XVII ЭЛ АРАЛЫК ЖАУТЫКОВ ОЛИМПИАДАСЫ: КЫРГЫЗСТАН 9 МЕДАЛГА ЭЭ БОЛДУ
- 18.01.2021
- 0
8-13-январда онлайн форматында математика, физика жана информатика боюнча XVII Эл аралык Жаутыков олимпиадасы болуп өттү. Аталган олимпиадада бүткүл дүйнөдөн чогулган 146 командадан 1006 окуучу катышты.
Кыргызстандын окуучулары информатикадан 6 коло медалдарга жана математикадан 3 коло медалдарга ээ болушту. Ошондой эле олимпиадалык резервтин тренерлери үчүн өзгөчө IMPACT олимпиадасы уюштурулду.
«Газпром Кыргызстан» мектебинин математика мугалими Ишматов Мамат алтын медаль менен, ал эми УК АФМШЛ 61 информатика мугалими Беляев Артем жана «Кут-Билим» окуу-тарбия комплексинин мугалими Саматов Манас мактоо грамоталары менен сыйланышты.
Математика боюнча коло медаль менен сыйлангандар:
Аты жөну | Мектеп | Тренер | |
1 | Эсенгулов Эрбол | УК АФМШЛ 61 | Ишматов Мамат |
2 | Аскербеков Тилек | Ч. Айтматов атындагы лицей | Аскаров Азамат |
3 | Апиев Эрдан | Ош “Сема” лицейи | Аскаров Азамат |
Информатика боюнча коло медаль менен сыйлангандар:
Аты жөну | Мектеп | Тренер | |
1 | Давлетов Ислам | Ч. Айтматов атындагы лицей | Урайымов Кылычбек |
2 | Дыйканбаев Талант | Ч. Айтматов атындагы лицей | Урайымов Кылычбек |
3 | Айдаров Артур | Ч. Айтматов атындагы лицей | Урайымов Кылычбек |
4 | Бейшекеев Данияр | М. Субакожоев атындагы лицей | Урайымов Кылычбек |
5 | Алмазбеков Бексултан | И. Раззаков атындагы лицей | Урайымов Кылычбек |
6 | Исмаилов Асылбек | УВК “Кут-Билим” | Саматов Манас |
Олимпиадалык резервтин тренерлери үчүн IMPACT олимпиадасында медаль менен сыйлангандар:
Аты жөну | Мектеп | Предмет | Сыйлык | |
1 | Ишматов Мамат | «Газпром Кыргызстан» | математика | Алтын медаль |
2 | Беляев Артём | УК АФМШЛ 61 | информатика | Мактоо грамотасы |
3 | Саматов Манас | “Кут-Билим” | информатика | Мактоо грамотасы |
Пандемияга байланыштуу эл аралык предметтик олимпиадалар онлайн режиминде өткөрүлүүдө. Уюштуруучулар онлайн режиминдеги видео байкоо, олимпиаданы видеого жазуу жана башка шарттарды сактоону талап кылышат. «Газпром Кыргызстан» мектеби, Ч. Айтматов атындагы лицей, УК АФМШЛ №61 жана KSMS мектептер техникалык тараптан бүт талаптарга жооп берип XVII Эл аралык Жаутыков олимпиадасын жогорку деңгээлде өткөзүүгө мүмкүнчүлүк беришти. Олимпиада эрежелерин сактоо боюнча видео байкоо режиминде эксперттер көзөмөлдөштү.
Комментарийлер