянын өкмөтүнүн колдоосунда өткөрдүк. Өтө оор темалар козголду. Ортомчусуз түз маалыматтар айтылып, сунуштар берилди. Элден өткөн эксперт жок. Чечим кабыл алуу органдары ар бир аялдын сунуш-пикирин угуп, кабыл алышты. Аялдар ар бир кыргызстандыкка көрсөткөн жардамдар үчүн алкышын айтып, ыраазычылык билдиришти. Андан ары каарман аялзатын “Аврора” эс алуу санаторийине алып кеттик.Төрт күн бою  өлкөнүн эң мыкты онкогинекологдору Е.Ф.Ким баш болгон, онкомаммолог Кыпчакбаева, онкоэндокринолог,  КММАнын ректору И Кудайбердиеванын колдоосу менен бекер кароодон өткөрүшөт. Эң мыкты акындарыбыз поэзия кечесин тартуулашат. “Аврора” санаторийинде бүт дарылоо, арттерапиядан өтүү менен бирге, “дизайн мышления» ыкмасы менен эң сонун жергиликтүү маанидеги иш-чараларды иштеп чыгабыз! Алар күлсө кошо күлдүк, ыйласа кошо ыйладык. Аялдар биринчи жолу Кабминдин орун басары, Коопсуздук кеңешинин секретары жана министрлер, Омбудсмен, эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү менен бетме-бет баарлашып, маселелерди чечүүнүн жолун бирге талкуулашты. Бүткөнчө бир дагы чиновник кеткен жок. Алар кыска убакытта ушунчалык көп маалыматка ээ болгондугун белгилешти. Айрыкча, билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакунов маселелерди жеринде эле чечип жатты. Өнүгүүгө, тынчтыкты бекемдөөгө, туруктуулукту камсыз кылууга бирге кадам таштайлы! – дейт Догдуркүл Кендирбаева.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер