WorldSkills — кесиптик даярдыктын сапатын дүйнөлүк стандарттар менен салыштырууга мүмкүндүк
- 05.11.2024
- 0
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте өткөн улуттук форумда WorldSkills International ассоциациясы башталгыч жана орто кесиптик билим берүүдөгү даярдыктын сапатын дүйнөлүк стандарттар менен салыштырууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
Эскерте кетсек, быйыл Кыргызстанда ашпозчу, ширетүүчү, мода технологиясы адистиктери боюнча биринчи ирет Улуттук чемпионат өткөрүлүп, 19 окуучунун арасынан суурулуп чыккан: Элдар Бакиров, Абдиталипова Аяна, Жолдошбай кызы Наргиза 10-15-сентябрында Франциянын Лион шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатка катышып келди.
2023-жылы Ирландиянын Дублин шаарында өткөн WorldSkills — 2023 Башкы ассамблеясынын биринчи сессиясында Кыргызстандын мүчөлүгү расмий түрдө ратификацияланып, мүчө-өлкөсү катары кабыл алынган.
WorldSkills ассоциациясына кошулуу өзгөчө баштапкы жана орто кесиптик билим берүү деңгээлиндеги окутуунун кадыр-баркын жогорулатат.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер